Батыш өлкөлөрү менен Орусиянын дипломатиялык "согушу"
Мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлиянын ууландырылышына байланыштуу бир катар Батыш өлкөлөрү орус дипломаттарын чыгарууда.

Сүрөттүн булагы, EPA
Дүйшөмбүдө АКШ орусиялык 60 дипломатты өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды. Европа Биримдигине кирген көп өлкөлөр, андан сырткары мындай бирикмелерге мүчө эмес өлкөлөр дагы ондогон орусиялык дипломаттарды өлкөсүнөн чыгарды.
Шейшембиде эрте менен Австралиянын премьер-министри Малькольм Тернбулл билдирүү жасап, Британия жана башка өлкөлөргө тилектештик катары эки орусиялык дипломатты өлкөсүнөн чыгара турганын айтты.
Дүйшөмбү күнү Германиянын Тышкы иштер министрлиги төрт дипломатты чыгаруу тууралуу кабарлады. Ушунча эле сандагы дипломаттарды Франция, Польша жана Канада чыгарып жиберди.
Испания, Нидерландия, Дания жана Италия экиден орус дипломатын чыгармак болду.
Канаданын Тышкы иштер министрлиги төрт орусиялык дипломатты "персона нон-грата" жарыялап, алар дипломатияны жамынган тыңчылар болгонун айтты.
Чехия үч орусиялык дипломатты "персона нон-грата" жарыяласа, Литва үч дипломатты, ошондой эле дагы 44 орусиялыкты "персона нон-грата" деп тизмесине киргизди.
Хорватия, Финляндия, Швеция, Эстония, Латвия, Венгрия жана Румыния, Норвегия өлкөсүнөн бирден орус дипломатын чыгарышты. Албания эки дипломатты чыгаруу чечимин кабыл алган.
Украина бийлиги болсо 13 орусиялык дипломатты чыгармак болду. Европа Биримдигине кирген өлкөлөр жалпысы болуп, 30 жакын дипломаттарды чыгарып жиберди.
Европалык кеңештин төрагасы Дональд Туск орусиялык дипломаттарды чыгаруу чечимин Европа Биримдигине кирген 14 өлкө кабыл алганын айтты.
"Жакынкы күндөрдө кошумча чаралар, анын ичинде Евробиримдиктин алкагында жаңы санкциялар киргизилиши мүмкүн экенин жокко чыгарбайм",-деп кошумчалады Туск.
Евробиримдикке мүчө өлкөлөр өткөн аптада Брюсселде чогулуп, Британияга тилектештик көрсөтүү үчүн Орусияга карата чара көрүү маселесин талкуулаган.

Сүрөттүн булагы, Reuters
23-мартта Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер Евробиримдиктин Орусиядагы элчиси Маркус Эдерерди чакыртуу боюнча билдирүү жасады.
Тереза Мэй колдоого ыраазы
Британиянын премьер-министри Тереза Мэй дүйшөмбүдө парламентте сүйлөп жатып, 18 өлкөдөн дипломаттарынын чыгарылышы Орусия үчүн олуттуу эскертүү деп айтты.
66 жаштагы Сергей Скрипаль жана 33 жаштагы Юлия 4-мартта эс-учун билбеген абалда Солсбери соода борборунан табылган. Алар учурда ооруканада, бирок абалы оор бойдон калууда.
Бул окуядан бир апта өткөндөн кийин Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй мурдагы чалгынчы Сергей Скрипаль Орусиянын аскердик ишканасында чыгарылган зат менен ууландырылганын айтып чыкты. Премьер-министр бул кол салуунун артында Москва турушу мүмкүн деп билдирген. Кийин 23 орусиялык дипломатты өлкөдөн чыгарды.
Орусиянын Тышкы ишер министрлиги Британия премьер-министринин сөздөрүн Орусияга каршы кезектеги саясий жана маалымат өнөктүгү катары кабыл алганын айткан. Москва айыптоолордун баарын четке кагууда. (AbA)








