Норвегиялык революция: өлкө электр учактарга өтөт
- Author, Стивен Даулинг
- Role, BBC Future
Норвегиянын өкмөтү 2040-жылга барып, өлкөнүн ички аба каттамдарынын баары кыймылдаткычы электр энергиясы менен кубат алган учактарга өткөрүлө турганын убада кылды.
Бул ишке ашса, дүйнөлүк авиация тармагындагы чыныгы революция болуп калмакчы.

Сүрөттүн булагы, iStock
Ушул жылдын жай айында Норвегиянын транспорт министри Кетил Солвиг-Ольсен жана аба майдандарын эксплуатациялоо боюнча иш алып барган Avinor компаниясынын директору Даг Фальк-Петерсен электр энергиясы менен кубат алган учак менен учушту.
Журналисттердин көз алдында алар эки кишилик Alpha Electro G2 учагына олтуруп, штурвалды Фальк-Петерсен башкарып, учуп кетишти. Учак кыска убакытка гана Ослонун үстүнөн учкан. Мунун эмнеси таң калычтуу?
Албетте, учактын кыймылдаткычы электр энергиясы менен кубат алганы. Алар көңүл ачуу үчүн учпаганы көрүнүп турат. Мунун менен Норвегиянын алдындагы пландардын олуттуулугун байкаса болчудан. Келечегинде бул өлкө атмосферага бүркүлгөн көмүр кычкыл газын кескин кыскартууну көздөп жатат.

Сүрөттүн булагы, iStock
Өкмөт 2040-жылга барып, бардык жергиликтүү аба каттамдарына электр учактарын колдонуу ниетин билдирди. Бул атмосферага бүркүлгөн парник газдарынын көлөмүн радикалдуу түрдө азайтуу планы деген сөз.
Бирок, олуттуу тоскоолдук бар: азыркы стандарт учактардай көлөмдүү электр учактары жасала элек. Азырынча рынокто электр энергиясы менен кубат алган чакан гана учуучу аппараттар бар.
Солвиг-Ольсен менен Даг Фальк-Петерсен учкан учак эки гана орундуу. Анан калса, алар учардын алдында катуу диета кармоого аргасыз болушкан. Фальк-Петерсен мындай абал жакында өзгөрөт деп ишенет.

Сүрөттүн булагы, iStock
Бир нече жыл мурун Норвегиянын жарандык авиация тармагынын жетекчилиги электр учактарына ишенбеген көз карашта болчу деп белгиледи Петерсен:
"Андан кийин болжолу үч жыл мурун биздин жетекчилер Тулузда Airbus компаниясында конокто болушту. Airbus компаниясында аларга бул жаатта катуу эмгектенип жатышканы тууралуу айтып беришкен. Мындай аракетти Boeing дагы көрүүдө. Алар бул Zunum Aero жана НАСА менен кызматташууда. Ошондон кийин бизде Норвегиядагы учууларды электрификация кылуу программасы жаралды".
Норвегия - мына ушундай эксперимент үчүн ылайыктуу жер. Өлкө аймагынын чоң бөлүгү тоолуу, аралдар көп. Ички каттамдардын көпчүлүгү кыска аралыкка учушат (Avinor компаниясы 46 аэропортту тейлейт).
Норвегия учак жасаган компаниялар 25-30 орундуу электр кыймылдаткычы менен жүргөн учактарды чыгарса дейт.
Унаа же темир жол, суу аркылуу карым-катнаш кылуу көп убакытты талап кылары белгилүү. Өзгөчө кар жааган мезгилде жолдо жүрүү татаал.
"Бизде учуунун узактыгы 15 минутадан 30 минутага чейин уланат,- деп кеп салды Фальк-Петерсен. - Ошондуктан биз ушундай программаны иштеп чыгуунун чечтик. Мунун алкагында мындай электр учактарын жасаган компаниялар бир-эки жылда программага катышуу үчүн атаандашып баштайт".

Сүрөттүн булагы, Zunum Aero
Норвегия учак жасагандар 25-30 орундуу электр кыймылдаткычы менен жүргөн учактарды чыгарса дейт. Алардын алгачкыларын 2025-жылдан тарта колдонууга берсек деген планы бар.
"Ушундай үлгүдөгү учактар электр кубаты менен уча алат деп ишенебиз",-деди Фальк-Петерсен.
Электроучактар азыр эле популярдуу болуп баштады. Roland Berger консалтинг фирмасынын маалыматы боюнча, өткөн жылы дүйнөдө ушундай 100гө чукул долбоор иштеген.
Словениялык Pipistrel ушуну менен иш алып барып жаткан компаниялардын бири. Компаниянын өкүлү Тая Боскарол учурда төрт орундуу электр учактардын үлгүсү боюнча иш жүрүп жатканын айтты.

Сүрөттүн булагы, JURE MAKOVEC/AFP/AFP/Getty Images
Taurus G4 - электр менен кубат алган дүйнөдөгү төрт орундуу алгачкы учак болуп калышы мүмкүн.
"Биз бир нече альтернативалуу түрлөрүн ойлоп чыктык. Айталы, төрт орундуу суутек моторлуу учак. Бизде гибрид кыймылдаткычка ээ үлгүсү да бар. Бул кыймылдаткыч толугу менен ишке жарамдуу жана муну биз алгачкы жолу 2019-жылы учурабыз деген план бар".
Pipistrel өкүлүнүн айтымында, эки жана төрт орундуу учактар машыгуу үчүн эле. Компаниянын 2025-жылга карата 19 орундуу гибрид кыймылдаткычка ээ учак чыгаруу планы бар.

Сүрөттүн булагы, iStock
Pipistrel атаандаш компаниялар дагы жок эмес. Американын Zunum Aero компаниясы дагы Норвегияга керектүү учактарды чыгарууну пландап жатат.
2013-жылы негизделген Zunum Aero инвестицияны авиагигант Boeing компаниясынан алган жана оор электролайнер чыгаруу боюнча иш жүргүзүүдө.
Компаниянын башкы директору Ашиш Кумар норвегиялыктардын планы аларды дароо эле кызыктырганын айтты:
"Биз мунун менен беш жылдан бери алектенип жатабыз Башка компаниялардын тажрыйбасын дагы эсепке алып, көп нерсени өздөштүрдүк".
Zunum Aero алгач 2022-жылга карата ички каттамдар үчүн 12 орундуу учак жасоону пландаган. 2027-жылга учуу аралыгы 1000 милге жеткен 50 орундуу учак чыгаруу пландары бар. Муну менен эле токтоп калбай, "1500 милге уча турган 100 орундуу авиалайнер иштеп чыгуу 2020-жылга барып реалдуу болуп калышы керек. Норвегия эмнени кааласа, ошону бергенге бизде мүмкүнчүлүк бар",-деди Кумар.
Конструкторлордун алдында кандай кыйынчылыктар турганы дагы кызыктуу. Канткенде учуу коопсуздугу бекем сакталган электр учагын ишке слаууга болот? Бул жатта ондогон долбоорлор иштеп жатат. (AbA)
Макала айрым кыскартуулар менен берилди. Макаланын түп нускасын англис тилинде BBC Future сайтынан окуңуздар.
.








