Орусия: Навальный оор абалда ооруканага кабылды

Навальный

Сүрөттүн булагы, Reuters

Орусиялык белгилүү саясатчы Алексей Навальный уулануу белгилери менен жандандыруу бөлүмүнө түштү деп кабарлады басма сөз катчысы.

Оппозициялык саясатчы бараткан учак Омск шаарына аргасыз конууга мажбур болгон. Навальныйдын басма сөз катчысы уулануу атайын уюштурулган иш болушу мүмкүн экенин айтты.

"Бүгүн эрте менен Навальный Томск шаарынан Москвага кайтып келе жаткан эле. Ал өзүн жаман сезип, учак Омск шаарына конууга аргасыз болду",-деп жазды анын басма сөз катчысы Кира Ярмыш "Твиттер" баракчасына.

Омск областук саламаттыкты сактоо расмийлери Навальный түшүп бара жаткан S7 авиакомпаниясына таандык учак аргасыз конгонун ырастады. "Тез жардам унаасы" саясатчыны шаардагы ооруканалардын бирине алып келди. Ал жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Оорукана жетекчилигине шилтеме берип, саясатчы оор абалда деп кабарлады ТАСС агенттиги.

"Омск онлайн" порталы болсо Навальный эсине келип, бирок кыйынчылык менен сүйлөп жатканын жазды. Басма сөз катчысы Навальныйдын өпкөгө жасалма дем алдыруучу аппаратта жатканын айтып жатат. "Биздин талап менен ооруканага полиция чакырышты",-деп жазды "Твитер" баракчасына. Азырынча так диагнозу белгилүү боло элек. Полиция кызматкерлери ооруканага жетип барган.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

2017-жылы Навальныйга эки жолу химиялык зат чачып кетишип, ал ооруканага түшкөн. Саясатчы коррупцияга каршы активист катары чыгып, 2011-жылы президент Путинге каршы эң ири нааразылык акциясын уюштурган. Ошондой эле 2017-жылы көз боёмочулук боюнча айыпталып, 2018-жылкы президенттик шайлоого катыша албай калган. Навальный өзүнө тагылган айыптарды "ойдон чыгарылган" деп четке каккан эле. Өткөн жылы дагы саясатчы ооруканага түшкөн. Москванын 64-шаардык ооруканасы Навальный "курч аллергиялык реакция" болгонун билдирген. Бирок саясатчы диагноздон күмөн санап жатканын айткан эле.

"Түн ортосунда мойнум, кулактарым кычышып ойгондум. Бетим шишип калганын сездим. Мени ууландырып кетишти окшойт деп ойлодум...Мурда бир да жолу аллергия болгон эмесмин. Тамакка же башка затка аллергиям жок",-деп жазган эле ошол кезде Навальный. (AbA)