Ч. Эсенгул: Назарбаев менен Каримовдун атаандаштыгы Борбор Азияны бириктирбей келди

Назарбаев менен Мирзиёев

Сүрөттүн булагы, AKORDA.KZ

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

15-мартта Астанада Борбордук Азиядагы мамлекет башчыларынын кеңешме саммити өтүүдө. Бул саммит Ѳзбекстандын президенти Шафкат Мирзиёевдин өткөн жылдын аягында көтөргөн демилгеси боюнча ишке ашканы турат. Бул жыйынга региондогу өлкөлөрдөн бир гана Түркмөн президенти Бердимухамеддовдон башкалары баары келет деп айтылууда.

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековдун аппаратынын эл аралык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков Астанадагы саммиттин күн тартибине коопсуздук, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка маселелер киргенин билдирди.

Данияр Сыдыков: Астанадагы саммиттин күн тартибине коопсуздук, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка маселелер кирди

Сүрөттүн булагы, President.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Данияр Сыдыков: Астанадагы саммиттин күн тартибине коопсуздук, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка маселелер кирди

Би-Би-Си бул теманы терңирээк талдоого алуу үчүн эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгулга кайрылып, Борбордук Азиядагы мамлекеттердин интеграциялык процессинде кайсы факторлор негизги ролду ойнойт деп сурады.

Ч. Эсенгул: СССР тарагандан бери жыйырма алты жыл өтүп, аймактагы өлкөлөр экономикасында өзүнчө бир моделдерди тандап, турукташып калды. Улуттук иденттүүлүк да кайсы бир деңгээлде нукка түштү десек болот. Бул жолу эгемендүү мамлекеттердин диалогу болот го деген ойдо турам.

Бул интеграциянын эң биринчи баскычы экономикада башталат. Жалпысынан алганда экономикалык жактан Борбордук Азиянын потенциалы абдан күчтүү. Ошонун баарын эске алып туруп, транзиттик мүмкүнчүлүктү да жалпы орток пайдалансак мыкты болот эле.

Би-Би-Си: Эл аралык айрым эсперттер Борбордук Азияны бир бүтүндүк катары кароого али эрте, керек болсо ал мүмкүн эмес деген ойлорун айтып калышат. Буга эмне себеп?

Ч. Эсенгул: Биз Борбор Азиянын башы биригип, бир позицияны карманып, бир саясий субьект болсок, чоң геосаясаттын курмандыгында калбасак деп кыялданып келдик. Бирок дүйнөнүн логикасы экономикага абдан басым кылгандыктан биз да экономикалык базаны түзүп алсак жакшы болот эле. Андан соң саясий, социалдык-гуманитардык сфераларга өтүп алуу татаал эмес. Бирок экономикалык жактан алганда да чөлкөмдөгү мамлекеттер ар кайсы тарапты көздөп, башка-башка векторлорду карап калганбыз. Мисалы, Кыргызстан менен Казакстан ЕАЭБге мүчө болсок, Өзбекстан аны ойлонгон да жок. А Тажикстан болсо чынын айтканда ары жакты да, бери жакты да караган бойдон турат. Бирок саясий эрк болсо муну чечүү оңой эле нерсе.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 1

Би-Би-Си: Соңку жылдары деле эки же кээде үч тараптуу жолугушуулар өттү. Буга чейин беш мамлекет ынтымакты чыңдасак, бир бүтүндүккө жетсек деген аракет эмне себептен ишке ашпай келди?

Ч. Эсенгул: Туура суроо. Негизги бир нече себеп бар. Биринчиден, СССР ыдырап өз алдынчалыкка умтулуу жараянынын зор толкуну өттү. Бул обьективдүү жагдай эле. Андай учурда дегеле журулушуу идеясынан натыйжа чыкпайт.

Экинчиси, өз алдынчалыкка жетип, улуттук жол, улуттук иденттүүлүктү издеп калдык. Андай шартта аймактык маселени ойлонуу мүмкүн эмес экен.

Ч. Эсенгул: Кыргызстан өзгөчө жолду тандап келе жатканын коңшулар да, дүйнө да билип калды

Сүрөттүн булагы, President.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ч. Эсенгул: Кыргызстан өзгөчө жолду тандап келе жатканын коңшулар да, дүйнө да билип калды

Үчүнчүсү, геосаясаттын да таасири болду. АКШ өз моделин сунуштап башка жакка тартты. Россия болсо Ельсиндин тушунда көңүл кош караганы менен Путин бийликке келгенден тарта "Биз силерге жакын экенибизди унутпагыла" деген ишаратты кылып саясат жүргүзүп келе жатат. Себеби ал бир канча жыл Россия Борбордук Азияны көңүл сыртында калтырганын түшүндү.

Би-Би-Си: Мындан сырткары аймактык лидерлердин оң же терс таасири тийгенби?

Ч. Эсенгул: Эң маанилүү жана кызыктуу дагы бир фактор бар. Бул регионалдык фактор. Назарбаев менен Каримов бул чөлкөмдө кимдин гегемониясы орнойт деген таасирди талашты. Ар кимиси лидер болсок деп ар кайсы моделди сунуштап туруп алышты. Мындай шартта калган кичирээк мамлекеттер эч нерсе кыла алган эмес. Каалайбызбы, каалабайбызбы чөлкөмдө Казакстан менен Өзбекстан эң маанилүү ролду ойнойт. А бүгүн башталып жаткан жыйындын мааниси менен өзгөчөлүгү ушунда - эки мамлекет эки жээкте турбастан биргелешип демилге көтөрүп жатат. Буга убакыт келди окшойт.

