Кыргызстан: коронавирустан каза тапкандар расмий сандан көп

Коронавирустан каза тапкандар саны Кыргызстанда 1400гө чамалады

Сүрөттүн булагы, Social media

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Пандемияга карата мурунку кыргыз өкмөтүнүн даярдыгын иликтеген мекемелер аралык комиссия өз ишин жыйынтыктады. Анын ала маалыматына караганда, коронавирустан каза тапкан кыргызстандыктар саны расмий сандан алда канча көп болуп чыкты. Комиссия ошондой эле пандемияга деп келген гумжардам, акчалар ортодо уурдалган деп жатат.

Айболот вирустун биринчи толкуну күчөгөн жай айларында атасы Абдрахмандан айрылган эле. Буга чейин ал Би-Би-Сиге маек берип, каза тапкандар саны жөнүндө өзүнүн шекшинүүсү менен бөлүшкөн.

"Ошол күндөрү моргго да бардым. Ал жакта сөөк күткөндөрдүн узун кезеги болду. Ал аз келгенсип, улам каза тапкандардын алып келип жатышты. Сөөк ушунча көп болгондуктан, полдо жатышты. Өлгөндөрдүн саны расмий статистикадан эки-үч эсе көп болгондой эле сезилет. Мен өз көзүм менен көрдүм".

Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын 18-январга карата билдирүүсүндө бул вирустан каза тапкан жарандар саны 1387ге жетти.

Комиссия мүчөлөрү чынында каза тапкандар саны мындан эселеп көп экенин айтып жатышат. Расмий статистикага оорукана ичинде каза тапкандар гана кирип, бейтапканага жетпей үзүлгөн, орун жок үйүндө дарыланып көз жумгандар кирбей калган.

Айдай Жогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбековдун кызы. Ал мурунку өкмөттүн эң эле биринчи шалаакылыгы пандемияга медиктерди, ооруканаларды даярдоо сапатсыз жүргөн дейт:

"Менин атам өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратта жети сутка жатты. Ага операция жасоого туура келди. Ал операцияны жасай алган адам жеке клиникада иштейт экен. Бизге ал дарыгердин телефонун берип "ушуга чалып операция жасап бер деп көндүргүлө" дешти. Демек, саламаттыкты сактоонун жүзү болгон Улуттук госпиталда мындай керектүү адистер жок экен да...Биз жакындарын жоготкондор пандемияга даярдык көрбөгөн жетекчилердин жоопко тартылышын талап кылабыз. Марттан баштап карантинде отурганда аларда убакыт болду, финансылык ресурс болду эле даярданганга."

Коронавирустан каза тапкандар саны Кыргызстанда 18-январга карата 1400гө чамалады

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коронавирустан каза тапкандар саны Кыргызстанда 18-январга карата 1400гө чамалады

Пандемия башталганы короновируска каршы күрөшкө деп, казынадан алты миллиард сом бөлүнүп, чет элдик донорлордон 700 миллион АКШ доллар акча которулган. Финансы министрлиги тарабынан ачылган атайын эсепке элден 90 миллиондой сом түшкөн. Мындан тышкары, өлкөнүн ичиндеги ыктыярчы жана сыртта жүргөн мигранттардан да миллиондогон акчалар, гумжардамдар келген. Бирок эми азыр текшерүү башталганда алардын эсеби чыкпай жатат.

"Шалаакылык, коррупция болгон. Айрым жерлерде сырттан келген гумжардамдар ошол оорукана жетекчилиги тарабынан сатылган. Комиссия жалгыз эле Бишкек, Ош шаарларында иштеген жок, бүт аймак боюнча иш алып барды", -дейт вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева.

Буга чейин Баш прокуратура саламаттыкты сактоо тармагындагы пандемия маалындагы кызматтык жана коррупциялык мүнөздөгү 700гө чукул мыйзам бузуу фактысын аныктаган. Алардын көбү мамлекеттик сатып алуунун тартибин бузуу, мыйзамсыз тендер өткөрүү жана гумждардамды туура эмес бөлуштүрүүгө байланыштуу.

"693 мыйзам бузуу аныкталып, 369 прокурордук чара көрүү актылары киргизилди. 314 адам тартиптик жоопкерчиликке тартылып, мамлекеттин эсебине 8 миллион 331 миң сом өндүрүлдү",- деген эле Баш прокуратуранын маалымат катчысы Наргиза Куватова.

Мурдагы премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев, Кубатбек Боронов жана дагы саламаттык сактоо тармагына тиешеси бар адамдар буга чейин Каржы полициясына суракка чакырылганы маалым. Экс-министр Космосбек Чолпонбаев сентябрдан бери камакта отурат. Бирок эми мекемелер аралык комиссиянын корутундусунун негизинде дагы бир катар чиновниктердин жоопкерчилиги суралат.