You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Чындыгында жагдай оор". Кыргызстандын тигүү тармагы туш болгон кыйынчылыктар
- Author, Венера Осмокеева
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Соңку айларда Кыргызстандын тигүү тармагы олуттуу сыноолорго туш болду. Орусия чек ара талаптарын катаалдаштыргандан улам экспорт солгундап, ага туруштук бере албаган бир катар цехтер жабылды. Айрым ишкерлер товарлары базарга жетпей, чыгымга учурап жатканын айтып, аткаруу бийлигине нааразы болууда. Ошол эле учурда муну көңүл коштук менен байланыштырып, бул тармактагы көмүскө иштин кесепети экенин айткандар дагы жок эмес.
"Абдан артка кеттик"
Тыкан, жарашыктуу жана заманбап стилде тигилген бул кийимдер Кыргызстандагы тигүүчүлөрдүн колунан чыккан. Аны Назира Жоробекова кол алдында иштеген он чакты кыз менен бирге даярдап, Орусияга жөнөтүп турган. Бирок соңку айларда анын тигүү цехи олуттуу кыйынчылыкка туш болду.
Назиранын айтымында, чек арадагы кырдаалдан улам товарын сыртка чыгара албай, ишкана чыгымга учурап жатат.
"Чындыгында жагдай оор. Аябай артка кеттик. 2-3 ай товар кетире албай, минуска кирдик. Жаңы жылдык сезонго көп товар тикмекпиз, бирок аны тиге албай калдык. Анткени жол жабык. Биздин бюджет аябай түшүп кетти. Жазгы товарды тигели десек, акча чыкпай жатат. Анткени 3-4 айдан бери киреше жок, чыгаша гана болуп жатат",- деди ал.
Ошого карабастан Назиранын цехи кыбырап иштеп жатат. Ал ири фабрикалар салыштырмалуу мындай кризистен жеңилирээк чыгып жатканын, майда жана орто тигүү цехтери туруштук бере албай көбү жабылып калганын айтты.
"Бизде мини цехтер көп. Алардын көбү жабылып калды. Азыр мага Инстаграм аркылуу жумушчулар тынымсыз жазып жатышат, жумуш жок деп. Күнү-түнү кайрылуулар келет. Мен өзүм Wildberries'ке тигем. Мурун салган товарларым бар болчу, ошол жактан бир аз каражат түшүп жатат. Ошонун эсебинен жумушчуларга маяна төлөп жатабыз. Мурда тигүүчүлөр акчаны бир жумада алса, азыр он беш күндө бир төлөнүп жатат. Эки жумада чогултуп берип жатабыз",- деди ал.
Он жылдан бери тигүү тармагында иштеп келе жаткан Назира буга чейин мындай оор абалга туш болбогонун айтат. Ал жол жакын арада ачылат деген үмүт менен даярдык көрүп жатканын билдирди:
"Жакында, январдын соңу, февралдын башы менен жол ачылат деп убада кылышты. Ошондуктан азыртан ишти кайра баштадык. Сезонго тигишибиз керек. Эгер жол ачылса, товарды дароо Орусияга киргизүү зарыл. Ошого камданып жатабыз".
Айтымында, Орусия чек ара талаптарын күтүүсүз жана алдын ала эскертүүсүз катуулатып жибергенден улам кырдаал курчуп кеткен. Ошол эле маалда кыргыз бийлиги эки ай бою активдүү чара көрбөй, аракетти кеч баштаганын белгилейт.
"Эки ай эч нерсе кылбай отура беришти. Тигүү тармагынын өкүлдөрү жапырт чыгып, нааразы боло баштаганда гана кыймылдай башташты",- деди ал.
Чек ара талаптары күчөтүлгөндөн бери орусиялык буйрутма берүүчүлөрдүн саны да азайган.
"Орусиялык буйрутмачылар да басандап калды. Азыр буйрутма дээрлик жок. Көп цехтер отурат, анткени жол жабык",- деди Назира.
Айтымында, соңку жылдары Кыргызстандын тигүүчүлөрүнүн болжол менен 80 пайызы Wildberries платформасына көз каранды болуп калган. Түз буйрутма бергендер мурдагы жылдарга салыштырмалуу кескин азайган. Бул көрүнүш Ковид пандемиясы маалында онлайн соода тездик менен өскөн учурда башталган.
"Ошол мезгилде ири буйрутмачылар Кытайга жана Өзбекстанга кетип калды. Аларда көлөм чоң. Чийки зат да өздөрүндө бар, ошондуктан баасы арзан. Айрыкча Өзбекстанда тигүү тармагы жакшы өнүгүп жатат. Жумушчу күчү арзан, мамлекет фабрикаларды колдойт, насыя берет, документация жагынан жардамдашат. Биз атаандаша албай калдык. Беш жыл мурун биз менен иштеген орусиялык буйрутмачылар азыр Өзбекстанга өтүп кетишти. Буйрутмачылардын 50 пайызын жоготтук. Азыр Кыргызстан тигүүчүлөрү үчүн эң чоң мүмкүнчүлүк - Wildberries. Анткени өзүбүз чыгарып, өзүбүз сатабыз",- деди ал.
