Коронавирус: Дүйнөдө эмне болуп жатат?

Сүрөттүн булагы, EPA
Жекшембидеги акыркы маалыматтарга ылайык, коронавирус жуктургандардын саны дүйнө жүзүндө 300 миңден ашты. Алардын 13 миңдейи каза болду, 92 миң бейтап сакайды.
Германия жекшемби кечинде вируска каршы чараларын күчөттү. Жумуштун жана үйлөрдүн сыртында адамдардын эки кишиден ашык чогулуусуна тыюу салынды.
Андан сырткары бийлик бардык кафе жана ресторандарды жабууну буйрук кылды, тамакты үйгө жеткирүүгө болот. Ошондой эле чачтарачканалар жана башка салондор жабылууда.
Германиянын канцлери Ангела Меркель ага жума күнү эмдөө жасаган дарыгерден Covid-19 табылгандан кийин үйдө отурууну чечти.
Африка өлкөлөрүндө да сандар өстү. Жекшембиде ал жакта катталгандар 1200гө чамалады. Ушуга чейин Африкада эң төмөн көрсөткүч болуп келаткан.

Сүрөттүн булагы, PA Media
Британия менен Ирландияда коронавирустан улам McDonald's жабылып жатат. Коштошуу катары алар жабылуу алдында дарыгерлер менен куткаруучуларга бекер гамбургер таратмакчы.
Британиянын бийлиги аралда вирустун таркашы күчөп жатканын эскертти. Акыркы суткаларда Уэльсте эле жети бейтап көз жумду.
Дарыгерлер алардын курагы 70тен ашкандар же өнөкөт оорулары бар эле деди. Өлкөдө жалпы учур 5000ден ашып, каза болгондордун саны 250гө жакындады.
Францияда коронавирус жуктургандардын саны 16 миңден ашып, каза болгондор 674 киши болду. Өлкөдө 7200дөн көп адам ооруканада жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Австралияда пабдар, клубдар, кинотеатрлар, казино, чиркөөлөр жана мода үйлөрү жабылып жатат. Кафе жана ресторандар сыртка сатуу кызматтарына өттү. Үйгө жеткирип берүү кызматы менен супермаркеттер кадимкидей иштеп жатат.
Өлкө боюнча мектептер жабылган жок, бирок айрым штаттар өздөрү ушундай чечим кабыл алышаарын айтышты.
Австралияда коронавирус жуктургандар акыркы бир нече күндө кескин көбөйүп, 1300дөн ашты.
Италияда абал курч
Коронавирустан 3000ден ашык киши өлгөн Италиянын Ломбардиясында жекшембиден тарта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды, жада калса жалгыз чыгып чуркаганга да болбойт.
Италияда өткөн суткада 800 киши өлүп, бул рекорддук көрсөткүч болуп калды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Индия 14 саатка коменданттык саат киргизди. Эгер бийлик вирустун тарашын токтотууда бул ыкманы натыйжалуу деп тапса, мындан ары такай колдонот.
Өлкөнүн көп сандагы калкы бул коменданттык сааттын шарттарын милдетүү түрдө аткарып жатканы кабарланды.
Иран коронавирус менен күрөшүү боюнча АКШнын жардамынан баш тартты. Аятолла Хаменеи Вашингтондун бул сунушу кызыктай экенин билдирип, вирусту АКШ өзү ойлоп тапкан болуш керек деген мурдагы сөзүн кайталады.
Тайландда жуктургандар мурдагыдан үч эсе өсүп, 600гө чыкты. Алардын басымдуусу Бангкокто. Шаар балким карантинге алынышы мүмкүн.
Түштүк Кореяда чогулбагыла деген чакырууларга карабай чиркөөлөрдө жекшембидеги сыйынуулар өттү. (АК)








