REакция: Бийликке экинчи "айып кагазы"
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы, 1
Бишкекте жарандык активисттердин «REакция 2.0» деген тынчтык митинги өтүүдө. Митинг "Ала-Тоо" аянтындагы 7-апрель окуясында курман болгондорго арналып тургузулган эстеликтин жанынан башталды.
Митинг "сөз эркиндигин коргоо жана коррупцияга каршы күрөшүү" деген ураан алдында өтүүдө.

Кыргызстандын Бажы тармагындагы жемкорлук боюнча бир нече журналисттик иликтөөлөр жарыяланып, коомдогу курч реакцияларды жаратты. Бирок бийлик тарабынан жетиштүү чара көрүлбөй жатат дейт жарандык активисттер.
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы, 2
Кыргызстанда коррупцияны иликтеген маалымат каражаттары менен Бажы кызматынын мурдакы жетекчи орун басары Р. Матраимов соттошуп жатат.
Өткөн аптада коомдогу кескин сын-пикирлерден кийин сот ММКлардын банктагы эсебин камакка алуу жөнүндө арызын кайра чакырып алууга аргасыз болду. Арызды сот жогорку ылдамдык менен карап, дароо чечим чыгарганы коомчулуктагы көп суроолорду пайда кылган.
Президенттин басма сөз кызматы өзүнүн билдирүүсүндө соңку сот чечимдерин "президенттин гана эмес, биздин демократиялык өлкөнүн да аброюна шек келтирээрин так кесе билдиребиз» деп белгилеген.

Ошол эле убакта АКШнын Өкүлдөр Палатасы Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды "журналистиканы басмырлоо жана эркин басма сөздү коркутуу жана ооздуктоо" деп атады.
Коррупциялык кылмыштар жөнүндө журналисттик иликтөөдө аты аталган Райым Матраимов ошол иликтөөнү жүргүзгөн "Азаттык" үналгысын, "Kloop.kg" жана аны жарыялаган "24.kg" агенттигин сотко берип, негизсиз жаманатты кылды деген негизде алардын баарынан жалпысынан 60 миллион сом кенемте талап кылууда. Алгачкы соттук териштирүү 19-декабрда болот деп күтүлүүдө. (AbA)