"Биздин билимсиздиктен болду"
Замир Шамшиев тигүү тармагында 20 жылдан бери иштеп келет. Учурда анын цехинде 200гө жакын адам эмгектенет. Айтымында, соңку айларда тигүү тармагы туш болгон тоскоолдуктар анын фабрикасына олуттуу залака тийгизген жок. Ал товарларынын көбүн Орусияга, аз бөлүгүн Казакстанга жөнөтөт.
"Биз 2018-жылдан бери экспортёр катары иштеп келебиз. Бардык керектүү документацияны билчүбүз. Ошол тартип менен эле товарларды жөнөтүп жатабыз. Бизде көйгөй болгон жок. Документи туура болгон ишкерлер үчүн маселе чыккан жок",- деди ал.
Замир Шамшиевдин пикиринде, учурда жеңил өнөр жайда иштөөнүн жаңы этабы башталды. Тигүү тармагы жашыруун схемалардан чыгып, ачык жана мыйзамдуу ишке өтүүгө аргасыз болууда. Ал учурдагы көйгөйдү көптөгөн цех жетекчилеринин алдын ала даярдык көрбөгөнү жана мыйзам талаптарын жетиштүү билбегени менен байланыштырды.
"Бул өзүбүздүн эле тоскоолдук болду. Орусия тараптан да, Кыргызстандан да атайын бөгөт болгон жок. Баары биздин билимсиздиктен чыкты. Документтештирүүнү, стандарт кагаздарды кантип даярдоону көп ишкерлер билбейт. Ошондуктан кыйынчылыктар жаралды. Кыскасы, биз "серый схемадан белый схемага" өтүп жатабыз. Мен бул тармактагы ишкерлердин көбүн тааныйм. Мунун баарын алдын ала жасап, таза иштеш керек болчу. Бул куру доомат болуп калды",- деди ал.
Айтымында, буга чейин кыргызстандык көптөгөн ишкерлер Орусияга товар жеткирүүдө карго кызматтарын колдонуп келишкен.
"Карго аркылуу кандай жол менен жеткирилип жатканын биз деле билчү эмеспиз. Жөн гана санын айтып, товарды жиберип коюшчу. Документтерди карго компаниялар өздөрү толтурчу. Аларды кандай жол менен толтурчу бул жактагылар билчү деле эмес. Бирок азыр да Орусия салыгын төлөп, киргизе бер деп жатат. Учурда талап кылынган нерселер кадимки эле стандарт документтер. Кандай продукция, сапаты, курамы, канча даана, баасы канча ушуларды гана сурап жатышат",- деди ал.
Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагында Орусия негизги рынок болуп саналат. Өлкө эгемендик алгандан тартып эле тигүү тармагы товар жеткирүүнү карго системасы аркылуу ишке ашырып келген.
Бул коңшу мамлекетке товар жеткирүүнүн эң жөнөкөй жолу. Кыргызстанда даярдалган продукция каргого өткөрүлүп берилет. Андан ары товар чек арадан кандай жол менен, кандай документтер менен өтөрүнө карго жооптуу болот.
Бул схема көп жылдар бою тигүүчүлөр үчүн ыңгайлуу жана арзан альтернатива болуп келген. Ишкерлер бажы, сертификат, декларация, салык сыяктуу талаптар менен башын оорутчу эмес.
Айрыкча миңдеген майда жана орто цехтер дал ушул система аркылуу иштеп, рынокко тез чыгууга мүмкүнчүлүк алышчу.
"Мамлекет отуруп алган жок, аракет кылып жатат"
"Легпром" жеңил өнөр жай ишканалары ассоциациясынын директору Азамат Керимбек уулунун айтымында, бул өзгөрүүлөргө мамлекет да, жеке ишкерлер да даяр эмес болчу.
Кырдаалды жөнгө салуу үчүн ноябрда Экономика министрлигинин алдында атайын комиссия түзүлгөн. Анын курамына эксперттер, бизнес өкүлдөрү жана ассоциациянын мүчөлөрү кирген. Керимбек уулу кошумчалагандай, "учурда маселе дээрлик чечилип калды".
"Биз Евразия экономикалык биримдигине мүчөбүз. Ал жерде беш мамлекет бар жана маселени жалгыз Кыргызстан чечпейт. Бардык чечим коллегиалдуу түрдө кабыл алынат. Бул белгилүү бир убакытты талап кылат. Комиссия чогулуп, жол картасын иштеп чыкты. Маселе дээрлик 90 пайызга чечилип калды. Комиссия чек арага чейин барып келди. Мамлекет отуруп алган жок, аракетин кылып жатат. Президент менен да жолуктук. Ал киши биздин сектордогу абалды жакшы билет экен. Президент өзү жеке көзөмөлгө алып, жардам берип жатат. Учурда чечиле турган 10 пайыздай гана маселе калды. Ал Орусияга экспорт кыла турган товарлардын документтерин туура толтуруу тартиби. Эми документтерди чек арадан Федералдык бажы кызматы тоскоол болбогондой кылып, кынтыксыз толтуруу керек. Азыр Федералдык бажы кызматы, Wildberries сыяктуу ишканалар менен кандай документтер керек экенин тактап, макулдашып жатышат. Бул маселе чечилсе эле, пилоттук долбоор ишке кирет. Январдын аягында же февралдын башында алгачкы товарлар жөнөтүлө баштайт",- деди Азамат Керимбек уулу.
