You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
А.Атамбаев: Ар бир чечимим үчүн жооп берем
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Экс-президент Алмазбек Атамбаев парламентте айтылган айыптоолор боюнча билдирүү таратып, "жалган дооматтар менен соттогулары келип жатат" деп бийликти сындады. Билдирүүдө Атамбаев президент кызматын аркалап тургандагы ар бир чечими үчүн жооп берүүгө даяр экенин айткан.
Кечээ күнү Жогорку Кеңеш "экс-президент Атамбаевди кол тийбестигин алуу жана ага күнөө коюу" тууралуу депутаттык комиссиянын корутундусун көпчүлүк добуш менен кабыл алган эле. Ал корутунду Башкы прокуратурага келип түштү. Эми окуянын мындан аркы өнүгүшү кандай болот?
"Өзөртө согуп, өчүбүздү алсак дешет"
"Сооронбай Жээнбеков менин оозумду жабуу үчүн ойдон чыгарылган айыптоолор боюнча мыйзамсыз соттоодон башка ыкма таппай турат. Бул максатта бир жылдан ашуун мөөнөттөн бери эң эле ыплас ыкмалар, жеткен ыплас саясатчылар, ыплас ушактар пайдаланылып жатат... Булар Атамбаевди кантип өзөртө согуп, өчүбүздү алсак деп турушат. Анткени Апрель революциясынан кийин алардын көпчүлүгү жеңилдиктеринен, мыйзамсыз жем жеген акырынан жана уурдаган мүлкүнөн кол жуушкан", -деп айтылат экс-президент А.Атамбаевдин билдирүүсүндө.
Алмазбек Атамбаев президент кызматын аркалап тургандагы ар бир чечими үчүн жооп берүүгө даяр экенин да айткан.
"Коркоктук менен шаша-буша Контитуцияны бузгандары, башка мыйзамдарды тоготпогондору, документтерди жашырышканы, парламенттин трибунасынан калп айтышканы чындык менин тарабымда экенин далилдеп турат", -дейт ал.
Бейшемби күнү Кыргызстандын парламенти "Экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө" токтомду 105 добуш менен кабыл алды. Ага беш гана депутат каршы добуш берген.
Алты айыптын мазмуну
Каршы добуш бергендердин бири КСДП фракциясынан депутат Альфия Саммугулина:
"Мурунку өлкө башчысына уюшкан кылмыштуу топторду түзүү боюнча да айыптар айтылып жатат. Бирок корутундуда кылмыштын белгилери же анын катышуу мүмкүндүгү тууралуу гана сөз болуп жатат. Юридикалык тил менен айтканда экс-президенттин күнөөсү бар экендиги тууралуу айныксыз далилдер жок да. Аны сот чечет. Мурунку өлкө башчысына оор айыптарды коюп жатабыз, тергөө маалында ал айыптар четке кагылса, Жогорку Кеңешке карата кандай жаза болот?",- деди.
Буга түшүндүрмө берип жатып, депутаттык атайын комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев "уюшкан кылмыштуу топ тууралуу экс-президентке карата айып Элдик куралтайда коюлганын, комиссия ал чечимге таянып жатканын" айткан.
Каныбек Иманалиев башкы прокурор Жогорку Кеңешке отчет бергени келгенде, "экс-президент убагында конституцияга каршы иш алып барып, кылмыштуу режимди түптөгөнү тууралуу шектенүүнү парламент токтомуна киргизсе болобу" деп сурап, "болот" деген жооп алышканын айтып өттү.
Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн шектүү негизде алты айып коюлду. Ал Бишкек ЖЭБин модернациялоо жүрүшүндөгү коррупциялык жосундар, Тарых музейин оӊдоодогу мыйзам бузуулар, "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна катышы, Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алуудагы мыйзам бузуулар, Кой-Таш айылындагы жер участкасын сатып алуу маселеси боюнча жана Ысык-Көл районунун Чоӊ-Сары-Ой айылындагы 4,6 гектар жерди "Фрунзе Резорт" компаниясына чыгарып берип, анын бир участогун өзү пайдаланышы мүмкүн деп шектелүүдө.
Бирок анын тарапкерлери экс-президент маселесинде Жогорку Кеңеш регламентке шайкеш иш алып барбай, процедуралык эреже бузуулар болуп жатат деп сынга алышууда.
"Биздин эсептөөлөр боюнча макамдан ажыратуу жок дегенде эки же эки жарым айды талап кылмак. Бирок азыр аны өтө тездик менен ишке ашырып жатышат. Эки жума ичинде эле иштин көбүн кылып коюшту. Мыйзамдар бузулуп жатат",- деди КСДП фракциясынан депутат Асел Кодуранова
Баш мыйзам эмне дейт?
Башкы прокуратура экс-президентке күнөө коюу боюнча Жогорку Кеңештин токтомун иликтөөгө киришти. Парламент токтому келип түшкөнүн Би-Би-Сиге ырастап, бирок Башкы прокуратура документти кароо жана ага корутунду берүү мөөнөтү канчага созуларын так айткан жок.
Башкы прокуратура шектенүүгө негиз бар деген чечим чыгарса, экс-президенттин кол тийбестигин алуу үчүн Жогорку Кеңеш добуш берип, үчтөн экиси колдошу керек.
Экс-президентти макамынан ажыратуу боюнча түзүлгөн атайын комиссия Баш мыйзамдын 67-беренесине таянып жатат. Ага ылайык, алты жагдай боюнча шектенүүгө негиз бар деп айтылса, Жогорку Кеңеш үч айдан ашуун эмес убакытта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин ажыратуу боюнча чечим кабыл алышы керек.
Жогорку Кеңеш бул мөөнөт ичинде экс-президенттин макамынан ажыратуу бонча маселеде мунаса таба албай калса, анда шектенүүлөр жокко чыгарылат.
Конституцияда экс-президентти макамынан ажыратуу боюнча конкреттүү чаралар камтылган эмес. Мындан улам депутаттар аракеттеги президентти кызматынан четтетүү боюнча мыйзамды колдонуп жатышат.
Ошондой эле "Президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө" конституциялык мыйзамды негиз кылышууда.
Ошондуктан Атамбаевдин тарапкерлери экс-президентти макамынан ажыратуу боюнча парламенттин аракеттери укуктук негизден чыгып жаткан жокпу деген суроолорду көтөрүп жатышат.
Атамбаев-Жээнбеков тиреши 2018-жылы март айында болгон КСДП жыйынынан кийин ачыкка чыкты. Андан бери эки саясатчынын эрегиши өлкөдөгү саясий чыңалуулардын башкы себеби болду.
Талдоочулар болсо, Жээнбеков-Атамбаев тиреши саясаттагы мурда көрүнбөгөн жагдайларды ачыкка чыгарып жатканын айтышууда.