Америкалык адвокат порнотроллинг үчүн беш жыл түрмөгө кесилди

Порнотроллинг

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Порнографиялык роликтерди интернетке өзү жүктөп, аны көчүрүп алгандарды сотко берип, мыйзамсыз байып кеткен америкалык адвокат Джон Стил беш жыл түрмөгө кесилди.

Стил негиздеген Prenda Law компаниясы порнотроллинг деп аталган иштер менен алек болуп, акча таап жүргөн.

Стилдин өнөктөшү Пол Хансмайер 14-июнда бул кылмыштуу ишке катышкан үчүн 14 жыл түрмөгө кесилди.

Ал эми Стил он жылга түрмөгө камала турган болуп жатып, акыры тергөө менен кызматташканы үчүн бул мөөнөт экиге кыскарды.

Prenda Law 2010—2013-жылдары порнотроллинг менен өтө көп иштеп, алты млн доллар киреше тапкан.

Компания файл алмашууга жүктөлгөн порнороликтерди улуксатсыз көчүрүп алгандарды пиратчылыкка айыптап доо коюп келген.

Көп колдонуучулар сотто жооп бергенден качып, анын ордуна фирмага бир нече миң доллар кенемте төлөп берип кутулушкан.

Тергөөчүлөр аныктагандай, Prenda Law адамдарды порнороликтерди көчүрүп алууга өзү азгырып келген.

Торго түшүп калган колдонуучулар төлөгөн кенемте өздөрүнө караштуу башка компаниялардын эсебине төлөнүп, акчаны Стил менен Хансмайердин алып жатканы жаап-жашырылган.

Джон Стил сотто жооп берип жатканда өзүнүн "акылсыз чечимдерин" мойнуна алды. Анын адвокаты өз кезегинде Стилдин жоругун "жийиркеничтүү жана кылмыштуу" деп атады.

Эми соттун чечими боюнча Стил менен Хансмайер пираттык схеманын торуна түшүп алдангандарга 1,5 млн доллар төлөп берүүгө тийиш.