21-январда президент Садыр Жапаров өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү менен жолугушкан эле. Бирок жолугушуунун мазмуну боюнча кеңири маалымат берилген жок. Президенттин басма сөз кызматы тармактагы учурдагы көйгөйлөр талкууланганын гана учкай кабарлаган.
Ассоциация директору чек ара алгач жабылганда бул жагдайды алар көнүмүш адат катары кабыл алышканын айтат. Ал дал ушул себептен өкмөт кечирээк кыймылдаганын моюнга алды.
"Мамлекетке да маалымат кеч жетти. Баарыбыз күтүп отуруп калдык. Карго компаниялар да чыдай тургула, жол ачылат деп айтып жатышты. Сентябрдан ноябрга чейин күттүк. Анткени жыл сайын жыл башында же жыл аягында Орусиянын чек арасында 1-2 ай катуу текшерүү болуп, андан кийин кайра мурунку нукка түшүп калчу. Бул жолу да ошондой болот деп ойлодук. Көп жылдан бери эле ушундай практика болуп келген. Бирок бул ирет андай болгон жок. Орусия болду, эми мындай болбойт, жаңы мыйзамдар менен иштейсиңер деп койду",- деди ал.
Көйгөй качан башталды?
Кыргызстандын тигүү тармагындагы көйгөйлөр 2025-жылдын сентябрында Орусия жаңы салык мыйзамдарын кабыл алып, чек арадагы көзөмөлдү күчөткөндөн кийин курчуду.
Былтыр 25-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келгенде да бул маселе көтөрүлгөн. Сапардан кийинки маалымат жыйында ал чек арадагы текшерүүлөр күчөтүлгөнүн ырастап, аны документсиз өтүп жаткан фуралардын жана көмүскө импорттун көбөйүшү менен түшүндүргөн.
Мындай көрүнүштөрдөн улам Орусия бюджети миллиарддаган рубль бажы төлөмдөрүн жоготконун айткан.
Адистердин айтымында, учурда Кремль өз рыногун контрафакт жана контрабандалык продукциялардан тазалоо саясатын активдүү жүргүзүүдө.
Мындан улам Кыргызстандан гана эмес, Казакстан, Кытай сыяктуу башка өлкөлөрдөн кирип жаткан товарлар катуу көзөмөлгө алынууда.
Жеңил өнөр жай Кыргызстандын негизги экспорттук тармактарынын бири. Расмий маалыматтарга ылайык, экспорт боюнча биринчи орунду минералдык ресурстар, экинчи орунду айыл чарба, үчүнчү орунду жеңил өнөр жай тармагы ээлейт. Текстиль жалпы экспорттун 10-12 пайызын түзүп, жылына болжол менен 5 миллион долларлык продукция сыртка чыгат.
Учурда мыйзамдуу иштеп жаткан тигүү цехтеринин саны 3 миңге жакын. Андан тышкары басымдуу бөлүгү көп жылдар бою көмүскө экономикада иштеп келет.
"Сыртынан карасаң кадимки үй, ичине кирсең тигүү цехи. Жаңы конуштарга барып көргүлө. Көптөрүнүн документи жок, салык төлөбөйт, буйрутма алып иштей беришет. Бул тармакта 120-150 миңдей адамды иш менен камсыздалат. Бирок алардын 10-20 пайызы гана расмий катталган. Калганы толугу менен көмүскөдө. Ошол себептүү азыркыдай көйгөй жаралып жатат. Учурда мамлекет жеңилдик берип, айтып жатат. "Болду жетишет, 30 жыл көмүскө иштедиңер, эми чыккыла" деп жатат",- деди "Легпром" ассоциациясынын директору Азамат Керимбек уулу.
Маалыматка ылайык, 1-январдан тартып күчүнө кирген президенттин жарлыгы менен жеңил өнөр жай тармагына кошумча салык жеңилдиктери берилди. Учурда тигүү тармагында иштеген ар бир кызматкер үчүн киреше салыгы 440 сом 24 тыйынды түзөт.
Социалдык камсыздандыруу төлөмү болсо жумушчудан 1057 сом, иш берүүчүдөн дагы 1057 сом алынат. Буга чейин бул сумма дээрлик эки эсе жогору болчу.
Ошондой эле 2022-жылдагы салык реформасынан кийин өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар кирешеден болгону 0,25 пайыз салык төлөп келишет.
Буга чейин тигүү тармагында иштегендер тармак терең кризиске кептелгенин, аткаруу бийлиги кырдаалды өз убагында аңдабай, ийкемдүү болбой, ашыкча бюрократия алардын ишин ого бетер татаалдатып жатканын айтып чыккан.