Жолдун ортосунда уктаган арстандар: киши жок экенин алар жакшы түшүндү

Эртеби-кечпи жаныбарлар кайсыл аймакта киши бар-жогун сезе баштайт жана акырындап ошол жерди ээлеп алууга өтөт.

Львы

Сүрөттүн булагы, Richard Sowry/Kruger National Park

Мына ушундай көрүнүш Түштүк Африка Республикасындагы Крюгер улуттук паркында орун алды. Арстандар мурда кыймыл тынымсыз болуп турган кан жол тынчып калганын байкап, аны ээлеп алышкан. Парктын кароолчусу Ричард Соури аймакты кыдырып жүрүп, муну байкап калган.

25-марттан тарта парк дагы карантинге жабылды. Бирок кароолчу иштин улантууда.

Львы

Сүрөттүн булагы, Richard Sowry/Kruger National Park

Мурда мындай көрүнүш түн ичинде, кыймыл токтогон мезгилде анда-санда болуп калчу. Азыр күндүзү да киши жок болгон үчүн арстандар ээн-эркин уктаганга өтүшкөн.

Львы

Сүрөттүн булагы, Richard Sowry/Kruger National Park

"Негизи арстандар автоунаага жана кишилердин кобуруна көнүп калышкан. Бардык жаныбарларда жөө киши келе жатканда сактануу инстинкти бар. Эгерде жөө жандарына басып барсам, жакын келгенге мүмкүнчүлүк беришпейт",-деп түшүндүрдү Соури.

Львы

Сүрөттүн булагы, Richard Sowry/Kruger National Park

Ричард Соури бул сүрөттөрдү автоунаасында олтуруп тартып алган.