Коронавирус: ар бир үчүнчү бейтап кайра ооруканага түшкөн

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Саламаттыкты сактоо уюму өлкөлөр ортосунда вакцина бөлүштүрүүдө дүйнө "моралдык катастрофанын" алдында турганын эскертти. Британия транспорттук байланыштарынын баарын жапты. Коронавирус пандемиясына байланышкан соңку кырдаалга токтолобуз.
Иликтөө: ар бир үчүнчү бейтап кайра ооруканага кабылууда
Британияда интенсивдүү терапия бөлүмдөрү бейтаптарга толду. Изилдөөчүлөр үйүнө чыгып кеткендердин абалы тууралуу мониторинг өткөрүүгө чакырууда. Биринчи толкун күчөгөн маалда ооруканага түшкөн британдыктардын 30 пайыздайы беш айдан кийин кайрадан жардамга муктаж болгон. Тагыраагы, ооруканага кайра түшкөн экен. Бул тууралуу Лестер университети менен Улуттук статистика кызматы биргелешип жүргүзгөн иликтөөсүндө айтылат.

Сүрөттүн булагы, AFP
Изилдөөчүлөр мурда ооруканада дарыланып чыккан 47 780 бейтапты байкоого алган. 140 күндүн ичинде кайра ооруканага кабылгандары 29,4% түздү. Ошондой эле каза тапкандар 12,3%. Айрым бейтаптардын жүрөк, диабет, боор жана бөйрөктөгү өнөкөт оорулары күчөп кеткен. Мунун өзү коронавирустан каза тапкандар көрсөткүчү азыркы сандардан көп болушу мүмкүн экенин көрсөтөт. Азыркы маалда Британияда диагноз коюлгандан кийин 28 күн аралыгында каза тапса гана коронавирустан өлгөндөр санына кошууда.
Изилдөөчүлөр коронавирустан айыккандарды ден соолугун жакшылап текшертүүгө кеңеш берди.
"Кишилер айыгып үйүнө баргандан кийин узакка созулган вирустун белгилери өөрчүп, кайрадан ооруканага түшүп, көбү каза таап калууда",-деди масштабдуу изилдөөнүн авторлорунун бири Лестер университетинин профессору Камлеш Кумли.
"Негизги тыянак биз "узак ковидге" даярданышыбыз керек. Ооруканадан чыгып кеткен бейтаптарды байкоого алуу бул өтө чоң тапшырма. Саламаттыкты сактоо кызматы болгон күчү менен иштеп жатат. Бирок ошентсе дагы мониторинг уюштуруу зарыл",-деп кошумчалады окумуштуу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Учурда Британияда эмдөөнүн биринчи дозасын алгандар төрт миллиондон ашты. Экинчи дозаны 450 миң киши алды. Ооруканада жаткандар саны 37 миңден ашуун.
ДССУ: вакцинанын бөлүштүрүүдө дүйнө моралдык катастрофанын алдында

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебрейсус Covid-19 вакцинасын бөлүштүрүү боюнча маселеге токтолуп, дүйнө моралдык- этикалык жактан чоң ката кетирүүнүн алдында турганын белгиледи. Гебрейесус вакцина туура бөлүштүрүлбөй жатканын айтып, бай мамлекеттер алгач өздөрүн ойлоп, өз жарандары үчүн вакцина сатып алганы маселени чечпейт деп кошумчалады. Бул кадам коронавирус пандемиясын узакка создуктурат деп эскертти ал. Учурда АКШ, Британия, Индия, Кытай жана Орусия коронавируска каршы вакцинаны өндүрүүдө. Бул мамлекеттер алгач өз жарандарына вакцина жеткирүү менен алек.
Гебрейсус өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө вакцинаны бекер бөлүштүрүүнү көздөгөн COVAX демилгесин талкуулаган уюмдун аткаруу кеңешинин жыйынында сүйлөдү. Бул программага катышуу ниетин 80 өлкө билдирген. Алардын ичинде Украина, Өзбекстан, Тажикистан, Эстония, Армения сыяктуу өлкөлөр бар.











