Борбор Азия: Бийликте узак олтурган башкаруучулар

Борбор Азиянын көпчүлүк жаштары өмүрүндө мамлекет башында турган бир эле ысымды билишет. Өзгөчө казакстандык жаштар.

Тажикстанда килемдин бетине мамлекет башчыларынын сүрөттөрүн түшүрүшкөн

Сүрөттүн булагы, BBC Uzbek

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тажикстанда килемдин бетине мамлекет башчыларынын сүрөттөрүн түшүрүшкөн

79 жаштагы Нурсултан Назарбаев 1989-жылдан баштап мамлекетти башкарып келди. Ушул жылдын 20-мартында кызматтан кетип жатканын жарыялаган. Июндун алгачкы жекшембисиндеги шайлоо Казакстандын эгемен тарыхында биринчи жолу Назарбаевсиз өттү.

Башка Борбор Азия өлкөлөрүндөгү бийлик алмашуулар кандай болгон?

таблица

Нурсултан Назарбаевдин башкаруусу - 1989-2019

Нурсултан Назарбаев 1989-жылы 22-июнда Казакстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи секретары болуп дайындалган.

1990-жылы апрелде президент катары кызматка киришкен.

1991-жылы 1-декабарда өткөн шайлоодо көпчүлүк добуш алып, жеңишке жетет.

1991-жылы 16-декабрда Казакстан эгемендигин жарыялаган.

1995-жылы референдум аркылуу Назарбаевдин президенттик мөөнөтү 2000-жылга чейин узартылган.

1999-жылы Казакстанда президенттик шайлоо өтүп, Н.Назарбаев 79 пайыз добуш менен кайра мамлекет башына келди. Эл аралык уюмдар Казакстанда өткөн шайлоо демократия талаптарына жооп бербей, мыйзам бузуу жана бурмалоо менен өттү деп сынга алган.

Назарбоев Тўқаев

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty images

2005-жылы 4-декабрда өткөн шайлоодо Назарбаев 91 пайыз добуш менен кайра президент болду.

2010-жылы "Элбашы" деген макам берилет. 2011-жылы өлкөдө кезексиз президенттик шайлоо жарыяланып, 3-апрелге белгиленген. Бул жолу Назарбаевге берген добуштар жүз пайызга аз гана жетпей калды - 95%.

Кийинки 2015-жылдын 26-апрелинде өткөн кезексиз шайлоодо андан дагы жогору добуш алды. Бирок 100 пайыз эмес 97,75 пайыз.

2019-жылы 20-мартта Н.Назарбаев президенттиктен кеткенин жарыялады. Казакстан Сенатынын төрагасы 65 жаштагы Касым-Жомарт Токаев президенттин милдетин аткарып калган. 9-июнде өткөн шайлоодо Токаев 70 пайыздан ашуун добуш алып, президент болуп шайланды.

Ислам Каримовдун башкаруусу - 1989-2016

1989-жылы Рафик Нишанов СССР Жогорку Советинин Улуттар Кеңешинин төрагасы болуп кеткенден кийин, ордуна Ислам Каримов Өзбекстан Компартиясы Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп шайланды.

Ислом Каримов Наврўз байрамида

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty Imgaes

1990-жылы Өзбекстандын парламенти И.Каримовду президент кылып шайлайт.

1991-жылы 1-сентябрда Өзбекстан эгемендигин жарыялаган.

1991-жылы 29-декабрда Өзбекстанда президенттик шайлоо өткөрүлгөн. Элдик демократиялык партиядан Ислам Каримов, "Эрк" демократиялык партиясынан Мухаммад Салих атаандаш болуп чыгат. Шайлоо жыйынтыгында И.Каримов 86 пайыз, Мухаммад Салих 12 пайыз добуш алган.

1995-жылы референдум аркылуу президенттин мөөнөтү 2000-жылга чейин узартылат.

2000-жылы 9-январда өткөн шайлоодо Ислам Каримов 91% добуш алып, жеңишке жетет.

2002-жылы жалпы элдик референдумда президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылат.

2007-жылдын 23-декабрында өткөн шайлоодо Ислам Каримов 90 пайызы шайлоочулардын колдоосуна ээ болгону айтылды.

2015-жылы 29-мартта өткөн президенттик шайлоодо 90,39% добуш алган.

2016 йил Ислом Каримов хотираси

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty Images

2016-жылдын 2-сентябрында 78 жаштагы Ислам Кармиов инсульттан каза тапты. Өзбекстандын мыйзамдары боюнча Сенаттын төрагасы Нигматулла Юлдашев президенттин милдетин аткарууга тийиш эле. Бирок ал 8-сентябрда өткөн жыйында өз ыктыяры менен баш тартат. Анын ордуна убактылуу президенттик кызмат узак жылдан бери премьер-министр болуп жүргөн Шавкат Мирзиёевге берилген.

