You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жогорку Кеңеш экс-президентти кол тийбестик укугунан ажыратты
- Author, Венера Алымкул кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Жогорку Кеңеш Башкы прокуратуранын корутундусуна таянып, Алмазбек Атамбаевди бир топ кылмыштарга катышы бар деген шек менен экс-президенттик макамынан ажыратты. Парламентте 103 депутат бул чечимди колдоп добуш берди, алты депутат каршы болду.
Атамбаевдин иши боюнча маалымат берип жатып, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов экс-президент өлкөнү башкарган жылдары ыйгарым укуктарынан аша чаап, мамлекеттин кызыкчылыгына оор залакка келтирген деп билдирди. Ошондой эле ал Атамбаевдин иши боюнча оор кылмыштын белгилери боюнча материалдар жетиштүү экенин айтты.
Жогорку Кеңеш жоопкерчилиги
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөлөрү көзөмөл органынын корутундусун саясий куугунтук катары сындап чыгышты.
"Мен эч кандай суроо бербейм. Анткени берген жооптун бардыгы айыптоо өңүтүндө болот. Режиссердун көрсөтмөсү менен жооп бересиңер. Менин айтайын дегеним, мындан ары Башкы прокуратурага болгон ишенимим кетти. Биринчиден, коюлуп жаткан айыптардын бардык пункту, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топ түзүү маселесине токтолоюн. Ошол учурда КСДПнын бардык курамы экс-президент менен бир командада иштеген. Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы, премьер-министр бирге иш алып барган. ЖЭБ боюнча мыйзам долбоору парламентте ратификация болгон. Бул процедурага катышкандар дагы кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек. Мыйзамдын башында турган депутаттык корпус тарабынан учурда болгон мыйзамдар бузулуп жатат",- деди депутат Ирина Карамушкина.
Атамбаевдин кылмыштык иштерин иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев экс-президент менен эч кандай жеке талаш-тартышы жок экенин, ал өзүнө-өзү ор казганын айтты.
"Анын үч көйгөйү бар. Биринчиси, өзү түзгөн партия менен, экинчиси, өзү жетектеп, кол койгон үч кодекс менен, үчүнчүсү, акыркы жети жылда сотторду дайындоону, иштен бошотууну, тандоону, ал тургай сотторго сөгүш берүүнү өзү чечкен. Демек, Атамбаев бүгүн кыргыз элине, парламентке, Башкы прокуратурага, өкмөткө доо айта албайт. Доону өзүнө, өзү кол койгон кодексттерге жана өзү дайындаган сотторго айтышы керек".
"Саясий кырдаал бычак мизинде"
Айрым депутаттар күч органдарын ишти саясатташтырбай, мыйзам чегинде алып барууга чакырды. Ошол эле учурда чагымчыл күчтөр кырдаалды пайдаланып, бузукулук кылабы деген чочулоо болуп жатат. Талдоочулар баамында өлкөдөгү саясий кырдаал бычак мизинде турат.
"Ошондуктан тергөө иштерине кыргызстандыктар гана эмес, башка өлкөлөр дагы көңүл буруп турат. Аны бийлик дагы түшүнүп турат. Андыктан тергөө процесси ачык, адилеттүү жүрүп, керек болсо эл аралык эксперттердин, юристтердин катышуусунда саясий-юридикалык баа берилиши керек. Бул иштин жыйынтыгы Кыргызстандын келечегине чоң таасирин тийгизет",- Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев.
Тарапташтарга таянуу...
Өлкөдө саясий абал курчугандан тартып Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнүн жанына боз үйлөр тигилип, "элдик штаб" түзүлүп, экс-президенттин колдоочулары чогулууда. Бирок Атамбаевди элге жамынып жатат деп сынга алышууда.
"Эгер ал киши өз эрки менен мыйзам алдында жооп берүүгө даярмын десе, анда кыргыз эли "чыныгы эркек экен, бизди алты жыл эркек башкарыптыр" деп аны сыйлап калмак. Биз 2010-жылы болгон окуяларды көрдүк. Ал учурда аялдарды алдыга салып коюп, артына түшүп алып чагымчыл иштерге баргандар болгон. Ал элге жамынып алып, эч нерсе кыла алышпайт деп ойлоп жатат. 2010-жылы Бакиев Тейитке качып барып, кемпир-кезекти"эр болсоңор кармап алгыла деген". Бирок андан деле өттүк. Жоопкерчиликтен керек болсо мен-мендеген кылмышкерлер качып кутулган эмес",- деди саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Би-Би-Сиге.
Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия Атамбаевди алты кылмышка катышы бар деген бүтүм чыгарган. Башкы прокуратура өз кезегинде депутаттык комиссиянын бүтүмүндөгү кылмыштардын бешөө боюнча гана колдогон корутунду берди.
Сөз Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция, Тарых музейин оӊдоодогу, Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алуудагы, Кой-Таш айылындагы жер участкасын сатып алуудагы мыйзам бузуулар жөнүндө болуп жатат.
Алмазбек Атамбаев соңку билдирүүсүндө ага коюлган күнөөлөрдү "ойдон чыгарылган, жөөлүгөн калжырактык" деп атады.
Ошондой эле Артыкбаев менен Атахановдун көрсөтмөлөрү да кысым астында алынганын, Батукаевдин бошотуу аферасын кимдер ойлоп таап, кимдер акча алганын Батукаев өзү айтып берет деген ойдо экенин айтты. Керек болсо бул иш боюнча Орусия президенти Путин да өзүнүн сөзүн айтышы керек деди.