Кой-Таш: экс-президент тарапташтары менен жолукту

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Чүй облсунун Кой-Таш айылындагы үйүндө элдик штабдын мүчөлөрү менен жолукту. Би-Би-Си кабарчылары экс-президенттин тарапкерлери тарабынан түзүлгөн штабда болуп келди.

Төмөнкү шилтемеден көрүңүз:

Түштөн кийин Алмазбек Атамбаев кайрылуу таратты. Анда президент Сооронбай Жээнбеков башында турган бийлик курулай дооматтар менен айыптап жатканы айтылат. Батукаевдин иши боюнча айтып жатып, орус президенти Путин дагы буга пикирин айтат го деген ишенимин билдирген.

"Артыкбаев менен Атахановдун мага каршы берген көрсөтмөлөрү да кысым астында алынганы ачык-айкын көрүнүп турат. Бул тергөө менен келишимге келүү эмес, өз ыйманына камчы чапкандык. Ыйман деле буларда калбаган окшойт. Убагы келгенде Батукаевдин иши боюнча болгон чындыкты Батукаев өзү жигитчесинен айтып берет деп ойлойм. Аны бошотуу боюнча афераны кимдер ойлоп тапканы, ага рак менен оорулуу, жакында өлөт деген документтерди ким даярдаганы, жана бул жардамы үчүн кимдер канча акча алганы жөнүндө ачык айтса болмок. Мен ошондой эле бул маселе боюнча Россия Президенти, урматтуу В.В. Путин да өз сөзүн айтаарына ишенем, анткени мен андан Батукаевди кайрадан Кыргызстанга кайтаруу жөнүндө оозеки да, кат түрүндө да далай жолу сурангам. Мен өзүмдүн президенттик мөөнөтүмдүн акыркы күнүнө чейин Батукаев кайра Кыргызстанга өткөрүлүп берилет деп ишенгенмин. Бүгүн бул фактылар туурасында кыргыз бийлиги унчукпай жатат",-деп айтылат кайрылууда.

Ушул апта ичинде парламентте экс-президент А.Атамбаевдин кол тийбестик макамын алуу боюнча маселе каралышы күтүлүүдө.

Жогорку Кеңеш «Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө» токтомду 105 добуш менен кабыл алган эле. Беш депутат каршы добуш берген. Атайын депутаттык комиссия Алмазбек Атамбаевге тогуз айыптан турган корутунду чыгарып, кийин үчөөнү кыскартты. Атамбаевдин тарапташтары муну саясий оюн жана мыйзамсыз аракет катары баалап жатат.

Депутаттык комиссиянын корутундусун Башкы прокуратура карап чыгып, кечээ күнү дагы бир дооматты кыскартып, бешөөнү негиздүү деп тапкан. (AbA)