Каталония төбөлсүздүккө жетсе, «Барселона» эмне болот?

"Барселонанын" көптөгөн күйөрмандары Каталониянын төбөлсүздүгү боюнча идеяны колдошот.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Барселонанын" көптөгөн күйөрмандары Каталониянын төбөлсүздүгү боюнча идеяны колдошот.
    • Author, Жеймс Бэдкок
    • Role, Би-би-си, Мадрид

Акыркы жылдары футбол дүйнөсүндөгү эң көп наамдарды багындырган «Барселона» клубу Каталониянын төбөлсүздүгүнө байланыштуу маселеде кайдыгер мамиледе боло албасы турган кеп.

Клубдун эмблемасындагы каталондук туу 1-октябрга белгиленген көз карандысыздык боюча референдумдагы негизги символдордун бири болууда.

Испания бийлиги рефрендумду мыйзамсыз деп атап, добуш берүүгө жол бербейбиз деп турат. Полиция кээ бир каталондук чиновниктерди кармап, документтерин алып койгон.

Ушул окуялардын баары клубдун алдына да бир катар принципиалдуу суроолорду коюп жатат.

Биринчиден, эгерде эле Каталония төбөлсүздүккө жеткен болсо анда испандык премьер лига эң атактуу футбол командасынан ажырап калышы мүмкүнбү?

Экинчиден, бүтүндөй дүйнөгө таанылган мадриддик «Реал» менен «Барселона» клубунун ортосундагы беттешүү - Эль-Классико кандай болот? Азырынча каталондуктар негизги атаандашынан бир аз гана алдыда - «Реалды» 95 ирет утуп, 91 ирет жеңилишкен.

Көз карандысыздык боюнча кезектеги акциянын катышуучуларына "Барселона" өзүнүн стадионун берди.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көз карандысыздык боюнча кезектеги акциянын катышуучуларына "Барселона" өзүнүн стадионун берди.

Клубдун жетекчилиги алар саясат менен алектенбей турганын айтып келүүдө. Азырынча клубдун Каталониянын төбөлсүздүгү маселесинде эч кандай позициясы жок.

Деген менен 2014-жылы «Барселона» «Шайлоо укугу үчүн» деген улуттук кыймылдын келишимине кол койгон. Бул келишим рефрендумду колдогон саясый партиялардын жана саясаттан тышкары уюмдардын башын бириктирет.

Шаршембиде аймактык өкмөттүн мүчөлөрү кармалганда клуб ачык эле саясый билдирүү менен чыгып, «демократия, сөз эркиндигин» колдоду.

Алдыдагы күндөрдө же балким айлап созулуп, окуя кандай гана өнүкпөсүн «Барселона» ишенимдүү. Анткени кандай гана лиганы болбосун тандай алат. Ал тургай Каталония төбөлсүздүккө жеткен күндө дагы, Испания жөн эле «Барселонадан» айрылып калгысы келбейт деп эсептейт клубдагылар.

Алдыдагы күндөрдө же балким айлап созулуп, окуя кандай гана өнүкпөсүн «Барселона» ишенимдүү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алдыдагы күндөрдө же балким айлап созулуп, окуя кандай гана өнүкпөсүн «Барселона» ишенимдүү.

«Биз ошол эле «Эспаньол» ойнгон клубда ойной беребиз»,-деди жакында эле «Барселонанын» вице-президенти Карлес Виларруби. Бул жерде ал дагы бир каталондук клуб тууралуу айтып жатат. Бул клубдун фанаттары Испанияда ойногонду артык көрөт.

Буга жооп кылып, улуттук премьер-лиганын оюндарын уюштуруп жургөн Испания профессионалдык футбол лигасынын президенти Хавьер Тебас: "Эгерде Каталония бөлүнүп кетсе, анда «Барселона» кайсыл жерде ойной турганын өзү тандай албайт»,-деп билдирди.

Клубдагы булактар Би-би-сиге билдиргендей, «Барселонадан» ачык расмий билдирүү болбойт. Анткени азыр кеп «жөн эле окуяларды элестетүүнүн» айланасында эле жүрүп жатат.

«Эгерде эле Каталониянын бөлүнүп чыгуусу реалдуу болсо, анда клуб акыркы чечимди кабыл алардан мурун оюнчулардын жана күйөрмандардын пикирини сөзсүз эске алат»,-деп кошумчалады клубдагы маалымат берген булактар.

«Мен футболдун, жалпы эле спорттун күйөрманы катары «Барселонасыз» испан лигасын элесетете албайм»,-деген «Реалдын» башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан. (AbA)