Абу-Дабиде Орусия, Украина жана АКШнын сүйлөшүүлөрү башталды

    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында Орусия, Украина жана АКШнын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү башталды. Президент Зеленский бул жолугушууну "согушту токтотууга карай жасалган бир кадам" деп сыпаттаган. Анын айтымында, башкы тема аймак маселеси болот. Төрт жылга жакын убакыт мурда Москва Украинага каршы толук масштабдуу согушун баштагандан бери үч тарап биринчи ирет жолугууда.

Сүйлөшүүлөргө кимдер катышууда?

Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөргө АКШнын атынан президенттин атайын өкүлү Стив Уиткофф жана президент Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер катышууда. Кремль сүйлөшүүлөргө АКШнын Федералдык сатып алуу кызматынын комиссары Жош Груенбаум кошулганын билдирген.

Украин делегациясынын курамында Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров, президенттик аппараттын жетекчиси Кирил Буданов, анын орун басары Сергей Кыслыця, "Эл кызматчысы" фракциясынын жетекчиси Давид Арахамия, Украинанын Башкы штабынын жетекчиси Андрей Гнатов, Башкы чалгындоо башкармалыгынын өкүлү Вадим Скибицкий жана башка бир катар адамдар бар.

Орус делегациясын Башкы штабдын башчысы Игорь Костюков жетектейт. Президент Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргендей, делегациянын курамында Орусиянын Коргоо министрлигинин жетекчилигинин өкүлдөрү да бар.

Кайсы маселелер талкууланат?

Бул жолугушуунун алдында, бейшемби күнү Москвада Кремль менен АКШнын делегациясынын ортосунда төрт саатка созулган жолугушуу өткөн. Ал сүйлөшүүлөр "маалыматка бай жана ачык-айкын" өткөнү кабарланды.

Ал күнү президент Зеленский Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумга президент Трамп менен жолугушуу үчүн учуп барган. Украин лидери алар тынчтык келишими түзүлгөн учурда АКШнын Украинага берчү коопсуздук кепилдиктери боюнча макулдашууга жетишкенин билдирди. Бирок ал Украинанын чыгышындагы аймак маселеси дале эң татаал бойдон калып жатканын айтты.

"Маселе жер тууралуу, биздин өлкөбүздүн чыгыш тарабы тууралуу болуп жатат. Ал маселени биз али чече элекпиз", - деди Зеленский.

Ал белгилегендей, үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы Донецк жана Луганск облустарынын макамы болот. Ал бир күн мурун жолугушуу "техникалык деңгээлде" өтөөрүн айткан.

Ал эми Кремль акыркы сааттарда билдирүү жасап, согушту токтотуу маселесинде кандайдыр бир келишимге жетишүү үчүн Киев Донбасс аймагынан чыгып кетиши керектигин билдирди.

Би-Би-Синин Чыгыш Европа боюнча кабарчысы Сара Рейнсфорддун талдоосу:

"Албетте, Украина ага берилчү коопсуздук кепилдиктери талкууланса деп үмүттөнөт. Украина бул жаатта АКШ менен орток пикир табылды деп ишенүүдө. Ал келишим "Орусия келечекте кайрадан кол салса эмне кылуу керек, андай учурда АКШ аскердик колдоо жаатында Украинага эмне кылып бере алат" деген маселени камтыйт. Ошентип, Вашингтон менен Киев бул боюнча кандайдыр бир келишим бар деп эсептеп жатат. Бирок эми ал келишим боюнча Орусия эмне дейт? Бул чон маселе жана анын жообу ачык бойдон калууда. Анан, албетте, аймак маселеси да бар. Орусия согуш аркылуу ээлей албаган Донбасс аймагынын айрым бөлүктөрүн Украинадан тартып алгысы келип жатканын айтып келет. Ал Украина бул жерлерди өткөрүп бериши керек дейт. Украина кескин түрдө андай кылуудан баш тартууда. Анткени Украина ал аймакты коргоодо абдан кымбат бааны төлөдү. Андыктан Украинанын аны өткөрүп берүү ниети жок."