Британия катуу карантинге жабылды, премьер-министр Жонсондон коронавирус табылды

Boris Johnson

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон өлкөдө коронавирустун эпидемиясына байланыштуу катуу карантин тартибин жарыя кылгандан үч күн өтпөй өзү дагы инфекцияга чалдыгып, үйүнөн изоляцияда иштеп калды. Бул жөнүндө премьер өзү Твиттерге жазып кабарлады:

"Мен үйдөн иштеп жатам, өзүмчө изоляцияда отурам, бул азыркы кырдаалда бирден бир туура чечим",-деп жазды премьер Твиттерге. - "Бирок эч кам санабагыла, азыркы заманбап технологиянын керемети менен мен өзүмдүн командам менен байланыштамын жана коронавирус менен күрөштү улантуудамын. Мен бул күрөшкө катышып жаткандардын баарына, анын ичинде, албетте, биздин саламаттык сактоонун күжүрмөн кызматкерлерине ыраазымын. Мен сыяктуу үйүнөн иштеп, инфекциянын жайылышына жол бербей жаткандарга чоң рахмат. Биз ушинтип жеңебиз".

Бүтүн өлкө боюнча коронавирустан 578 адам каза тапты. Жалпысынан өлкөдө 80 миңден ашык текшерүү болуп, анын ичинен коронавирустун 11 миңден ашык учуру аныкталды.

"Вирустун жайылышын басаңдатуу жашообуз үчүн маанилүү. Ошондо гана биз ооруканада карай турган адамдардын санын азайта алабыз, саламаттык сактоо системасына көп адамды сактап калууга мүмкүнчүлүк беребиз",-деп кайрылган карантин киргизип жаткан 24-март күнү премьер-министр.

карантин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Карантин шарттары боюнча азык-түлүк же өтө зарыл товарларды алыш үчүн, медициналык зарылдык болсо же өтө маанилүү деп табылган ишке барыш келиш үчүн гана үйдөн чыкканга уруксат болот (Жалгыз же үй-бүлөсү менен күнүнө бир гана жолу).

Азык-түлүк жана биринчи кезектеги маанилүү товарларды саткан дүкөндөрдөн башкалары бүт жабылат. Экиден көп адам катышкан коомдук жыйындарга тыюу салынат.

Дүкөндө кезек күткөндөр да санитардык аралыкты сакташы керек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүкөндө кезек күткөндөр да санитардык аралыкты сакташы керек

Эрежени сактабагандарга айып пул салуу, чогулгандарды таркатып туруу жөнүндө полицияга көрсөтмө берилди.

«Жөпжөнөкөй буйрук: ушул кечтен тарта сиз үйүңүздө калууга тийишсиз,-деди Жонсон. -Бул абдан маанилүү: биз ооруну үйлөрдүн ортосунда таркатканды токтотушубуз керек. Ошондуктан үйдөн өтө зарыл жумуштар менен гана чыкканга болот: эң керектүү оокатты сатып алуу, күнүнө бир гана физикалык көнүгүү, мисалы чуркоо, сейилдөө же велосипед тебүү; медициналык жардам алуу же ага муктаж адамга жардам берүү үчүн, ошондой эле ишке барып келүү, эгер бул өтө эле зарыл болсо, үйдөн иштегенге такыр мүмкүн эмес болсо. Бүттү".

Өткөн дем алыш күндөрү парктарда эл толтура болду, аралыкты кармоо жөнүндө эч ким ойлонгон да жок

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өткөн дем алыш күндөрү парктарда эл толтура болду, аралыкты кармоо жөнүндө эч ким ойлонгон да жок

Жонсондун сөзүнө караганда, эми спорттук жана балдар аянтчалары дагы жабык болот, ошондой эле диний уюмдар. Үйлөнүү үлпөттөрү, диний салтанаттар болбойт, бир гана өлгөн адамды акыркы сапарга узатуу калат.

Жонсон кабыл алынган чараларды кайра карап турууну убада кылды.

«Үч аптадан кийин көрөбүз, ошондо, балким, кырдаалга карап чараларды жумшартууга барабыз».

Премьер-министрдин сөзүнө караганда, бул чаралардын баары соңку он жылдыктарда эл башына келген эң чоң коркунучту жеңиш үчүн керек:

«Улуттук чоң аракет болбосо, дүйнөдө бир да саламаттык сактоо системасынын алы жетпей калган күн келиши мүмкүн. Жасалма дем алдыруучу аппараттар жетишпей калат, реанимацияда орун болбойт, дарыгер менен медсестралар жетишпей калат»,-деп баса белгиледи Борис Жонсон. - Биз саламаттык сактоо системасы мыкты болгон башка өлкөлөрдүн мисалында көрдүк го, эң коркунучтуу учур келди».

Акыркы убакта Улуу Британияга анын башка өлкөлөрдүн жолун жолдоп, көп дүкөндөрдү жаап, социалдык изоляциянын эрежелерин аткарышы керектиги жөнүндө көп талап айтылды.

Премьер-министр бул чектөө чараларынын баары элдин жашоосуна, бизнеске, ишке кандай зыян алып келерин эң сонун түшүнүп турганын, бирок азыркы убакта башка жеңил жол жок экенин айтты. (КС)