You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Күн, Ай жана Жылдыздар: жылдын эң мыкты астрономиялык сүрөттөрү
Түндүк уюлдун жаркыроосу, күмүш түстүү булуттар, Айдын жаңыруусу, түнкү асман...Мындай сүрөттөрдүн баарын жыл сайын Гринвичтеги Королдук обсерватория тарабынан өткөрүлгөн астрономия боюнча сүрөт конкурсундагы эмгектерден көрүүгө болот.
Биз финалга чыккан эмгектердин айрымдарын сунуштайбыз. Жеңүүчүлөр 14-сентябрда жарыяланат.
Кытайдын Улуттук астрономиялык обсерваториясындагы станциянын үстүндөгү асмандан көрүнгөн Саманчынын жолу. Сүрөттүн автору Хайтун Юй.
Мурманск аймагындагы түндүк уюл жаркыроосу. Автор Юлия Жуликова.
Энсли Беннетанын бул сүрөтүндө Уайт аралындагы аскалар жана айдын жаңы жаңырган учуру.
Күндөн жогорку катмарга газ сыяктуу заттардын масштабдуу бүркүлүшү. Сүрөттүн автору Пол Эндрю.
Калифорния Сьерредеги ак карлуу чокулар, алтын тажылар... Автор Брэндон Йошизава.
Приска Лоу бул сүрөттү тартуу үчүн Гонконгдогу эң бийик Виктория чокусуна чыгып, мегаполистин укмуштуудай ачылган көрүнүшүн тартып алган.
Николас Александер Отто түндүк уюлдун жаркыроосун сүрөткө тартып алуу үчүн Лофотен аралдарына келген. Бирок ал болбой калып, деңизге сапар алат. Узак убакытка сейилдөөсү анын күтүүсүн актаган.
Сүрөттүн автору Роб Боуз Англиянын Портленд аралындагы Ла-Маншка кулап бараткан «жылдызды» кармаган.
Айдын фонундагы эл аралык космикалык станция. Бул сүрөттү Дани Каксета тарткан.
Күмүш түстүү булуттар, жолго жарык шооласы төгүлүп турат. Автор Руслан Мерзляков швед токойлорун аралап үйүнө келе жаткан жолдо тарткан.
Бардык сүрөттөр Insight Astronomy Photographer of the Year уруксаты менен жарыяланды.