Министрлер тергөөгө чакырылды: коронавирус күчөгөн маалдагы жоопкерчилик суралат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда өткөн жылы коронавирус күчөп турган маалдагы гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш козголуп, бир нече жооптуу кызматтагы кишилер суракка чакырылды.
Экономикалык кылмыштарга каршы кызматынын башчысы Сыймык Жапыкеев жүздөгөн кишинин өлүмүнө жооп бериш керек деп бир нече атка минердин атын атады.
Мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Боронов пандемиядагы жагдайларды териштирүү үчүн күбө катары тергөөгө чакырылды. Ишти Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызмат карап жатат. Бирок беренелер, иштин укуктук түрү кайсы экени азыр белгисиз.
Кызматтын башчысы Сыймык Жапыкеев жүздөгөн кишилердин өлүмүнө жооп бериш керек деген бир нече аткаминердин ысымын атаган.
"Премьер-министрлер, социалдык блокту караган вице-премьер-министрлер, эки саламаттык сактоо министри чакырылат. Анан каржы министри жооп берет. Ошол убакта акча бөлбөй койгон экен", - деген Жапыкеев бул маселе аягына чейин чыга турганын, марттан тарта күнөөлүүлөр иликтенип, күнөөсү далилденсе айрым адамдар камала турганын эскертти.

Сүрөттүн булагы, official
Дагы бир экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күбө катары суракка чакырылып, өлкөдөн чыкпоо тууралуу эскертүү алган. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова күбө катары суракка чакырылган. Пандемияда мамлекетке зыян келтирилген фактылар боюнча мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев сентябрда эки айга тергөө абагына камалып, кийин үй камагына чыгарылды. Бул кишилер коронавируска каршы күрөшүү үчүн сырттан келген гуманитардык жардам боюнча суралып жатканы айтылган. Чолпонбаев сырттан медициналык тейлөө алып келүүдө мамлекетке 65 миллион сом зыян келтиргени кабарланган.
"Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 6-ноябрдагы токтому 27-ноябрындагы чечимге ылайык өзгөртүлүптүр. Ага ылайык К.Чолпонбаевге карата бөгөт чарасы 2021-жылдын 15-январына чейин үй камагына алмаштырылыптыр. Себеби тууралуу Чолпонбаевдин өздүгү аныкталган, туруктуу жашаган жери бар, мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес дейт. Эки күндөн кийин узартууга алып келиши мүмкүн", - деди Би-Би-Сиге Биринчи май райондук сотунун өкүлү Айзада Момонова.
Андан сырткары базар баасынан кымбат сатып алынган тез жардам унаалары боюнча териштирүү уланып жатат.
"Саламаттык сактоо министрлиги, өкмөт донорлордон келген каражатты гана эмес кайрымдуулуктан чогулган элдин акчасын дагы сарптады. Ошондуктан ар бир сомдун отчету болуш керек эле. Ал канчалык адилет, ачык-айкын бөлүштүрүлдү жана натыйжасы болдубу? Көп киши каза болду. Чоң бир бөлүгү медициналык жардам ала алган жок, бир бөлүгүн туура эмес дарылашты. Бардык жумушбузда, ар дайым адамга, анын өмүрүнө артыкчылык берилиш керек", - дейт Саламаттык сактоо министрлигинде иштеп кеткен Елена Баялинова.
Алтынай Өмүрбекова менен Космосбек Чолпонбаев 31-мартта өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы сунштардан кийин кызматынан бошотулган. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун учурунда Коопсуздук кеңештин кийинки жыйындарында дагы пандемиядагы жоготууларды талкуулоо пландалып жатканы айтылган.
Байкоочулар гумжардам келип түшкөндөн тарта таратылганга чейин электрондук түрдө көрсөтүлүп туруш керек дешет.
"Министрликтин дары-дармек департаментинде гумжардамга келген медициналык жабдыктарды, дарыларды каттаган реестри бар. Бирок ал автоматтык эмес, бирден жазып киргизишет. Аны министрликтин комиссиясы бөлүштүрөт. Эгер ал автоматтык болгондо эмне келип, кайда кеткенин кайсы учурда болсо карап турмакпыз. Бирок баарын өздөрү гана билишет, жашыруун. Ал эми өлүмдөрдү каттаган базасы автоматтык. Өлүмдүн себептерин медкызматкерлер гана билет", - дейт далилдөө медицинасы боюнча эксперт Бермет Барыктабасова.
Коронавирус эпидемиясынан Кыргызстан марттан бери 1374 кишини жоготту. Алардын жакындары, 50 чакты адам өлүмдүн чыныгы себебин иликтөө үчүн биригишти. Биримдик дарыгерлердин айыбынан, туура эмес дарылоодон каза болгондор бар деп эсептешет.








