Жикчилдерге чалма: Кытай Гонконгго көзөмөлдү күчөтөт

Сүрөттүн булагы, EPA
Кытайдын Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары Гонконгдун улуттук коопсуздугу боюнча талаштуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча резолюция кабыл алды. Бул мыйзам кабыл алына турган болсо, Кытайдын чалгын кызматтарынын Гонконг аймагында иш алып барышына жол ачылат.
Мунун алдында кытайлык басылмалар мыйзам төрт аптанын ичинде кабыл алынып август айына барып күчүнө кириши мүмкүн экенин жазып чыгышкан.
Мыйзам автономия аймагында терроризмге, жикчилдикке, чет элдик таасирге каршы күрөшүүгө Бээжинге кеңири укуктарды берет. Мыйзам кабыл алынып калса, 2019-жылдан бери бийлик менен активисттердин тиреши уланып жаткан шаардагы кырдаал радикалдуу өзгөрүшү мүмкүн.
Жаңы чаралар Түштүк-Чыгыш Азиядагы бизнес борбор саналган Гонконгдун макамына таасирин тийгизет.
Гонконг 1997-жылы 1-июлда Улуу Британиядан Кытайга өтүп, 50 жылдык мөөнөткө Кытайдын атайын административдик району макамын алган. Өзгөчө макамдагы Гонконгдун өзүнүн мыйзамдары бар. Ал мыйзамдар сөз эркиндиги, сот органдарынын көз карандысыздыгын кеилдикке алат. Мындай мыйзамдар Кытайдын өзүндө жок.

Сүрөттүн булагы, AFP
Кытайдын Эл өкүлдөр жыйынынын жылдык курултайы пандемиядан улам артка жылып келген эле. Жыйындагы негизги маселелердин бири - Гонконг боюнча мыйзам болду. Мыйзам долбоору өкмөт тарабынан сунушталган. Эми аны компартия бекитип берсе, сентябрдан күчүнө кириши мүмкүн.
Оппозиция бул мыйзам КЭР жетекчилигин сындагандарды, нааразылык жүрүшүнө чыккандарды куугунтукка алып, түрмөгө камап, эркинен ажыратууга алып келет деп кооптонууда.
Мыйзам боюнча төмөндөгүдөй кылмыш жоопкерчилиги каралган:
- жикчилдик - Кытайдан бөлүнүү тууралуу чакырыктар
- борбордук өкмөттүн жана бийликтин кадырына шек келтирүү
- терроризм
- чет элдик кийлигишүү
Ошондой эле мыйзам Гонконг аймагында өз алдынча атайын кызмат түзүүгө Бээжинге укук берет. Автономиянын администрациясы мыйзамды кубаттап жатат. Тургундардын кооптонуусуна негиз жок, мыйзам терроризм менен күрөшкө багытталган деп түшүндүрүүдө.
2019-жылы Гонконгдо кылмышка шектүүлөрдү материктеги Кытайга экстрадиция кылуу жөнүндө мыйзам долбооруна каршы айыгышкан нааразылык жүрүштөрү өтүп, бүт дүйнөнүн көңүлүн бурган. (AbA)








