Канзаада Чарльздан коронавирус табылды

Принц Чарльз

Сүрөттүн булагы, Reuters

Британ тактысынын мураскору канзаада Чарльздан коронавирус чыкканын королдук үй-бүлөнүн өкүлдөрү билдиришти. Анын абалы азыркы убакта жакшы эле экен.

"Андан жеңил симптомдору табылды, бирок ден соолугу жакшы, соңку күндөрү демейдегидей эле үйдөн иштеп жатат",-деп айтылат канзаада Чарльздын өкүлдөрүнүн билдирүүсүндө.

Ошол эле убакта анын жубайы Камилла - Корноул герцогинясы дагы текшерилип, бирок андан вирус чыккан эмес.

Канзаада Чарльз менен Камилла

Сүрөттүн булагы, Reuters

Канзаада Чарльз менен анын жубайы Шотландиядагы Балморал сарайында обочодо жашап жатышат.

Мураскордун өкүлдөрүнүн билдирүүсүндө ошондой эле төмөнкүдөй айтылат: "Канзаада кимден жугузуп алганын аныктоо мүмкүн болбой жатат, анткени ал соңку аптада өзүнүн коомдук милдетин аткарып катышкан иш чаралар көп болду".

Канзаада катышкан соңку коомдук иш чара 12-мартта болгон эле. Ошол эле күнү ал Елизавета экинчи менен жолуккан эле.

PA агенттиги шилтеме берип жаткан булактардын маалыматына караганда, канзаада Чарльз 13-мартка чейин эч кимге вирус жугузган жок дешет.

Букингем сарайынын билдирүүсүндө королеванын ден соолугу жакшы экени айтылат.

Канзаада Чарльз, Елизавета экинчинин уулу, ал британдык тактыга биринчи кезекте турат. Ал 71 жашта. (КС)