Орусиянын Түркиядагы элчиси өлтүрүлдү

Andrei Karlov

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов

Орусиянын тышкы иштер министрлиги Түркиядагы элчиси Андрей Карловко кол салуу болуп, ал курман болгонун тастыктады.

Андрей Карлов Сүрөт галереяда сөз сүйлөп жатканда белгисиз адам ок чыгарган. Элчиден тышкары бир нече адам жарадар болгону кабарланууда.

Кол салган адам Орусиянын Сириядагы аракеттерине нааразы болуп, бул кадамга барганы айтылууда.

Бир күн мурда Түркияда Орусиянын Сириядагы аба соккуларына каршы демонстрация өткөн.

Полиция куралчан адамды жок кылганын маалымдады.

The gunman after the attack in Ankara

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Куралчан адам Сирия жана Алеппо шаары тууралуу кыйкырып, ок жаадырган
People crouch in the exhibition room after the shooting in Ankara, 19 December

Сүрөттүн булагы, Burhan Ozbilici

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөт галереядагы адамдар октун үнүн угуп, тизелеп отуруп калышкан
Police secure the area in Ankara, 19 December

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Полиция тез жетип келип, аймакты курчоого алды

Андрей Карлов сөз сүйлөп жатканда, куралчан адамдын ок чыгарганын камера тартып алган. Ал "Алеппону унутпа, Сириянын унутпа", -деп кыйкырган.

Түркияда Орусияга каршы демонстрация өткөнү менен, Москва менен Анкаранын мамилеси оңолуп, Алепподогу эвакуация планы Орусия менен Түркия тарабынан иштелип чыккан.