БУУнун Коопсуздук кеңеши элчинин өлтүрүшүн теракт деп атады

Пан Ги Мун

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун дагы өз билдирүүсүндө бул ойлонулбаган террордук чабуул акылга сыйбай турганын белгиледи.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Түркиядагы орус элчиси Андрей Карловдун өлтүрүлүшүн теракт деп атады.

"Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Түркиянын Анкара шаарындагы Орусия Федерациясынын элчиси өлтүрүгөн террористтик чабуулду кескин айыптайт» деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле бул террордук чабуулду уюштургандарды, аткаргандарды, каржылагандарды сөзсүз сот алдына алып келүү керектиги айтылган.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун дагы өз билдирүүсүндө бул ойлонулбаган террордук чабуул акылга сыйбай турганын белгиледи.

Дүйшөмбүдө Анкарада Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов сүрөт көргөзмөсүндө сөз сүйлөп жатканда белгисиз адам ок чыгарган. Элчиден тышкары бир нече адам жарадар болгону кабарланган.

Тартылып калган тасмада куралчан адам ок чыгарып, "Алеппону унутпа, Сириянын унутпа", -деп кыйкырган.

Түркия бийлиги дагы бул окуяны кескин айыптап, Москвага окуяны биргеликте иликтөө сунушун билдирди. Орус президенти Владимир Путин терроризм менен күрөштү күчөтүүнү талап кылды.