Азоого чалма: Экс-президенттин акчасы да, куралы да бар

    • Author, Венера Алымкул кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда экс-президенттин жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн коммерциялык банктардагы депозиттик эсептери жөнүндө документтерди алууга сот уруксат бергени жана Атамбаевдин Кой-Ташта сүйлөгөн сөзү талкууну ого бетер курчутту.

Партия юристтери сот баш мыйзамга каршы чечим чыгарды деп жатканда, айрым саясатчылар экс-президент жөнүндө "эсиң барда, этегиңди жый" деген билдирүүлөрдү таратууда.

"Экс-президент жөнүндө мыйзам бузулуп жатат"

Сот чечими боюнча экс-президенттин айланасында калган социал-демократтар дароо билдирүү таратты. Анда Атамбаевдин жеке өзүнүн депозиттик эсеби, ал тургай банктык кутусу жок экени, анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн эч ким кутуларды ижарага алып пайдаланбай турганы айтылат. Банкта бир гана Раиса Атамбаеванын депозиттик эсеби болгон, бирок ал дагы камакка алынды. Партия өкүлдөрү бул элдин көңүлүн алагды кылуунун амалы деп жатышат.

"Экс-президенттин кол тийбестиги алына электе эле жүрүп жаткан мындай аракеттер, баш мыйзамды одоно бузгандык. "Экс-президенттин статусу жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесине ылайык, Кыргызстандын экс-президентинин кол тийбестиги ал ээлеген туракка жана кызматтык жайларга, пайдаланган транспортторго жана байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивдерге, башка мүлккө, документтерге жана анын кат кабарларына жайылтылат деп турат. Эгер анын кайсыл бир банкта каражаты болгон болсо, мурдагы президенттин мүлкү болуп эсептелет",-деди Би-Би-Сиге социал демократтардын юристти Нурбек Касымбеков.

Бул жерде экс-президент жөнүндө мыйзам бузулуп жатканын башка эксперттер да айтууда. Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашовдун айтымында, сот коммерциялык банктардан Алмазбек Атамбаевдин жана анын үй-бүлөсүнүн депозиттик эсептери, банк кутучалары жөнүндө документтерди алууга макулдук берүү менен "экс-президент жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесинин 2-пункттун бузуп жатат:

"Мыйзамга ылайык, Башкы прокуратура экс-президенттин ар-намысын коргогонго милдеттүү. Андыктан бул жагынан Атамбаев сотко кайрылса болот".

"Атамбаев адаттагыдай эле аша чапты"

Ал ортодо Атамбаев Кой-Ташта өзүнүн тарапташтары менен жолугушуу учурунда сүйлөгөн сөздөрү дагы отко май чачкандай болуп жаңжалды алоолонтуп жиберди. Анда айрыкча мурдагы мамлекет башчынын бул бийликке моюн сунбай турганы жана "өзүнүн курал-жарагы" жөнүндө айтканы катуу сынга кабылды.

Саясатчы Эмибек Каптагаев "Фейсбуктагы" өзүнүн баракчасында Атамбаевдин Кой-Таштагы сөзүн "жосунсуз аракеттер" деп атап, аны кишилердин тагдыры менен ойнобоого чакырды.

"Өз колуңуз менен күн карама, караөзгөй сот түзүмүн жараттыңыз. Айдактаган жакты жапырып баса кала турган прокуратура, коопсуздук кызматы жана милицияны түптөдүңүз. Оозуңуздан түшүрбөй "жерден алып көргө, көрдөн алып жерге" уруп жүргөн башкарууну кайра курдуңуз. Натыйжада коррупцияны гүлдөтүп өстүрдүңүз.Ошону менен Апрель Элдик революциясынын идеяларын саттыңыз, жеке кызыкчылыктар үчүн садага чаптыңыз. Ошондуктан, өзүңүз айтып жаткандай Кудайдын, элдин, тарыхтын сотуна даяр болгонуңуз чын болсо, анда жашоо чындыгына тике карап, тагдырдын мыйзамына баш ийгениңиз оң",- деп жазган саясатчы.

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев экс-президенттин Кой-Ташта сүйлөгөн сөзүнө укуктук баа берилиши керек дейт. Ал адаттагыдай эле аша чаап кетти деген эксперт экс-президентке дагы айыптоолор тагылышы мүмкүн экенин билдирди.

"Атамбаев өтө жаман саясий салтты түзүп жатат. Эгер ал кишинин күнөөсү жок болсо, "мен бардык суроолоруңарга жооп бергенге даярмын. Мен өзүм кол тийбестигимден баш тартам. Ал менин укугум жана милдетим. Менин эч кандай күнөөм жок. Мен аны тергөөдө далилдейм" деген пикирди айтса ошондо эл дагы ынанмак, коомдук пикир дагы ал тарапта болмок".

Депутаттардын демилгеси

Жогорку Кеңеш өткөн жумада Атамбаевди алты иш боюнча айыптап, өзүнүн корутундусун Башкы прокуратурага жиберди. Ал Бишкек ЖЭБин модернациялоо жүрүшүндөгү коррупциялык жосундар, Тарых музейин оӊдоодогу мыйзам бузуулар, Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна катышы, Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алуудагы мыйзам бузуулар, Кой-Таш айылындагы жер участкасын сатып алуу маселеси боюнча жана Ысык-Көл районунун Чоӊ-Сары-Ой айылындагы 4,6 гектар жерди "Фрунзе Резорт" компаниясына чыгарып берип, анын бир участогун өзү пайдаланышы мүмкүн деп шектелүүдө.

Эми Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин корутундусун колдосо, анда экс-президенттин кол тийгистик укугу алынып, кылмыш ишин козгоп, суракка алмай башталат. Бирок Атамбаевдин күнөөсүн сотто далилдеп, жоопко тартуу оңой иш болбойт деп жатышат.