Өздөрүн гуманитардык уюмдун кызматкери катары көрсөткөн жихадчылар

Омар Хуссейн
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Омар Хуссейн "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун коомдук сайттардагы пропагандалык өнөктүгүнө активдүү катышкан
    • Author, Рожер Шанахан
    • Role, Лоуи институту

Гуманитардык уюмдун кызматкери менен жихадчыны сыртынан карап дароо эле айырмаласа болот деп ойлойбуз. Бирок Сириядагы жаңжалдар иш жүзүндө андай эмес экенин көрсөттү. Мына ушул себептүү кээ учурда жөнөтүлгөн жардамдар керектүү жерлерге жетпей калган учурлар катталган.

Сириядагы кишилердин азап-тозогун бөлүшүүгө дүйнө жүзү боюнча кол сунушту. Чогулган жардамдарды жеткирүү жана бөлүштүрүү жагы шыр жүрбөй, толгон-токой көйгөйлөргө туш болду. Бул өлкөдөгү жаңжалдын татаал жактары көп. Согуштун башталышында жихадчылар акчалай жардамдарды өздөрүнө ыйгарып алып, катарына кошулган чет элдик жалданган кишилерди гуманитардык уюмдун кызматкери катары көрсөтүшкөн учурлары болду.

Тилекке каршы бул жаңы көрүнүш эмес, көп өлкөлөрдө, айталы, Босниядан тартып Ооганстанга чейинки жаңжал болгон өлкөлөрдө экстремисттер өздөрүн укук коргоочу катары көрсөтүп, келген жардамдарды өзүнө ыйгарууга аракеттенишкен.

Сирия боюнча Лоуи институтунун докладында, экстремисттер өздөрүн укук коргоочу - балдарга жана жетим-жесирлерге колун сунган уюмдун өкүлү катары тааныштырышкан учурлары айтылат.

Мындай ыкмада таанылгандардын бири - британ жараны Омар Хуссейн болгон. Ал Сирияга 2014-жылы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун коомдук сайттардагы пропагандалык өнөктүгүнө активдүү катышкан.

Британдык атайын кызмат сары изине түшөрүн сезип, өзүн жетим-жесирлерге жардам көрсөткөн кайрымдуулук уюмдун кызматкери катары тааныштырып жүргөн.

Бул жерде британдык чалгындоо кызматынын дагы колун байлаган маселе бар эле - Сирияга гуманитардык жардамдарды жеткирген унаа кербендеринин саны көп. Согуштун алгачкы жылдарында Сириянын түндүк тарабындагы Түркиянын чек арасы аркылуу өткөн гуманитардык жардам тынымсыз агылып, аларды көзөмөлдөө дээрлик мүмкүн болгон эмес. Жардамдардын чоң бөлүгү мыйзамдуу өтүп турган. Ошондой болсо дагы унаа кербендери менен шектүү кишилерди өтүп кеткен учурларды жокко чыгарууга болбойт.

Мындай шектүүлөрдүн арасында Сайед Хок менен Масхуд Миахды бар болгон. Алар жардам көрсөткөн уюмдун кызматкерлери аркылуу Хоктун жакын тууганына акча бердирип турушкан. Жакын тууганы болсо акчаны снайпер мылтыгын сатып алууга сарптаган экен.

Алан Хеннинг

Сүрөттүн булагы, Home Office

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алан Хеннингди "ИМ" экстремисттик тобу уурдап кеткен

Жардам жеткирген уюмдун ыктыярчысы британдык Алан Хеннинг эч кандай шек санбай эле курьерлик кылып жүрүп, кийин "ИМ" экстремисттик тобу тарабынан уурдалып кетип өлтүрүлгөн.

Башка унаа кербени менен баргандардын бири - 41 жаштагы Абдул Вахид Мажид эле. Ал Сириядагы биринчи жанкечти болуп калды. Абак жайдын жанында өзү менен кошо жүк тарткан унааны жардырган.

Британдык бийликти мындай жагдай катуу чочулатты. 2014-жылы февралда кайрымдуулук боюнча британдык комиссия этияттык менен иштөө тууралуу көрсөтмөлөрдү берип, гуманитардык жардамдарды экстремисттер өз максатына пайдаланып кетерин эскертти.

