Кризиске кептелген Венесуэла
Венесуэланын өкмөтү сырттан келген жүздөгөн тонна гуманитардык жардамды чек арадан өткөрбөй жатат. Азык-түлүк жүктөп АКШ, Бразилия жана Колумбиядан келе жаткан жүк тарткан унаалар чек арада туруп калышты.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Оппозиция лидери Хуан Гуайдону колдоп жаткан АКШ 20 млн. долларлык жардам сунуш кылган. Бирок эл аралык жардамдар чек арадан тосулуп, өткөрүлбөй жатат.
Ошол эле маалда Венесуэла өкмөтү 300 тонна гумжардам жөнөткөнү үчүн Орусияга ыраазычылык билдирди.
Президент Мадуро АКШдан келген жардамдар өкмөттү кулатуунун бир планы деп, чек арадан өткөрбөй койду. Өзүн убактылуу президент деп жарыялаган Хуан Гуайдо болсо азык-түлүк, дары-дармек жетишсиз экенин айтып, жардам сурады.
Өткөн аптада Николас Мадуро Орусия 300 тонна азык-түлүк жана дары-дармектерди жөнөтө турганын билдирген. Жардам 20-февраль күнү келиши керек эле. Бул гумжардамды тасмага тартып, маалымат алуу боюнча берген Би-Би-Си өтүнүчүнө Каракас жооп кайтарган жок.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бирок айрым уюмдар 21-февралда орусиялык жардам Венесуэлага келгенин ырасташты. Маалыматтарга караганда, жардам иретинде 7,5 тонна жүк келген.
Өлкөнүн ичинде дагы бир катар эл аралык гуманитардык уюмдар иш алып барат. Алар өлкөдө медициналык жабдыктар жана дары-дармек өтө таңкыс экенин айтып, коңгуроо кагууда. Зарыл болгон дары-дармектин 85 пайызы жетишпей жатат деп билдирди Венесуэланын Фармацевтика бирикмеси.
Гумжардамдарды каржылоо боюнча глобалдык маалыматтарды жыйнаган БУУнун каржы кызматынын эсебинде, 2018-жылы Венесуэла 24 млн. доллар жардам алган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мунун 9 млн. долларын БУУнун жардам чогулткан фонду берген. Бул жылы БУУнун линиясы менен Венесуэла 15 млн. долларлык жардам алган.
Европалык комиссия 2018-жылы Венесуэла аймагында аракеттенген ири донор болуп калды. Уюм бул өлкөгө 2016-жылдан бери жардам жөнөтөт.
ЕБ негизинен азык-түлүк, таза суу, гигиеналык, санитардык каражаттарды Венесуэла тургундарына жеткирип берген долбоорлор менен иштейт.
Өткөн жылдын июнь айында ЕБ 35 млн. евро жардам пакетин бөлдү. Жыл соңунда 20 млн. евро өлчөмүндөгү жардам жөнөтүштү. Бул жылы дагы кошумча 5 млн. евро берген. (AbA)










