You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
А.Атамбаевдин тарапкерлеринин митинги
Бишкекте мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери чогулган митинг парламентти таратуу, өкмөттү кетирүү, саясий куугунтукту токтотуу жөнүндө талаптарды койду.
«Медиа Форум» имаратынын алдындагы митинг "эски элитага каршы" деген ураан алдында өттү. Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыраттуу маселеси каралып баштаганда эле Кой-Таш айылындагы үйүнүн жанына боз үйлөр тигилип, "элдик штаб" түзүлүп, мурунку президенттин колдоочулары чогулушкан.
Митингге Кой-Таш айлынан бир топ унааны коштоосунда Алмазбек Атамбаевдин өзү дагы келип катышты.
"Азыркы парламент тараш керек. Албетте, азыркы өкмөт деле кетиш керек. Булардын колунан эч нерсе келбейт. Өкмөткө эл ишенген жаштарды алып келиш керек",-деди А. Атамбаев.
Ал бийликти "от менен ойнобогула" деп эскертип, "жоопкерчилик президенттин моюнунда" болот деди. Президент Сооронбай Жээнбековдун админстрациясы А.Атамбаевдин тарапкерлеринин митинги тууралуу азырынча расмий комментарий бере элек.
Атамбаев өзүнө коюлган айыптарды барын четке кагып келет, ошондуктан суракка чакырылса барар же барбасы чоң суроо болуп турат.
Бир катар саясатчылар Атамбаевди элге жамынып жатат деп сынга алууда.
Июндун соңунда Жогорку Кеңеш Башкы прокуратуранын корутундусуна таянып, Алмазбек Атамбаевди бир топ кылмыштарга катышы бар деген шек менен экс-президенттик макамынан ажыратты.
Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия Атамбаевди алты кылмышка катышы бар деген бүтүм чыгарган. Башкы прокуратура өз кезегинде депутаттык комиссиянын бүтүмүндөгү кылмыштардын бешөө боюнча гана колдогон корутунду берди. Тагыраагы, Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция, Тарых музейин оӊдоодогу, Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алуудагы, Кой-Таш айылындагы жер участкасын сатып алуудагы мыйзам бузуулар боюнча кине коюлуп жатат.
Алмазбек Атамбаев соңку билдирүүсүндө ага коюлган күнөөлөрдү "ойдон чыгарылган, жөөлүгөн калжырактык" деп атаган.