Заманбап математиканы негиздеген Ислам китепканасы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Adrienne Bernhard
- Role, BBC Future
"Даанышмандык үйү" (Bayt al-Hikmah) аталган байыркы китепкананын пайдубалы дагы калган эмес. Китепкана XIII кылымда талкаланган. Анын Багдад шаарынын кайсыл аймагында жайгашканы же көрүнүшү тууралуу маалыматты табуу кыйын.
Дал ушул жайда "мусулмандык кайра жаралуу доорунда" жазылган көөнөргүс эмгектер сакталган эле. Алардын арасында заманбап математиканы түптөгөн, нөл санын дүйнөгө тартуулаган борборазиялык окумуштуу Мухаммад ибн Муса ал-Хорезминин эмгеги дагы бар болчу.
Китепкананы халиф Харун ал-Рашид VIII кылымда негиздеп, кийин ал коомдук академияга айланган. Отуз жыл бою "Даанышмандык үйү" дүйнөнүн булуң-бурчундагы окумуштууларды Багдадка тарткан илим ордосу болуп турду.
Илим менен маданияттын борбору болуп турган шаарга, өзгөчө андагы китепканага билимге суусап, сөз эркиндигин эңсеген мусулман, жөөт, христиан жана башка диндеги окумуштуулар келген. Аларга диний ишенимине карабай билим алуусуна уруксат берилген.
"Даанышмандык үйүндө" Лондондо жайгашкан Британ китепканасы, Париждеги Улуттук китепканасынан кем калбаган гуманитардык багытындагы илимий эмгектер сакталган. Анын арасында математика, астрономия, медицина, химия, география, философия, адабият жана искусство боюнча кол жазмалар бар эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Китепкананын көрүнүшү кандай болгонун билбесек деле андагы эмгектер дүйнөнү өзгөрткөнү калетсиз.
"Даанышмандык үйү" 1258-жылы Монголдор Багдадка кол салганда талкаланган. Айрым уламыштарга ылайык, китепканадагы эмгектер Тигр дарыясына ыргытылып, сыядан улам суу кара түскө айланган.
Китепкана талкаланса дагы андагы көөнөргүс эмгектер математика тилин жаратып, аны Ислам империясы, Европа жана дүйнө колдонуп жатат.
Артка кылчайып, келечекти карайлы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Чынында "Даанышмандык үйү" китепканасы кайсыл жерде курулганы маанилүү эмес. Андагы илимий ойлордун тарыхы, окумуштуулар бул ойго кантип келгени кыйла маанилүүрөөк",-дейт физика илимдеринин профессору Жим ал-Халили.
Ал эми "Даанышмандык үйүнүн" математика илимдериндеги мурасын түшүнүү үчүн артка кылчайып, келечекти карашыбыз керек.
Жүздөгөн жылдар бою Европадагы математика илимдери тууралуу сөз болгондо Леонардо да Пизанын ысымы аталып келген. Фибоначчи каймана ат менен белгилүү болгон окумуштуу 1170-жылы Пиза шаарында төрөлгөн. Италиялык математик алгачкы билимин Бугиа шаарында алган. Бул шаар аркылуу соодагерлер көп өткөн эле.
Жаш кезинде Фибоначчи Жакынкы Чыгышка барып, жаңы идеялар менен Европага кайткан. Сапарынан кайтып келген окумуштуу Liber Abbaci ("Эсептөө китеби") аттуу эмгегин жазган. Бул Батыштагы араб сандар системасын Европага тартуулаган биринчи эмгек эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Liber Abbaci 1202-жылы жазылган. Анда Европа дагы деле рим сандарын колдонуп жаткан эле. Бул система менен сандарды көбөйтүү же бөлүү абдан татаал болчу. Мисалы MXCI санын LVIIге көбөйтүп көрсөңүз!
Фибоначчи Европага оңой жолу менен арифметикалык ыкманы көрсөтүп берген. Бул система менен кирешени эсептөө, акчаны алмаштыруу, товардын салмагын эсептөө, соодалашуу сыяктуу операциялар жеңилдеген.