Ушундай эле ыкманы австралиялык жихадчылар колдонгон. Алардын бири Абдул Салам Махмудду 2014-жылы августта австралиялык телеканалдардан көрсөтүшкөн. Анда ал экстремисттик топтун мүчөсү экенин четке кагып, гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүп жүргөнүн айтып берет.

БУУнун гуманитардык жардам ташыган унаалары Дамаск шаарына жакын аймакта күтүп турушат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, БУУнун гуманитардык жардам ташыган унаалары Дамаск шаарына жакын аймакта күтүп турушат

Мындай алдамчылык ыкмалар жана жалган маалымат бергендерди демократиялык өлкөлөрдө аныктоо өтө кыйын. Анткени алардын жарандары жардам көрсөткөн уюмдарга өз ыктыяры менен келишет.

Мындан сырткары акча каражаттарын жана кишилерди жөнөткөн мыйзамсыз өтмөктөрдүн көп экени жагдайды андан бетер оорлоштурган. Мисалы, мусулман өлкөлөрүндө бейтааныш эле кишилер тарабынан акча берип жиберген "хавала" деген система иштейт. Бул ыкма өлкөлөр ортосундагы акча которууларды көзөмөлдөөнү татаалдаштырат. Бирок бул жерде эми жөнөтүлгөн акчалардын эсеби чоң деле болбойт. Ошентсе дагы айрым учурда бул акчаларга колго жасалган жардыргычтарды жасоо мүмкүн. Буга бир нече жүз доллар сарпталат.

Анткен менен эл аралык чоң уюмдар которулган каражаттар керектүү дарекке жетип барышын көзөмөлдөп, текшерүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок мындай текшерүүлөр ар дайым эле ийгиликтүү боло бербейт.

Орто жана чакан уюмдар болсо өздөрү аркылуу өткөн гуманитардык же акчалай жардамды ким аларын аныктоого мүмкүнчүлүгү жок.

Алеппо шаарында азык-түлүк тартыш болуп, тургундар гуманитардык жардамга мутаж болушту

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алеппо шаарында азык-түлүк тартыш болуп, тургундар гуманитардык жардамга мутаж болушту

Сирия менен чек арага жакын Түркиянын Газиантеп шаарында гуманитардык уюмдар менен иштеген кызматкерлер "Сирияда жасалма ысымдар менен түзүлгөн тизмелер көп болорун" айтып беришти. Мунун өзү жихадчылар ар дайым эле алдоо жолу менен жардам ала бербесин көрсөтүп турат.

Сирияга кайрымдуулук көрсөтүп жаткан уюмдардын Түркия менен Иорданиядагы кызматкерлери эл аралык уюмдар менен кызматташып баштагандан кийин гана терроризмге шектүүлөрдүн тизмесин текшерүү зарылчылыгын түшүнүшкөнүн айтып беришти.

Көп өлкөлөр кооптуу аймактарда иштеп жаткан кызматкерлерин атайын окуудан өткөрөт. Бирок алар болсо дайым эле чалгын кызматттары жана кайрымдуулук уюмдары менен маалымат бөлүшө бербейт.

Келечегинде өкмөттөр гуманитардык жардамдардын тескери тарапка колдонулушуна жол бербөө үчүн жетиштүү чаралар тууралуу ойлонушу керек.

Мындай чаралардын бири куралдуу жаңжал жүрүп жаткан аймакта аракеттене турган топко лицензия берүү. Топтун максаты - бекем коопсуздук системасына ээ болуу жана алар менен иштеше турган жергиликтүүлөрдү текешерүүгө алуу.

Башка дагы бир мамиле - жарандык согуш жүрүп жаткан аймактарга барууну чектөө. Маселен, Австралия өз жарандарынын Ракка жана Мосулга барышына тыюу салган. Ар бир өлкө эле өз алдынча чечим кабыл алса болот.

Анын бетин ары кылсын, бирок келечегинде ушундай мүнөздөгү жаңжалдар чыкчу болсо, экстремисттер эл аралык уюмдардан келип жаткан гуманитардык жардамдарды өз кызыкчылыгына колдонууга аракет кылат. Муну Сириядагы мисалдар так көрсөттү. (AbA)