Саясий жердешчиликтин опурталдуу оюндары

    • Author, Венера Алымкул кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Атамбаевдин айланасында түзүлгөн кырдаал географиялык тирешүүгө айланып кетпейби деген кооптонуу күчөп турган чакта, Чүй боорундагы элдин аксакалдары жана абройлуу адамдары саясатчыларды элди бөлүп жарбоого чакырып жатышат. Айрым эксперттер элди жиктеген жоопкерчиликсиз сөздөргө жол берилген учурларды айтышууда.

Парламентте Алмазбек Атамбаевдин экс-президент статусун алуу маселеси каралып жатканда регионалдык маселелер дагы козголбой койгон жок. Жер-жерге бөлүнүүгө тынчсызданган депутаттар кыргызстандыктарды биримдикке чакырып, мыйзам тарапта болууга үндөп жатышат.

"Кимдер бирөө Чүйдү, Аламүдүндү же Арашанды бөлүп кетем десе, ал кыргыз элинин көзүн оюп алгандык менен барабар"- деди Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев.

Атамбаевди коргоо штабынан бийлик түштүктөн атайын даярдыктагы аскерлерди алып келип жатат деген пикир айткандар болду. Айрым бир саясатчылар кырдаалды географиялык бөлүнүүгө оодарып жиберүү аракетин көрүүдө деп тынчсыздангандар дагы жок эмес. Мисалы, Чүй боорундагы элдин аксакалдары өлкөдө жүрүп жаткан саясий оюндар укуктук талаадан аша чаап кеткенин айтып чыгышты.

"Булар элди бөлүп-жарып, өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланып жатат. Биз жалпы улут баалуулуктарын сактап, аларды элге- журтка жеткиришибиз керек. Саясий тирештер элдин эртеңки келечегине терс таасирин тийгизе турган болсо, маселени чечүүгө себепкер болушубуз керек. Койгула айланайындар, антпегиле деп айтканга биздин кудуретибиз жетет",- деди "Чүйдүн аксакалдары" бирикмесинин жетекчиси Ормон Шаршенов.

Элдик дипломатия

Саясат талдоочулар кыргыз коомунда уруучулук, жердешчилик маселелер илгертен болуп келгенин жана боло бере турганын айтышат. Алардын баамында, мындай көрүнүштү саясий аренада, жогорку бийлик бутактарынан да байкоого болот. Айрыкча бул курч саясий кырдаал түзүлгөн учурга мүнөздүү көрүнүш. Бирок өткөн замандарда уруулардын чыр-чатагы бийлердин, аксакалдардын, тагыраагы элдик дипломатиянын көмөгү менен чечилип келген. Азыр аксакалдардын сөзүнө саясатчылар кулак салабы?

"Аксакалдардан турган элдик дипломатиянын таасири күчтүү деп айта албайм. Анткени өз убагында аксакалдар деген сөз баркын жоготуп алган. Учурда аксакал деген атка татыктуу, эл сыйлаган кишини көрсөтүү кыйын. Маселен, убагында Чыңгыз Айтматов кыргыз-өзбек элинин ортосундагы жаңжалды токтотууга таасирин тийгизе алган. Учурда Айтматов, Жусуп Абдырахманов сыяктуу эл сөзүн укчу кадыры жогору кишилер жок",- деди саясат талдоочу Марс Сариев.

Жердешчилик, уруучулдук...

Элдин жер-жерге, уруу-урууга бөлүнүүсү эч убакта жакшылыкка алып келбей турганы ырас. Андыктан учурда тирешип жаткан тараптар мунасага келиши керек жана бул абалдан чыгуунун эң жакшы жолу дешет эксперттер.

"Буга чейин мамлекетти башкарып, маанилүү кызматтарды аркалап келгендер, эл арасында кадыр-баркка ээ жарандарыбыз биригип, эки тарапты ынтымакка чакырып койбогону өкүнүчтүү. Акыры келип Алмазбек Атамбаевдин экс-президент статусу алынып отурат",- деди Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Надира Нарматова.

Соңку күндөрү Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнүн жанына аны коргоо штабы уюшулуп, алар кандайдыр бир каршылык аракеттерине даярданып жатканы тууралуу маалыматтар тарап жатат.

Өз кезегинде Атамбаев жана анын тарапташтары мыйзамсыз кадамдарга барбайбыз дешүүдө.

Кечээ Жогорку Кеңеш Атамбаевди кол тийбестик укугунан ажыраткан эле. Анын иши боюнча маалымат берип жатып, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаев өлкөнү башкарган жылдары ыйгарым укуктарынан аша чаап, мамлекеттин кызыкчылыгына оор залака келтирген деп билдирди. Ошондой эле ал мурдагы президенттин ишинде оор кылмыштын белгилери боюнча материалдар жетиштүү экенин айтты.

Алмазбек Атамбаев соңку билдирүүсүндө ага коюлган күнөөлөрдү "ойдон чыгарылган, жөөлүгөн калжырактык" деп атады.