Италиялык окумуштуу тогуз санды жана нөлдү европалыктарга көрсөтүп, математика баарына жеткиликтүү болуп калган. Бирок Фибоначчи мусулман окумуштуулары кылымдар бою колдонуп келген эсептөө ыкмаларды, формулаларды жана алгебраны колдонгону талашсыз.
Кызыгы анын Liber Abbaci эмгегинин басымдуу бөлүгү XI кылымдагы борборазиялык окумуштуу Мухаммад ибн Муса ал-Хорезминин "Китаб ал-жабр ва-л-мукабала" ("Кошуу жана алуу тууралуу китеп") деген илимий эмгекке негизделген. Ал-Хорезминин системасы татаал теңдемелерди эсептеп чыгууга жол ачкан эле.
Улуу окумуштуунун ачылыштарынан улам, аны "алгебранын атасы" деп аташат. Алгебра деген сөздүн өзүн ал-Хорезми чыгарган эле - арабчадан "ал-жабр" - сынып калган бөлүкчөлөрдү бириктирүү деген мааниде колдонулат.
Ал-Хорезми маанилүү ачылыштарды жасаганы үчүн 821-жылы "Даанышмандык үйүнүн" жетекчиси катары дайындалган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Ал-Хорезминин ойлору мусулман дүйнөсүнө ондук сан системасын жеткирген. Ал эми Леонардо да Пиза сыяктуу окумуштуулар дал ошол системаны Европага жайылткан",-дейт окумуштуу ал-Халили.
Демек, Фибоначчинин математикадагы мурасы ал-Хорезминин эмгегине негизделген. Эки окумуштууну төрт кылым бөлүп турса дагы, аларды байыркы китепкана бириктирди.
"Даанышмандык үйү" тууралуу маалымат аз болгондуктан, айрым окумуштуулар анын масштабын жана максатын апыртса, башкалар китепкана чакан эле имарат болгонун айтышат.
"Айрымдар "Даанышмандык үйү" анчалык деле маанилүү болгон эмес деген пикирде. Бирок улуу окумуштуу ал-Хорезминин математика, астрономия жана география илимдериндеги салымын таразалап, "Даанышмандык үйү" которулган эмгектер эле эмес, чыныгы илимий академия болгон деп айтат элем",-дейт профессор ал-Халили.
Окумуштуулар жана котормочулар китепканадагы эмгектер жалпы коомчулукка жеткиликтүү болгудай шарт түзүп беришкен. Ошондой эле "Даанышмандык үйүнүн" дагы бир маанилүү салымы - бир ойдун же системанын башка элдерде оңой же туура ыкмасы болушу толук ыктымал. Ошентип Европа эсептөөнүн оңой жолун Чыгыштан үйрөнгөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Быйыл Фибоначчинин төрөлгөнүнө 850 жыл болот. Дал ушул учурда рим сан системасы жоголуу коркунучунун алдында турат. Айрым мамлекеттерде расмий документтерде рим сандарын жоюп салышты, сааттарда рим сандар колдонулбай жана Голливуд дагы кинолорунун серияларын рим сандары менен көрсөтпөй калды.
Айталы MMXX (2020) деген сандарды заманбап доордо ким колдонот? Балким келечекте Фибоначчи өзүнүн атактуу сандар ырааттуулугу менен гана белгилүү болот (биринчи эки сандын суммасы үчүнчү санга барабар: 0, 1, 1, 2, 3, 5, 8, 13, 21, 34, 55, 89, 144, 233, 377). Фибоначчи ырааттуулугу адабий китептерде, кинолордо, искусстводо, архитектурада жана дизайнда көп колдонулууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок Леонардо да Пизанын Европанын математикасына болгон салымы мектептерде окутулбай деле калды. Математикадагы бул ачылыштар миңдеген кылымдар мурун, христиан дүйнөсү интеллектуалдык караңгылыкта жашап жаткан учурда Чыгышта пайда болгону көпчүлүккө белгилүү.
Макаланын түпкү нускасын BBC Future баракчасынан окуй аласыз.













