You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Күн батып бараткан учурдагы керемет кооздук
- Author, Киран Херберт
- Role, BBC Travel
Мындай учур дүйнөнүн бардык жеринде - Жаңы Зеландиядан Канзас штатына чейин, Грециянын аралдарынан Полинезиянын жээктерине чейин орун алат.
Күн түнгө кезек берип, балбылдап батып бараткан учурдагы шумдуктуудай боектор менен күндүн сүрөт тарткан учуру.
BBC Travel кабарчысы сиздерге балким келечектеги саякатыңарга багыттама болуп кала турган жерлердеги сүрөттөрдү сунуштайт.
Жаңы Зеландиянын тоо чокуларындагы күн нуру
Жаңы Зеландияга күн башка өлкөлөргө салыштырмалуу эрте чыгат. Ошондуктан күндүн баткан учуру да эрте болот. 450 чакырымга созулуп Түштүк аралына чейин керилип жаткан Түштүк Альпы тоо кыркалары өзүнүн ак кар, көк музу менен көз тайгылткан кооздукту көзгө тартат.
Бул жердеги күн баткан учуру кайталангыс бир кооздукту берет.
Камбоджанын кечтери
Азиянын бейпил жээктери дүйнөдөгү мемиреген тынч жайлардын бири. Бул жер атайын дагы бир күн менен коштошуу үчүн жаралып калгандай керемет.
Камбоджанын Сиануквиль шаарында күндүн батып баратканын үнсүз карап турууга эмне жетсин.
Грек ырахаты
Санторини (Тира) гректердин 220 аралынын бири. Санторини ак таштардан курулган үйлөрү жана кооз жээктери, изумруд суусунан турган бассейндери менен өтө эле боектуу көрүнөт. Ал эми күндүн батып баратканы бул сүрөткө дагы кошумча колоритти берет.
Улуу туздүктөгү күндүн батышы
Канзас - көп бөлүгү дөңсөөлөр, адырлуу талаалардан турган АКШдагы аймак. Байыркы доорлордо бул Түндүк Америкадагы кең мейкин талаалардын көрүнүшү такыр башкача болгон экен. Түндүк муз океанынан Мексика булуңуна чейин созулган деңиздин түбү болгон.
Миллиондогон жылдардын ичинде бул чоң аймак кооз талаага айланган. Акырындап бул жерге адам буту жетип, 100 эле жылдын ичинде баарын жок кылды.
Азыркы учурда андай тааланын 4 гана пайызы калды. Бирок дал ушул жерде -жаратылыш коругунан күндүн баткан учуру керемет кооздукту берет.
Күндүн батканы текилланын даамы менен
Калифорния булуңундагы мексикалык Сан-Эстебан чакан аралы жерде-сууда жашаган жаныбарлардын көп түрдүүлүгү менен туристтерди гана эмес изилдөөчүлөрдү да өзүнө тартып келүүдө.
Күн батып бараткан учурда кадимкидей күн Жердин бир четине кулап бараткандай көрүнөт. Бактыга жараша, бул түбөлүккө эмес.
Полинезиядагы күндүн батканы
Туамоту архипелагындагы (француз Полинезиясы) Факарава аралы бул - бейишти элесетет. Өзүнүн сейрек канаттуулары, өсүмдүктөрү менен бул жер ЮНЕСКОНун биосфералык коругу деп табылган.
Факарава жаңы баш кошкон жубайлар арасында өтө популярдуу. Анткени бул жакка бал айын өткөрүү үчүн көп келишет. Көбүрөөк күн батып бараткан учурдагы көрүнүш эске сакталып калса керек.
Кирибатидеги күн менен кайырлашуу
Тынчокеандык Кирибати мамлекети Жердин бардык төрт жарым шарына чачырап кеткен. Анын 33 чакан аралынын бири шарттуу эл аралык датаны өзгөрткөн сызык менен чектешет.
Ушуга байланыштуу Кирибати Жердеги күн баткан эң акыркы аймактардын бири. (AbA)