Ирандын Сириядагы күчтөрү Израилдин аскердик позицияларын бутага алды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ирандын "Революция сакчылары" Израилдин Голан аймагындагы аскердик позицияларын бутага алгандан кийин, Тель-Авив Ирандын Сириядагы аскердик базаларына сокку урду.
Израилдин армиясы соңку жылдардагы ири аскердик операция натыйжалуу жыйынтыкталды деп билдирди.
Израил Ирандын Сириядагы курал-жарак сактаган кампаларды, логистикалык имараттарды жана Голан аймагындагы ракета атылган жайларды бутага алганын маалымдады.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы, 1
Ошондой эле Тель-Авив Сириянын ракеталарга каршы системасына дагы сокку урду. Сириянын мамлекеттик медиасы Израилдин айрым ракеталары абада жок кылынганын кабарлады.
Ирандын "Революция сакчылары" Израилдин аскердик позицияларын көздөй болжолдуу 20 ракета учурган. Алардын көбүн Израилдин ракеталарга каршы коргонуу системасы абада жок кылды. Тель-Авив эч ким жабыркаган жок деп билдирди.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы, 2
Буга чейин Израилдин расмийлери "Сириядагы ирандык күчтөрдүн адаттан тыш жанданганы" тууралуу сөз кылган.
Ирандын Сириядагы күчтөрү жана Ливандагы "Хезболла" тобу, Орусия менен бирге президент Башар Асадды колдоп келет.
Сириянын армиясы Голан бийиктигинен 1967-жылы Израиль тарабынан сүрүлүп чыгарылган. 1981-жылы Кнессет бул стратегиялык аймакты Израилге таандык деген мыйзам кабыл алган.








