Кремль: Санкт-Петербургда теракт даярдалып жатканын ЦРУ эскерткен

Сүрөттүн булагы, RUSSIAN FEDERAL SECURITY SERVICE/TASS
Санкт-Петербургда теракт даярдалып жатканы тууралуу маалыматты АКШнын Борбордук чалгындоо комитети берген деп билдирди Кремль.
Маалыматта айтылгандай, Орусия президенти Владимир Путин жекшембиде АКШ президенти менен болгон телефон сүйлөшүүсүндө бул маалымат үчүн ыраазычылык билдирген. Кол салууну алдын алууга жана аны даярдап жаткан шектүүлөрдү кармоого мүмкүн болгонун айткан.
Расмий билдирүүдө, орус президенти америкалык кесиптеши аркылуу кол салуу даярдалып жатканы тууралуу маалыматты алган ЦРУнун директоруна жана АКШнын чалгын офицерлерине ыраазычылык билдирди деп айтылган.
"Орусиянын президенти өзүнүн америкалык кесиптешине АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы тарабынан берилген маалымат үчүн ырахматын айтты. Бул маалымат Санкт-Петербургдагы Казан соборунда жана бир катар кишилер көп жүргөн жерлерде жардырууну пландаган террордук топтордун изине түшүп, аларды кармоого жардам берди»,-деп айтылат билдирүүдө.
Путин ошондой эле Трампка «орусиялык атайын кызматтар АКШга жана анын жарандарына каршы террор коркунучу боюнча маалымат алган учурда өнөктөштүк каналдары аркылуу дароо америкалык кесиптештерине жеткирерин» ишендирген.
Телефон сүйлөшүүсү орус тараптын демилгеси менен болду деп белгиледи Кремлдин басма сөз кызматы. Сүйлөшүү болгонун Ак үй дагы расмий тастыктады.
Өткөн аптанын жума күнү Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Санкт-Петербургда жардырууну пландаган топ кармалганын билдирген. Малыматта айтылгандай, жардыруу 16-декабрга пландалган экен. Жалпысы болуп буга шектелип жети киши кармалган. Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматында, кармалгандардын баары өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топтун идеясын колдогондор.
Атайын кызмат тараткан тасмаларда кармалган шектүүлөрдүн бири Евгений Ефимов Казан соборун жардырууну пландап жүргөнүн моюнуна алганын көрүүгө болот. Тасмага кармалган башка шектүүлөр дагы тартылган. (AbA)









