Каракастагы кандуу кармаш: Армия ким тарапка өтөт?

Сүрөттүн булагы, AFP
Каракас шаарынын көчөлөрүндө Венесуэланын саясий бийлигин талашкан кандуу кармаш болуп жатат. Каршылык акцияларын көзөмөлдөгөнгө полициянын алы келбей калды.
Хуан Гуайдо өлкөнүн улуттук ассамблеясынын башчысы. Ал өлкөнүн карама- каршылыктуу президенти Николас Мадурону бийликтен кулатууну көздөп, өзүн президенттин милдетин аткаруучу катары жарыялап салды.
"Мен Венесуэланын президенттин милдетин аткаруучу катары ыйгарым укуктарымды колдонуп, саткын өкмөттү кетирүүгө, таза жана эркин шайлоо жүргүзүүгө ант берем",-деди Хуан Гуайдо.

Сүрөттүн булагы, EPA
Өзүн президент катары жарыялагандан көп өтпөй Хуан Гуайдо АКШнын ачык колдоосуна ээ болду. Ак үй Гуайдону мыйзамдуу лидер катары тааный тургандыгын билдирди. Президент Трамп бул үчүн Американын дипломатиялык жана экономикалык кубатын колдонорун айтты.
Венесуэлага аскерий кийлигишүү тууралуу жөнүндө сураган кабарчыга Трамп: "Биз бир гана жолду издебестен турдүү варианттарды караштырабыз" деп жооп кайтарды.
Канада, Аргентина жана Бразилия баш болгон бир катар өлкөлөр АКШнын артынан Венесуэланын жаңы бийлигин колдоп чыгышты.
Гиперинфляция жана азык-түлүк менен дары-дармектин тартыштыгы ансыз да кыйналып жаткан өлкөнүн элин ого-бетер кыйнап койду, көптөр өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болду.
Солчул лидер Николас Мадурону адам укуктарын тебеледи деп көп айыпташууда. Бирок ал бийликти колдон чыгарбастын бардык аракетин көрүүдө.
Мадуро эл алдында чыгып сүйлөп, АКШнын бардык дипломаттарынын жуманын аягына чейин өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылды.
"Мен империалдык түрдө иштеген АКШнын бийлиги менен байланыштарды үзүүнү туура көрдүм. Өлкөдөн чыгып кетишсин. Алардын кийлигишүүсүнүн кереги жок. Бул жерде ар-намыс бар. Биздин эл өз жерин коргой алат",-деди Мадуро.

Сүрөттүн булагы, AFP
Аскерий лидерлер Мадурону колдоп чыккан маалда, каршылык акцияга чыккандардын саны ого бетер арбыды. Каршылык акциясын күч менен басуудан кан төгүлдү. Кеминде он алты адам курман болду.
Экономикалык кризиске баткан өлкө эми конституциялык кризиске туш болду. Венесуэланын бийлиги үчүн күрөш өлкөнүн тагдырын жарга такады.
Венесуэланын куралдуу күчтөрү азыркынча президент Мадурону колдоп турушат. Айрым маалыматтар боюнча, 16 900 аскер кызматчысы өкмөкткө ак кызматы үчүн жакында эле чиндери жогорулатылган экен.
Кандай болгон күндө да аскерий күчтөр азыркы саясий кризистин маалында чечүүчү факторлордун бири болуп турат. (КС)









