You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Текебаев: Атамбаевди камоо эмес, күнөөсүн далилдөө маанилүү
Кыргызстандын парламенти «Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө» токтомду 105 добуш менен кабыл алды. Беш депутат каршы добуш берген.
Атайын депутаттык комиссия Алмазбек Атамбаевге тогуз айыптан турган корутунду чыгарып, кийин үчөөнү кыскартты. Атамбаевдин тарапташтары муну саясий оюн жана мыйзамсыз аракет катары баалап жатат. Абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев Би-Би-Сиге берген маегинде бул маселе боюнча берилген суроого жооп берип жатып, парламент шашылыш чечим кабыл алгандан мурун, экс-президентке тагылган айыптарды далил менен алып чыгышы керектигин айтты.
Маек толугу менен саналуу күндө жарыяланат.
Жогорку Кеңештин жыйыны төмөнкү шилтемеде:
13-июндагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында атайын комиссия түзүлүп, анын курамына КСДП фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, "Республика - Ата Журт" фракциясынан Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, "Кыргызстан" фракциясынан Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Алтынбек Жунус уулу, "Бир Бол" фракциясынан Бактыбек Турусбеков, "Ата Мекен" фракциясынан Каныбек Иманалиев кирген. Ошондой эле комиссиянын иштөө мөөнөтү жети күн деп белгиленген. (AbA)