К. Байболов: Трамптын саясатындагы кызыктар али алдыда

Сүрөттүн булагы, EPA
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп инаугурациясын утурлай өткөрүлгөн концерт учурунда Американы бириктирүү убадасын берди. Трамптын инаугурациясы бүгүн Бишкек убактысы боюнча түнкү саат он бирде башталат.
Кызматка кирише турган АКШнын жаңы президенти тууралуу кыргызстандык саясатчы, журналисттердин ар кандай пикирлерин жарыялаганбыз. Бул ирет Америкада жашап келген кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Кубатбек Байболовго кайрылып, ант берүү аземине катар эле каршылык акцияларынын себеби эмнеде деп сурадык.
К. Байболов: Бул шайлоо бүткөндөн кийин биз эмне кылып салдык, эми кандай болот деген кооптонуунун белгиси. Американын тарыхында көп жылдардан бери билинбей келе жаткан элитанын арасында бөлүнүү болду. Трамп жеңишке жеткенден кийин америкалык саясатчылардын, таасирдүү адамдардын арасында эми кандай болот деп кооптонуп каршы чыгып жатат. Себеби ушул. Узак жылдар бою мындай бөлүнүү болгон эмес.
Тарыхта афроамерикалыктар арасында Трамптай аз добуш алган учур болгон эмес. Себеби ал шайлоо алдында аларды чочута турган чакырыктарды айтып чыкты. Азыр он чакты конгрессмен, көрүнүктүү маданият ишмерлер ант берүү аземине барбайбыз деди. Бирок ошол эле учурда Трампты колдойбуз деп американын беш миң байкери келе жатат. Ушуну көрүп саясатчылар, серепчилер АКШнын өзүндө майдан бышып келе жататбы деп жатышат. Бирок американын демократиялык институттары өтө күчтүү жана бай тарыхка ээ. Ошондуктан Трамп келип эле же инаугурацияга каршы чыгып жаткандар эле кошмо штаттрынын саясатын кескин өзгөртүп жиберет дегенден алыс болушубуз керек.
Би-Би-Си: Каршы чыккандардын арасында Трамп суурулуп чыккан республикачыл партиянын эле мүчөлөрүн да көрүүгө болот. Себеби эмне болушу мүмкүн?

К. Байболов: Себеби Трамп өзү партиянын мүчөсү эмес да. Анын партия атынан талпкер болуп калышынын өзүнчө тарыхы бар. Ал эмес Трамптын талапкерлигине партия лидери да каршы чыккан. Ал бирок партия ичиндеги ыйкы-тыйкынын жеңип кетти. Эгерде менин талапкерлигимди көрсөтпөй турган болсоңор момундай кылам деп талаптарды койсо керек. Азыр партия ичиндеги көрүнүктүү мүчөлөр каршы чыгып атканы ошондон.
Жакында эле европалык өтө таасирдүү жыйырмага жакын саясатчы кат жолдоду. Алар Орусияга ыктаганыңызды коюңуз дегени. Сенаторлордун көпчүлүгү да алдын ала эле милдеттенмелерди моюнуңузга ала бербеңиз дешти. Анын жыйынтыгын биринчи маалымат жыйынында байкадыңар болуш керек. Он эки суроо берилсе, анын сегизи орусиянын хакерлеринин чабуулу деген чууга байланыштуу болду. Так жооп бере алган жок, кызаңдап уруша кете жаздаган учурлары болду. Ал эми президенттик администрациясын жетектейт деген адамды конгерссте бекитип атканда да ким бирөөлөргө күтүүсүз иш болду. Ага чейин эми Орусия менен тыгыз иш алып бара тургандар келди деп шатыра-шатман болуп аткандардын ойлору тетиринен чыгып калбадыбы. Администрациянын жаңы жетекчиси Орусияга каршы сүйлөөгө мажбур болду.
Би-Би-Си: Жакында эле мамлекеттик көрүнүктүү ишмерлеринин бири, Трамп өсүп жетилиш керек десе, Обама да коштошуу сөзүндө силерге жакпагандар менен ачык күрөшкүлө дегендей чакырык таштагандай болду. Бул эмнеден кабар берет?

Сүрөттүн булагы, OTHER
К. Байболов: Чынын айтканда Обаманын деле ичи чыкпай турган кези. Обама тарыхта абдан жогорку рейтинг менен кызматтан кетип жаткан президент. Бирок ал дал өзү жүргүзгөн саясаттын негизинде кийинки президент Трамп болуп келип жатканын моюнуна алышы керек.
Би-Би-Си: Сиздин оюңузча Трамп тышкы саясатында кандай жүрүштөрдү жасашы мүмкүн?

Сүрөттүн булагы, ThE TIMES
К. Байболов: Ал дүйнөдөгү эң таасирдүү мамлекеттин башчысы. Ыйгарым укуктары бар. Ошондон улам ал такыр эле чектелип калат же эч нерсе жасай албайт деген болбойт. Түп тамырынан өзгөртүп жибербесе да олуттуу маселелерди коюп, аны көзөмөлдөй алат. Ошондуктан кызыктын баары алдыда десек туура болот. Өзгөчө Орусия менен мамиле кандай өңүттө өнүгөт? АКШда он жети түрдүү чалгындоо кызматы бар. Алар биргелешип 35 барактан турган жыйынтыкты Трампка тапшырды. Ошондон улам Трамп мурда айтып келгендеринен баш тартып, хакердик чабуул болгонун моюнга алууга аргасыз болду. Азыр анын алдында чоң тандоо турат, ал өзүнүн чалгындоо кызматы менен макул болуп иш алып барабы же Орусия менен сүйлөшүүгө барабы? Эгер андай кадамга бара турган болсо Орусия тарап кандай талаптарды коюшу мүмкүн? Бул биз үчүн абдан маанилүү.
Би-Би-Си: Кыргызстанга түздөн-түз кандай таасирлер болушу мүмкүн?
К. Байболов: Чу дегенде эле мыйзамсыз мигранттарды чыгарам деди. Бул жагынан алганда Америкада жашырынып, статусу жок жүргөн кыргыздын улан, кыздары абдан көп. Азыр виза берилбей жатат. Себеби алар да статистиканы карап көрүп атат. Эптеп жетип алган эле кыргызстандыктар ал жактан чыкпай коюп жатпайбы.

Сүрөттүн булагы, RIA NOVOSTI
Ал эми эң чоң саясий жагы АКШ менен Орусия келише турган болсо Крым, Сирия ушуга окшогон чоң-чоң маселелер козголот. АКШ геосаясий кызыкчылыктарын коё турган болсо анда кудай билет, Орусия КМШ өлкөлөрүнө таасирибизге жол ачкыла деши толук мүмкүн. Эгер андай болсо жаңы империялык амбициялардын өңүтүндө калабызбы дейм.
Азыр Украинадагы болуп жаткан окуялар бизге түздөн-түз тиешеси бар. Украина менен Орусиянын ортосундагы келишпестиктин өзөгү кайда жатат? Бул Украинанын Европага карай багыт алышы менен эле түшүндүрүлөт. Калганы майда-барат эле шылтоо сыяктуу. Эгер өзүм билемдикти жазалайбыз десе, Украинанын эгемендигине катуу доо кетет. Андан да жаманы ал кезек башка мамлекеттерге да жетет.











