Венесуэла жарандык согуш коркунучуна кептелдиби?
Венесуэланын президенти Николас Мадурого бир нече европалык өлкөлөр мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү боюнча ультиматум койду. Ошондой эле өлкөдөгү азыркы кырдаал жарандык согушка өсүп жетиши мүмкүндүгүн эскертишкен.

Сүрөттүн булагы, EPA
АКШ баштаган айрым өлкөлөр болсо оппозициялык лидер Хуан Гуайдону колдоп, Мадурону легитимдүү мамлекет башчысы катары тааныбай турганын билдирди. Өткөн аптада Хуан Гуайдо өзүн президенттин милдетин аткаруучу катары жарыялаган эле.
Орусия, Түркия жана Кытай Мадурону колдоого алууда. Ал оппозициялык лидер Гуайдону мамлекеттик төңкөрүш кылганга аракет кылды деп айыптады.
Өткөн аптада Испания, Германия, Франция, Улуу Британия, Нидерланддар, Португалия жана Австрия Мадурого ультиматум коюп, сегиз күндүн ичинде шайлоо күнүн жарыялоо же оппозициялык өкмөттү расмий таануу талабын билдирген эле.
Жекшембиде ультиматумдун мөөнөтү бүттү. Мадуро испандык La Sexta телеканалына интервью берип, мөөнөтсүз шайлоо жарыялабай турганын айтты.
"Биз ар ким койгон эле ультиматумду кабыл ала бербейбиз. Бул эми мен Евробиримдикке кайрылып, "силерге жети күн берем, Каталонияны республика катары тааныгыла, болбосо чара көрөбүз" дегендей эле болуп калат. Жок, эл аралык саясат ультиматумдарга негизделбеши керек. Бул өткөн колония жана империя доорунан калган",-деди Мадуро.
Венесуэладагы азыркы кырдаал жарандык согушка алып келиши мүмкүнбү? Бул суроого Мадуро мындайча жооп берди:
"Азыркы учурда бул суроого эч ким так жооп бере албайт. Мунун баары түндүктөгү империянын жана анын Батыштагы союздаштарынын алаңгазарлыгынан, агрессиясынан көз каранды. Биздин ички ишибизге эч ким кийгилишпесин! Өлкөбүздү коргоого даярбыз".
Өткөн аптада Гуайдону ачык эле колдоого алган Трамп Си-би-эс телеканалына интервью берип, Венесуэлага аскердик кийгилишүү "окуянын өнүгүшүндөгү варианттардын бири" деп айткан.
Буга жооп кылып Мадуро "андай болсо Венесуэла экинчи Вьетнам болуп каларын, төгүлгөн кан үчүн жоопкерчилик Трамптын мойнунда болоорун" эскертти.
Атаандашкан лагерлердин митинги

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ишемби жана жекшембиде Гуайдо менен Мадурону колдогон миңдеген кишилердин катышуусунда митингдер өттү.
Венесуэла армиясынын мурдагы офицерлери жана өлкөнүн куралдуу күчтөрү Мадурону колдоого алып жатат. Бирок жекшембидеги акциялардын алдында Аба күчтөрүнүн генералы Франсиско Эстебан Янес Родригес оппозиция тарапка өткөнүн жарыялады. Кийин Аба күчтөрүнүн расмий аккаунту генералды "саткын" деп атады.
Венесуэладагы кырдаал
Өткөн жылы Мадуро жеңип чыккан президенттик шайлоону өлкөнүн оппозициясы тааныган эмес. Бир катар Батыш жана Латын Америкадагы өлкөлөр шайлоону мыйзамсыз өттү деп сынга алган.
Көпчүлүк өлкөлөрдүн лидерлери 56 жаштагы Мадуронун инаугурациясына катышуудан баш тартканы бар. Айрым гана өлкөлөр ант берүү салтанатына өкүлдөрүн жиберген болчу.
Венесуэланын экономикасы алты жыл катары менен оор абалды башынан кечирип жатат. Миллиондогон кишилер оорчулуктан улам өлкөдөн чыгып кетти.
Өткөн аптада АКШ венесуэлалык PDVSA мунай компаниясынын активдерин тоңдуруп салды. Аны менен келишим түзүүгө башка компанияларга тыюу салды. (AbA)










