Алексей Навальный: мурда аллергия болгон эмесмин

Alexei Navalny at a rally in memory of Boris Nemtsov in February 2019

Сүрөттүн булагы, Reuters

Орусиянын оппозициячыл саясатчысы Алексей Навальный "курч аллергиялык реакция" болду деген дарыгерлердин диагнозуна күмөн санап жатканын айтты.

"Түн ортосунда мойнум, кулактарым кычышып ойгондум. Бетим шишип калганын сездим. Мени ууландырып кетишти окшойт деп ойлодум...Мурда бир да жолу аллергия болгон эмесмин. Тамакка же башка затка аллергиям жок",-деп жазды Навальный.

Жекшемби күнү 43 жаштагы оппозициячыл саясатчы болжол менен саат 11 чамасында ооруканага түшкөн болчу. Москванын 64-шаардык ооруканасы Навальный "курч аллергиялык реакция" болгонун "Интерфакс" агенттигине билдирген.

Anastasia Vassilieva speaking outside Hospital #64 in Moscow

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Навальныйдын жеке дарыгери Анастасия Васильева саясатчыга "химиялык зат чачып кетишти" деп айтты

Андан бери саясатчыны ооруканадан кайрадан абакка которушкан. Навальныйдын жеке дарыгери Анастасия Васильева саясатчыга "химиялык зат чачып кетишти" деп айтып, аны "аллергиялык реакция" деп атоо акылга сыйбастык деп кошумчалады. Васильева Навальныйды ооруканадан чыгарбай, көзөмөлдөп туруу керек экенин дагы билдирди.

Оппозициячыл саясатчы болсо ооруканада анын адвокаттарына, жеке дарыгерлерине диагноз тууралуу ачык айтпай, ага жолотпой койгону боюнча блог жазды. Буга чейин Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш "Твиттер" баракчасына бейтапканада саясатчынын жеке дарыгерлерин жолотпой коюшканын жана дарыгерлер Навальныйдын жубайына диагнозду айтпай койгонун жазган.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Оппозициячыл саясатчы "Фейсбук" баракчасына жактоочуларын өткөн ишемби күнү демонстрацияга чыгууга чакырганы үчүн 24-июнда камакка алынган. Ал мыйзамсыз демонстрация уюштурууга аракеттенди деп айыпталып, отуз күнгө абакка кесилген.

27-июнда нааразылык акцияга катышкан миңден ашуун киши кармалган болчу. Демонстранттар бийлик оппозициячыл саясатчыларга бут тосуп, жергиликтүү шайлоого катыштырбоо аракетин көрүп жатат дешүүдө. Алар Москванын шаардык кеңешине көз карандысыз талапкерлер дагы катышууга укуктуу экенин айтышууда.

Видеонун түшүндүрмөсү, Полиция демонстранттарды камакка алды

2017-жылы Навальныйга эки жолу химиялык зат чачып кетишип, ал ооруканага түшкөн. Саясатчы коррупцияга каршы активист катары чыгып, 2011-жылы президент Путинге каршы эң ири нааразылык акциясын уюштурган. Ошондой эле 2017-жылы көз боёмочулук боюнча айыпталып, 2018-жылкы президенттик шайлоого катыша албай калган. Навальный айыптарды "ойдон чыгарылган" деп атаган эле. (AT)