Мадрид менен Барселона: каталониялык референдумга эки көз караш

Барселона тургуну кубанычын жашырбайт, Мадриддеги акцияга чыккандар болсо биримдикке чакырып жатышат.

Сүрөттүн булагы, AFP\getty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Барселона тургуну кубанычын жашырбайт, Мадриддеги акцияга чыккандар болсо биримдикке чакырып жатышат.

Каталония өкмөтүнүн жетекчиси Карлес Пучдемон көз карандысыз өлкө курууга укук алдык деп жарыялады. Мадриддин каршылыган карабай өткөрүлгөн жекшембидеги рефрендумда шайлоого катышкандардын 90 пайызы колдоп добуш берди деди Каталония бийлиги.

Бирок катышуу өтө деле жогору болгон эмес. Каталония бийлиги жалпы шайлоочулардын 42,3 пайызы шайлоого келгенин кабарлады.

Жекшембиде Каталонияда өткөрүлгөн рефрендумдан кийин дүйнөдө Мадрид менен Барселонадан башка каршылашкан шаарларды табуу кыйын болуп калды окшойт.

Референдум Испаниянын конституциялык соту тарабынан мыйзамсыз деп табылып, Мадрид тарабынан өткөрүүгө тыюу салынган. Бирок ошого карабастан Барселонанын тургундары добуш берүү үчүн келишти.

Би-би-си кабарчылары жекшемби күнкү референдумдун жүрүшүн эки шаардан байкоо салышты.

Барселонадан көз караш - Пирс Скофилд

Видеонун түшүндүрмөсү, Riot police were seen using batons and kicking people to block voting

Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой жекшембиде кечинде элге кайрылуу жасады. Аны башка дүйнөдөн келген киши сыяктуу кабылдаган каталондуктарды дагы түшүнсө болот.

«Биз бүтүндөй дүйнөгө үлгү болдук»,-деди испан премьери. Кандай көрүнүштөн алганда үлгү болду, бул суроо талаштуу.

«Алар акмак экен, жөн эле акмак экен»,-дейт 21 жаштагы Мерикселл Рос бизге атасынын жонундагы көгөргөн тактарды көрсөтүп жатып. Анын атасы испан полициясы менен кагылышуу учурунда жаракат алган. Улуттук полиция добуш берүү участокторуна бюллетендер ташталган үкөктү конфискация кылуу үчүн келген.

Жүздөгөн кишилер элдик бийликти демонстрация кылып, желим октор жааганына карабастан, союл тийгенине карабай полицияны чегинүүгө аргасы кылды.

Бул күн күтүлбөгөндөй зомбулуктар менен эсте калды. Ал эми баары тынч башталган эле.

Таң атпай себелеп турган жамгыр астында жүздөгөн каталондуктар Барселонанын чок ортосундагы Грасия районундагы мектепке чогулду. Алар добуштарын сактап калуу үчүн келишкен.

полиция

Сүрөттүн булагы, BORIS LLONA VIA TWITTER

Даниэль Санчес бул жерге түнкү саат бирде келгенин айтып берип, «Чоң атам мени менен сыймыктанмак» дейт ал. Мындай маанайда сүйлөгөн ал жалгыз киши эмес.

Бул мектепке эки полиция кызмактери келип, үн-сөзсүз турган топ кишилерди көрүп, артка кайтып кетти. Анын артынан «Votarem!» - «Биз добуш беребиз!» деген кыйкырыктар менен узатып коюшту.

Көп өтпөй социалдык тармактарда Мадриддин буйругу менен добуш берүү жайларына күч менен кирип барып, кишилерди сыртка сүйрөп чыгып жаткан полициянын аракеттери тартылган сүрөттөр жаады. Тасмалардын биринде аялды чачына сүйрөп бараткан кадр тартылып калган. Барселондагы шайлоо участкасында полиция аялдар менен эркек кишилерди тепкичтен түртүп жаткан дагы тасмалар тарады.

Көп каталондуктар референдумду деле каалаган эмес. Бирок жекшембидеги окуялар көз карандысыздыкты жактагандардын катары көбөйтүп койгонсуду.

Мадридден көз караш - Жеймс Бэдкок

Мадридде жекшембиде эрте менен жикчилдикке каршы демонстрация өттү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мадридде жекшембиде эрте менен жикчилдикке каршы демонстрация өттү.

Каталонияда муну кысым катары кабылып алып жатышса, Мадридде көптөр муну мыйзамдуулукту жана улуттук биримдикти сактоо катары карап жатышат.

Испаниянын полициясы добуш берүү жайларынан күч менен кишилерди сүрүп чыгарып жаткан учурда, Мадриддеги Пласа-Майор аянтында жүздөгөн кишилер коопсуздук күчтөрүнө колдоо көрсөтүп, «¡Viva España!» ырын созуп турушту.

«Биз Испаниянын сактап калууга тийишпиз, анткени бул улуу өлкө»,-дейт өлкөнүн туусун колуна кармап ары-бери булгалап жаткан Роза Мария Гонсалес. Ал он миңдеген кишилер менен бирге Мадридде рефрендумга каршы демонстрацияга катышты.

«Биз радикалдар эмеспиз. Биз Испания бирдиктүү өлкө бойдон калышын каалаган жарандарбыз. Биз Каталонияны жакшы көрөбүз. Менин апам жана жубайым каталондук. Бирок Каталония биримдикке кошулган Шотландияга окшош эмес. Каталония ар дайым Испания болуп келген»,-дейт 32 жаштагы банкир Хорхе Капилья.

Испан өкмөтү демекчи, алар каталондук лидерлер менен көз карандысыздык боюнча ийри отуруп, түз кеңешүүгө эч качан даяр болгон эмес. Өкмөттүн вице-премьер министри Сорайя Саэнс де Сантамария добуш берүүнү фарс деп атады.

Бир нече саат өткөндөн кийин премьер-министр Мариано Раха референдум таптакыр болгон жок деди.

Испаниядагы экинчи чоң партия Эмгекчилер социалисттик партиясынын лидери Педро Санчес, «Твиттердеги» баракчасына жекшемби «испан демократиясы үчүн кайгылуу күн болду» деп жазды. Ал «сабырдуулукка жана кепке келүүгө чакырды». Санчес Каталониянын улутчул шарттарын чечүү жолдорун издеп, Испаниянын Баш мыйзамын реформа кылууну сунуштады. (AbA)