Коронавирустан Италияда мектептер жабылууда. Дүйнөдө парацетамол тартыш болобу?

Дарыгерлер

Сүрөттүн булагы, AFP

Италиянын бийлиги бардык мектептер менен жогорку окуу жайлар марттын орто ченине чейин жабылганын ырастады. Жаңы коронавирус Италияда 107 кишинин өмүрүн алды.

Европадагы өлкөлөрдүн ичинен Италияда дем алуу органдарын сезгенткен Covid-19 вирусун жуктургандары саны эң көп катталды - 2706 киши.

Премьер-министр Жузеппе Конте дагы кошумча чараларды жарыялайт деп күтүлүүдө. Бийлик Миландан анчалык алыс эмес Бергамо шаарындагы карантин зонасын кеңейтүүнү караштырууда. Жаңы чектөөлөр өлкөнүн бардык аймактарына киригизилип, 30 күнгө чейин уланышы мүмкүн. Ошондой эле жарандарга кол алышып көрүшүү, кучакташуу, көчөдө өбүшүп учурашууга тыюу салышат. Андан сырткары коомдук жайларда дагы кишилер бири-бирине жакын жүрбөшү керек. Бир метр аралыкты карманышы керек.

Жыйындарды, спорттук иш-чараларды дагы убактылуу токтотуп, футбол беттештерин күйөрмандары жок өткөрүүнү пландап жатат.

Өкмөт өкүлдөрү 75 жаштан өйдө курактагы, ошондой эле оорукчан кишилерге үйдөн чыкпай олтурууну өтүндү.

Индия дары-дармектин экспортун чектеди

Коронавирустун жайылышы базалык медкаражаттардын таңкыстыгына алып келиши мүмкүн. Мындай жагдай дүйнөдөгү эң ири дары-дармек экспортеру болгон Индиянын кадамына байланыштуу. Индия дары-дармек экспортун чектей турганын айтты.

Дүйнөдө парацетамол дефицити пайда болушу мүмкүн

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйнөдө парацетамол дефицити пайда болушу мүмкүн

Индия тарабынан киргизилген чектөөлөр дүйнөлүк базардагы 26 женерикке байланыштуу (түрдүү препараттардын курамына кирген активдүү каражаттар) жана алардын негизинде жасалган даяр дары-дармектерге дагы тиешеси бар. Тагыраагы парацетамол - дүйнөдөгү кеңири колдонулган дары.

Тизмеге бир нече түрдөгү антибиотиктер дагы кирди: тинидазол жана эритромицин, гормон прогестерон жана В12 витамини.

Индиянын дары-дармек өндүрүшү 70 пайыз Кытайдан өндүрүлгөн компоненттерден көз каранды. Учурда Кытайда коронавируска байланыштуу бир катар фармацевтикалык заводдор ишин токтотту.

Индия бийлиги даяр запастар менен үч айга чейин мурункудай эле көлөмдө дары-дармекти сатыкка чыгарып турарын, ошон үчүн дүрбөлөң түшүүгө себеп жок экенин айтты.

Оксфорд университетинин экономисттери экспорттун чектелиши дары-дармектердин кымбатташына алып келиши мүмкүн деп эскертти.

Дүйнөлүк банк миллиард акча бөлөт

Дүйнөлүк банк Covid-19 коронавирусунун жайылышын алдын алуу үчүн бир катар өлкөлөрдү колдоого алат. Бөлүнгөн каражаттын биринчи траншы 12 млрд долларды түзөт.

Банктын билдирүүсүндө бул каражаттар алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун артырууга, дарыгерлерди окутууга жана жакыр бүлөлөрдүн толук кандуу дарыланышына жумшалмакчы.

Адатта Дүйнөлүк банктын каражаттары насыя катары берилип келген. Бирок бул жолу өтө жакыр өлкөлөр жардамды грант түрүндө алат. Дүйнөлүк банкка 189 мамлекет мүчө.

Иран

"Аль-Арабия" телеканалы кабарлагандай, Ирандын өнөр-жай министри Реза Рахмани коронавирус жуктуруп алган. Буга чейин дагы жогорку кызматтагы бир нече ирандык аткаминерлер вирус жуктуруп алганы кабарланган. Алардын ичинде вице-президент, саламаттыкты сактоо министринин орун басары жана бир нече парламентарийлер бар.

Иран - илдеттин очогуна айланган дүйнөдөгү үч өлкөнүн бири жана Кытай менен Түштүк Кореядан кийинки эле орунда турат. Шаршембиде өлкө бийлиги акыркы суткаларда дагы 586 кишиден вирус табылганын жана 15 бейтап каза тапканын айтты. Жалпы өлгөндөр саны 92ге жетти.

Мурда ооруну жуктурган 522 киши толук айыгып чыкты деди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Мусульманская святыня в Иране

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Коомдук жайларда гигиеналык тартипти сактоо эрежесин одоно бузган эки ирандык эл алдында маскараланып, андан кийин түрмөгө камалып кетиши ыктымал. Элге тарап кеткен видеодо эки адам Кум менен Машхаддагы диний ыйык жайлардын ичиндеги торчону жалап жатышканы тартылган.

Кумдагы киши болсо "мен коронавирустан коркпойм" деп жасаган. Анын айтымында, "зыярат кылып жаткан жерге Аллах вирусту жөнөтпөй турганын" көрсөткүсү келген экен.

Машхадда торчону жалап жаткан киши бүт инфекцияны өзү алып кетерин, башка зыяратчылар коркпой-үркпөй сыйынып кетсин деп сүйлөгөн.

Парламент мүчөсү Хасан Новрузинин айтымында, эреже бузгандар эки айга камалып, жонунан 74 балак чабылышы мүмкүн.

Олимпиада оту өчпөйт

Японка на фоне олимпийских колец

Сүрөттүн булагы, Getty Images

2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы олимпиада оюндарынын уюштуруу комитети шейшембиде билдирүү таратты. "Олимпиада отун" алып өткөн эстафета учурунда спортчулардын жана көрүүчүлөрдүн ден-соолугун сактоо үчүн кошумча чаралар киргизилет. Эстафетанын негизги бөлүгүндө күйөрмандар саны кыскартылат.

Ар бир префектура өз аймагынан өтө турган "Олимпиада отуна" арналган салтанаттуу иш-чараларды пландаган эле. Эми аны кайра карап чыгышат. (AbA)