Иран америкалык чалгынчы дронду атып түшүрдү

Беспилотник MQ-4C Triton

Сүрөттүн булагы, US Navy/Kelly Schindler

Ислам революциясынын сакчылары корпусу Ирандын аба мейкиндигин бузуп кирген америкалык чалгынчы дронду атып түшүргөнүн билдирди. АКШ бул пилотсуз учак Аскер-деңиз күчтөрүнө таандык болгонун ырастаган.

Мамлекеттик маалымат каражаттары окуя Хормозган провинциясында болгонун жазууда. Ирандык ММКлар тараткан маалыматта дрон RQ-4 Global Hawk үлгүсүндө болгону айтылат. "Рейтер" агенттиги америкалык аскер жетекчилерине шилтеме берип, MQ-4C Triton дрону атып түшүрүлгөнүн кабарлады.

Америкалык аскерлер башында бул маалыматты ырастаган эмес. Борбордук командачылыктын өкүлү Билл Урбан Ирандын аймагында эч кандай дрон болгон эмес деп айтып чыккан. Кийин "Ассошиэйтед пресс" жана "Рейтер" Пентагондогу булактарына шилтеме берип, бул маалыматты тактады. АКШ дрон эл аралык аба мейкиндигинде болгон деп айткан.

Иран тарап пилотсуз учак атып түшүрүлгөн аймак Ормуз кысыгына жакын жерде деп айтууда. Бул чөлкөм мунайды ташууда активдүү колдонулат.

Окуя АКШ менен Иран ортосундагы мамиле чыңалып турган учурда орун алууда.

Мунун алдында эле Вашингтон чөлкөмгө дагы миң аскерин жибере турганын жарыялаган. Бул чаралар Ирандын душмандык аракеттерине жооп деп түшүндүргөн.

Вашингтон Оман булуңундагы танкерлерге кол салуунун артында Иран турат деп айыптап жатат. Тегеран айыптоолорду четке кагууда.

Беспилотник

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Америкалык аскерлер башында бул маалыматты ырастаган эмес

Бир ай мурда Пентагон регионго 1500 аскерин жөнөткөн эле. Бул кадам дагы Иран менен мамилелердин курчуп жатканынан кабар берет. Дүйшөмбүдө Иран 2015-жылы кол коюлган өзөктүк долбоор боюнча келишимди аткарбай турганын айтты. (AbA)