Ишеним соолуган соттор - бүтпөгөн реформа

Президент Жээнбеков сот тармагын сынга алды.

Сүрөттүн булагы, President.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Жээнбеков соттордогу коррупциянын жогору экенин февралда коопсуздук кеңешинде да сынга алган эле.
    • Author, Кубатбек Чекиров
    • Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек

Президент Жээнбеков сот реформасына арналган жыйында сүйлөп, сот тармагы уятсыз соттордон тазалана албай жатканын сынга алды. Мамлекет башчынын бул сөзү өлкөдө сот акыйкаттыгына, андагы коррупцияга нааразылык өтө жогорулап кеткен убакта болуп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков сот реформасындагы негизги көйгөйлөрдү жана биринчи кезектеги милдеттерди айтып жатып, сот тармагына тандалып келген судьялар деле ишеничти актабай жатканын баса белгиледи.

«Сот органдарында судьялык кадр алмашуулар мына болду. Жүрүш-турушу кынтыксыз эмес делген судьялардын көп бөлүгү кетти. Бирок жаңы тандоо жүргөндөн кийин деле сотторго жарандардын даттануулары азайган жок. Бул соттордун бардык деңгээлине тийиштүү. Судьялык корпус үчүн кадрларды тандоо - бул абдан кылдат, сапаттуу, адилет тандоо болушу керек. Судьяны кызмат ордуна өмүр бою иштөөгө тандоого талап абдан күчтүү болуп, талапкердин киреше жана чыгашалары жөнүндө декларацияларын, ишинин сапаты менен адеп-ахлагын катуу текшерүү менен коштолушу керек. Анын негизинде кесиптик моралдык принциптери жогору болгон судьялык корпус түзүлүшү керек»,-деди мамлекет башчы.

Кыргызстанда бир эмес, эки жолу бийлик алмашууга алып келген башкы себептердин бири так ушул сот акыйкаттыгына болгон нааразылык эле. Ошондуктан улам жаңы келген бийлик ушул соттордун башка бийлик бутактарына көз карандылыгын жоюп, эгемендигин чындоо, судьялардын катарын коррупциядан тазалоону биринчи кезекте убада кылышкан.

Сот реформасына арналган толтура жыйындар болду, бирок биринен да майнап чыккан жок.

Сүрөттүн булагы, President.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сот реформасына арналган толтура жыйындар болду, бирок биринен да майнап чыккан жок.

Бирок сот акыйкаттыгы кыргыз коомунда ишке ашпаган куру декларация болуп жатканын президент дагы өзү бүгүнкү сөзүндө мойнуна алгандай. Ушул жыйындын алдында президент өзүнүн аппаратындагы соттордун куратору атыккан адамды кызматынан алып, коомчулуктун көптөн бери коюп жаткан талабын аткарды.

Бул чечимдер президенттин мурдакы башкаруучудан айырмаланып, сот акыйкаттыгынын деңгээлине карата башкача объективдүү көз карашта экенин көрсөтүүдө. Экс-президент Алмазбек Атамбаев убагында өлкөдө акыйкаттык менен мыйзамдуулук принцибине негизделген улуттук сот системасы түзүлдү деп 2017-жылы мактанып жар салган эле.

Эми жарандык коом жаңы президенттин өзүнөн дагы башка чечкиндүү жүрүштөрдү күтүп жатканын айтууда. Эң оболу сөз мурдакы режимдин учурунда ак жеринен айыпталып соттолгон, "саясий туткун" аталган отуздай саясатчынын ишин кайра адилет кароо жөнүндө болуп жатат. Президентке бул маселеде өтө кылдаттык керек болууда, анткени саясий жол кайрадан эле кийлигишүүгө барабар иш болуп калат, ошондуктан акыйкат чечимдер укуктук гана жолдо жатат дешет.