Президенттик шайлоо 2016-жылы 4-декабрда болуп өттү. Шавкат Мирзиёев 88,61% добуш алып, шайлоону утуп чыккан. Шавкат Мирзиёев 2016-жылы 14-декабрда президенттик антын берген.

Кыргызстандын президенттери

Кыргызстан коңшуларына салыштырмалуу эгемендик алгандан кийин эң көп президенттерди алмаштырган өлкө.

Роза Отунбаева жана Курманбек Бакиев 2005-жылдагы нааразылык акциялары учурундагы сүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Роза Отунбаева жана Курманбек Бакиев, 2005-жылдагы нааразылык акциялары учурундагы сүрөт

1990-жылы академик Аскар Акаевди Кыргызстандын Жогорку Кеңеши президент кылып шайлады.

1991-1995-жылдары өткөн өткөн элдик шайлоодо Аскар Акаев президенттик шайлоону уткан. Конституция боюнча президенттин мөөнөтү 2000-жылы бүтүшү керек эле. Бирок мыйзмага өзгөртүүлөр киргизлип, 2000-жылы 29-октябрда президентикке Аскар Акаев кайра шайланган.

2005-жылы өлкөнү 15 жыл башкарган Аскар Акаев нааразылык акцияларынын арты менен бийликтен кулатылат. Мун Кыргызстандын саясий тарыхында "Жоогазын ыңкылабы" деп атап жүрүшөт. Акаев бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып чыгууга аргасыз болгон. Орусиянын баш калаасы Москвага чыгып кеткен.

2005-жылдын 11-апрелинен президенттин милдетин оппозициялык кыймылдын башында турган Курманбек Бакиев аткарып баштаган. Ушул эле жылы 11-июлда өткөн шайлоодо Бакиев жеңишке жетет.

2009-жылы президенттик шайлоо өтүп, К.Бакиев 90 пайыздай добуш алат. Бир жылдан соң, 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылап ишке ашып, Бакиев дагы өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Ал Беларусияга барып баш калкалады. Апрель ыңкылабында кан төгүлүп, аянтта ондогон кишилер окко учту.

2010-жылдын май айынан тартып, 2011-жылдын 1-декабрына чейин Роза Отунбаева убактылуу президент болуп турду. Ош жана Жалал-Абадда улут аралык жаңжал катталып, төрт жүздөн ашуун киши каза тапкан.

Алмазбек Атамбаев ва Сооронбай Жээнбеков

Сүрөттүн булагы, Getty Images

2011-жылы өткөн шайлоодо Алмазбек Атамбаев 60 пайыздан добуш алып, президент болуп шайланган. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилип, президенттик бир гана жолку мөөнөт менен чектелген. 2017-жылы 15-октябрда өткөн шайлоодо Атамбаевдин жакын досу саналган Сооронбай Жээнбеков 54 пайыздан ашуун добуш алды.

Түркмөнстан президенттери

1985-1991-жылдары Сапармурат Ниязов Түркмөнстан КП БКнын 1-катчысы болуп турган. СССР ыдырагандан кийин Түркмөнстандын президенти болуп шайланат.

2005-жылды 8-майында тартылган сүрөт, Москва

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2005-жылды 8-майында тартылган сүрөт, Москва

1992-жылдагы шайлоодо Сапармурат Ниязов жеңишке жетип, 1994-жылдагы референдум менен президенттик мөөнөтүн 2002-жылга чейин узарткан.

Түркмөнстан межлисинин чечими менен С. Ниязовго «Түркмөн башы» титулу ыйгарылып, 1999-жылы парламент президенттик кызматта өмүр бою калууга макулдук берген.

2006-жылы 21-декабрда президент Ниязов 66 жашында жүрөк илдетинен каза тапкан.

Президент Бердимуҳамедов

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Президенттин милдетин аткаруу Гурбангулы Бердымухамедовго жүктөлөт. Ага чейин Бердымухамедов министрлер кабинетинин төрага орун басары эле.

2007-жылы 14-февралда Гурбангулы Бердымухамедов президент болуп шайланган. 2012- 2017-жылдардагы президенттик шайлоону утуп чыкты.

Эмомали Рахмон 1992-жылдан бери бийликте

Эмомали Рахмон 1992-жылы Тажикстандын парламент төрагасы болуп шайланган.

1994-жылы президенттик шайлоодо Рахмон 58 пайыз добуш менен утуп чыкты. Бул учурда Тажикстанда жарандык согуш тутанып, 1997-жылга барып анан токтоду.

Имомали Раҳмон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

1999-жылы өткөн шайлоодо Рахмон 98 пайыз добуш алып, жети жылдык президенттик мөөнөткө барат.

2006-жылдагы шайлоо анын үчүнчү жеңиши эле. Бирок байкоочулар шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтып чыгышты.

2013-жылдагы президенттик шайлоодо 84 пайыз добуш алат.

2015-жылы Рахмонго "Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү - Улут лидери" деген макам берилип, кол тийгис болуп калды. (AbA)

*