Тарых барактары: Кыргызстан-Өзбекстан ортосундагы коңшулук мамиле
Ушул аптанын башында Кыргызстан акыркы он жылдан бери биринчи жолу Өзбекстандын расмий делегациясын кабыл алды. Ош шаарына келген коноктор маданий иш-чараларга катышып, шаардын жашоосу менен таанышышты. Андан мурун кыргызстандык делегация Анжиян шаарына барган. Расмийлер бул жолугушууларды маданий, экономикалык карым-катнашты калыбына келирүү аракети катары баалашууда. Тарыхчы окумуштуулар Тынчтыкбек Чоротегин менен Кыяс Молдокасымов кыргыз-өзбек мамилеси туралуу маек курушат.