Ч. Эсенгул: Назарбаев менен Каримов бул чөлкөмдө кимдин гегемониясы орнойт деген таасирди талашты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ч. Эсенгул: Назарбаев менен Каримов бул чөлкөмдө кимдин гегемониясы орнойт деген таасирди талашты

Учкай тарыхына кайрылсак, 1991-жылы СССР тарап жаткан чакта ушул эле беш мамлекеттин президенттери Ашхабадда жолугушкан эле. СССРди куруп атканда Россия, Белорусия, Украина чечүүчү ролду ойносо, кайра эле СССР тарап атканда да дал ушул үч өлкө кыймылдатчу ролду ойногон. Ошондон улам 91-жылы Ашхабаддагы жолугушууда Сапармурат Ниязов "биз азиялыктар эмне кылабыз" деген суроо менен чыккан. Ошондон улам Central Asian Commonwealth (Борбордук Азия достугу) деген пайда болгон. Бул тарыхий архивдерде да бар. Ошентип келишимдерге кол коюлуп, бир канча жолу саммиттин жолугушуулары да өткөн. Бирок бир мамлекет урап аткан чакта кеп-сөзгө келүү формалдуу бойдон гана калат экен. Бул ошентип ишке ашкан жок десек болот.

Чынара Эсенгул: Биз Борбор Азиянын башы биригип, бир позицияны карманып, бир саясий субьект болсок, чоң геосаясаттын курмандыгында калбасак деп кыялданып келдик

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чынара Эсенгул: Биз Борбор Азиянын башы биригип, бир позицияны карманып, бир саясий субьект болсок, чоң геосаясаттын курмандыгында калбасак деп кыялданып келдик

Би-Би-Си: Тышкы таасирлерди талдап, чечмелеп берсеңиз.

Ч. Эсенгул: 2000-жылдары Россия ЕврАзЕс деген структураны күчөтө баштады. Ал учурда Central Asian Cooperation Organization деген да бар эле. Россия ошого мүчө болуп кирсек деген оюн билдирип, ар кандай талкуулар болду. Ошондон бир жыл өтпөй ал уюмду жок кылуу чечими кабыл алынды дагы ЕврАзЕс күчтөнө турган болду. Муну аягы ЕАЭС болуп калды. Натыйжада мурунку уюмдашуудан эч кандай жыйынтык чыккан жок. Мында Россиянын терс салымы абдан чоң болду.

Эми АКШнын таасирине токтололу. Центразбат деген бар эле. Ал кезде АКШ ар кандай форматтарды сунуштап, үйрөнүүгө мүмкүндүк берген эле. Бирок алар башын баштаганы менен аягына чыгарбай таштап салды. Бутуна тура албай жаткан шартта андай мамлекеттер бириге алган жок. Ошол жагдайларды эске алып АКШ же Евробиримдикке соболум бар. Алар эмне үчүн жаңыдан буттан туруп аткан учурда жакшылап каржылап, моделдерди толук кандуу сунуштаган эмес. Балким, биз азыр такыр башка нукта өнүгүп кетмекпиз.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 2

Эми Кытай боюнча айтсак. Менимче бул мамлекет саясатка киришпегени менен такыр башкача оюнчу. Негизги коркунуч да ошол тараптан деп ойлойм. Себеби, Кытай экономикалык жактан баарын көз каранды кылып койду. Беш мамлекттин баарысынын Кытайга болгон тышкы карызы абдан жогору. Бул куру сөз эмес, бул факт. А фактылар абдан өжөр. Экономикалык күч саясий күчкө бир заматта айланып кетээри турган иш. Аны биз азыр сезбей жатабыз. Бирок жакынкы келечекте аны эмне менен тең салмактайбыз? Буга жооп жок. Ал эмес Россия керек болсо Батыш мамлекеттери да экономикалык жактан Кытайдан көз каранды экенин түшүнүп турабыз.

Би-Би-Си: Саммит өтүп, Борбор Азия интеграцияны күчөтөлү дей турган болсо, ал алянстан Кыргызстан эмнеси менен орун табат деп ойлойсуз?

Ч. Эсенгул: Кыргызстан өзгөчө жолду тандап келе жатканын коңшулар да, дүйнө да билип калды. Биз ачык саясат, ачык коомду куру кыялдары менен келе жатабыз. Жарандык коом абдан күчтүү. Парламентаризмден да биз абдан көп сабак алып жатабыз.

Коңшулар муну карабай койгон жери жок. Керек болсо алар биздин жетишкендик эле эмес, катачылыктарыбыздан да көп нерселерди үйрөнүүгө жол ачылат. Маселен, Казакстанда Назарбаевдин парламентаризмдин таасирин күчөтүү керек деген ою да жөн жерден эмес.

Би-Би-Си: Борбордук Азиянын бүтпөгөн талашына айланган суу маселеси кантип чечилиши мүмкүн?

Ч. Эсенгул: Бул маселе 2-3 жылга чейин күн тартибине кирбейт деп ойлойм. Себеби биринчи экономикадан баштайт. Аны күчөтүү үчүн багыт чек ара маселесине оойт. Акырындап олтуруп суу маселесине ушундай табигый жол менен кезек келет го. Себеби, бул геосаясат менен байланышкан өтө олуттуу маселе.