Жомоктогудай Галапагос: фотоконкурстун жыйынтыгы

Галапагос аралдарындагы өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнө арналган жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан фотоконкурстун жеңүүчүлөрү жарыяланды.

Бул сүрөт жеңүүчү деп табылды. Автору Маккенна Полли. Сүрөт Фернандина аралындагы жээкте тартылган. Деңиздерди пааналап жашаган канаттуулардын бул түрү суу үстүндө чуркап бараткандай элес калтырат.

Конкурстун катышуучулары төмөндөгү номинациялар боюнча эмгектерин сунуштаган: "Жаныбарлардын жүрүм-туруму", "Ботаника", "Ландшафт", "Архипелагдагы адам" жана "Жаныбарлардын портрети". Соңку номинация боюнча Карлос Куэнка Солананын эмгеги биринчи орунду алды. Жалпы конкурстан ал экинчи орунду багындырды.

Үчүнчү орунга татыктуу болгон эмгек. Ташталып калган Siempre Angelito VI кемеси Сан-Кристобаль аралындагы жээкте акырындык менен урандыга айланып жатканы. Сүрөттүн автору Андреас Буэнано. Бул сүрөт "Архипелагдагы адам" номинациясы боюнча биринчи орунду алды.

Флореана аралында тартылган көк кытан. Эмгектин автору Иван Дарио Васквесал "Жаныбарлардын жүрүм-туруму" номинациясын жеңип алды.

Бул номинация боюнча экинси орунду алган Джеймса Робинстин эмгеги.

Шери Вандермолендин эмгегиндеги чоң кескелдирик. "Жаныбарлардын портрети" номинациясы боюнча экинчи орунду алды.

Эрик Уильямс "Ботаника" сыйлыгы боюнча жеңүүчү деп табылды.

"Ботаника" сыйлыгы боюнча экинчи орунду алган Николь Ахеррон тарткан сүрөт.

"Ландшафт" боюнча жеңүүчү Эрика Уильямстын эмгегинде Сан-Кристобаль аралынын жээктериндеги аскалар.

Шарлотт Бреттин бул эмгеги "Ландшафт" номинациясы боюнча экинчи орунга татыды.

Деңиз игуанасы адам колу менен жасалган көпүрөдө. Автор Карлос Куэнка Солан бул сурөтү менен "Архипелагдагы адам" номинациясы боюнча экинчи орунду багындырды.