Бейруттагы жарылуу: атайын кызмат эки апта мурун эскерткен

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ливандын атайын кызматы 2,7 миң тонна аммиак селитрасы жарылып кетсе, баш калаа Бейруттун жарымын жер менен жексен кылат деп президент менен премьерге эки апта мурун эскерткени белгилүү болду.
Жарылуудан 170 киши каза таап, алты миң киши ар кандай жаракат алды. Шаардын чоң бөлүгү бүлүндү. Окуя болгон жерге жакын жайгашкан имараттар урандыга айланган.
Экономикалык кризиске кептелген өлкөдөгү абал андан бетер оорлошту. Эми саясий кризис башталууда. Өкмөт отставкага кетип, ливандыктар болуп өткөн окуяга бийликти күнөөлөп, кыжырдануу күчөдү.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Атайын кызматтагы булактардын айтымында, аммиак селитрасы эч кандай күзөтчү жок, эшиги сынган, дубалдары көчкөн кампада сакталып турган. Бийлик портко тапшырма берип, ремонт иштерин кылууну буйруган. Жарылуу ошол ширетүү иштери жүрүп жаткан маалда болгон деген божомол бар.
Атайын кызмат жана бажы кызматкерлери кооптуу жүк тууралуу мурда эле билип, сот чечимин чыгарып, жүктү алып чыгып кетүү тууралуу эскертип келишкен. "Рейтер" агенттиги бул баяндама тууралуу биринчилерден болуп жазып чыкты.
Буга чейин Ливандын Бажы кызматынын жетекчиси билдирүү жасаган. Ал сотко бир нече ирет кайрылып, кооптуу жүктү башка жайга алып чыгып кетүүнү өтүнгөнүн айтты. Атайын кызматтын 20-июлда жолдогон катына президенттик администрациядан жана Башкы прокуратурадан жооп болгон эмес.
Экс-премьердин өкүлү болсо катты ошол эле күнү алышканын ырастап, Коргоо кеңешине жолдонгонун айтып чыкты.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ливандыктар бул трагедия үчүн бүтүндөй саясий элитаны айыптап жатат. Ондогон жылдардан бери уланып келе жаткан бийликтеги шалаакылык, коррупция, чабал кадр саясаты ушуга жеткирди дегени наарзылыктар күчөдү.
Кооптуу жүк кайдан келген

Сүрөттүн булагы, EPA/TONY VRAILAS/MARINETRAFFIC.COM
2,75 килотонна аммиак селитрасы Ливанга "Росус" (Rhosus) кемесине жүктөлүп келген. Жүк орусиялык жаран Игорь Гречушкинге таандык болгон. Ал Грузиядан Мозамбикке жеткирилмек.
Молдованын туусу алдында сүзүп жүргөн кемени 2014-жылы Бейрут портунда камакка алышкан. Кеменин мурунку капитаны Борис Прокошев журналисттерге берген маегинде Ливан бийлиги кеме кызматкерлерин кетирбей кармап турганын, ал эми Гречушкин акысын төлөбөй койгонун айтты. Бир нече айдан кийин гана кеменин командасына үйүнө кайтууга уруксат берилген. Жүктү болсо порттогу кампалардын бирине түшүрүшкөн. 2015-жылдагы соттун чечими менен кемедеги жүк кооптуу деп табылган экен.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ливандын атайын кызматы жүктү тартып келген кеме 2018-жылы 18-февралда портто сууга чөгүп кеткенин ырастаган. (AbA)










