"Эңшерилген экономика, түбү түшкөн казына": президент аткаруу бийлигин колуна алды

Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, Official

Министрлер кабинетинин төрагасы катары Улукбек Марипов бүгүн алгачкы жумушчу кеңешмесин өткөрдү. Шаршембиде президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин алдына бир катар антикризистик милдеттерди койгон эле.

Жаңы Баш мыйзамга ылайык, президенттин жарлыгы менен 5-майда Кыргызстанда министрлер кабинетинин жаңы курамы бекитилди. Жалпысынан мурунку өкмөттүн курамы сакталып калды. Жалгыз Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кызматынан алынып, анын ордуна Болотбек Купешов дайындалды. Жаңы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министрлиги жана Санариптик өнүктүрүү министрлиги пайда болду.

"Бүгүн биз аткаруу бийлик бутагынын органдарынын тарыхында жаңы баракты ачуудабыз",- деди Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүнкү жыйында.

Улукбек Марипов

Сүрөттүн булагы, Official

Буга чейин көндүм болуп калгандай жаңы министрлер кабинети парламентте ант берген жок. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, министрлер кабинетинин курамын жана төрагасын президент өзү аныктайт, төраганы иштен алып, министрлер кабинетин да отставкага кетире алат.

Буга чейин Конституцияга ылайык, өкмөттүн отставкасын Жогорку Кеңеш кабыл алчу.

"Президенттик башкаруунун кириши жана жаңы Баш мыйзамдын кабыл алынышы менен башкаруу системасында өтө маанилүү өзгөрүүлөр башталып жатат. Эң негизгиси, элдин ишеничин, мандатын алган президент аткаруу бийлигин өзү башкарганы калды. Указы менен министрлер кабинети түзүлдү. Муну менен биз эмнеге жетишебиз? Эң эле биринчи жоопкерчиликтүү бийлик пайда болот. Президент башкарып жаткан аткаруу бийлиги эми эч кимге шылтоо, колко кылбай өзүнө алган жоопкерчиликти жана укукту да колдонушу керек. Экинчиден ар бийлик бутагы өз ишин жасаганга шарт түзүлүп жатат. Парламент мыйзамдарды кабыл алышы керек. Соттор дагы өзүнчө чындап бийлик бутагы болгонго шарттар түзүлүп жатат", -деди саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев.

5-майда жаңы Баш мыйзамга кол коюп жатып, президент Садыр Жапаров аткаруу бийлиги алдындагы экономикалык эң биринчи кезектеги милдеттерди да тизмектеп өттү.

Өлкө башчысы пандемия шартындагы азыркыдай экономикалык оор кырдаал жана кризистик жагдай буга чейинки бир дагы президенттин шыбагасына жазылган эмес, деп айтты. Ошондой эле абалдан чыгуу үчүн креативдүү экономика жана санарипке басым жасоого чакырды.

"Эңшерилген экономика, түбү түшкөн казына, ал тургай казынаны 20 миллион дефицити менен кабыл алдым. Былтыр мамлекетибиз үчүн абдан оор жыл болду. ИДПнын өсүшү дээрлик 9% төмөндөдү. Бул акыркы жыйырма жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч. Бюджет мурдагы жылдарга караганда үч эсеге өсүп, ИДПга карата 3% түздү. Тышкы карызыбыз ИДПга карата 58% түзүп эң эле опурталдуу чекке жетти", -деди Садыр Жапаров элге болгон кайрылуусунда.

Ал тапта конституциялык реформага башынан эле каршы болуп келген саясий күчтөр, өлкөдө бийлик бир колго топтолуп, бийлик бутактары арасындагы баланс бузулуп жатканын айтып жатышат.

"Реформа" саясий партиясынын өкүлү Бурул Усманалиева президент аткаруу бийлигин да өз карамагына алып жатканы менен, ага толук жоопкерчиликти министрлер кабинетинин төрагасы менен бөлүшүп жатканы суроо жаратып жатат дейт:

Бурул Усманалиева

Сүрөттүн булагы, Social media

"Президент өлкөнүн тышкы саясатына жооп берет, коопсуздук, чек аралар дагы президенттин жоопкерчилигине кирет. Эми ага кошумча аткаруу бийлигин да өзүнө алуу бул абсурд. Өкмөт деген бул - башкаруу, менеджмент, чарба деген суроо. Президент толук аткаруу бийлигине жооп бере алат деп көзүм жетпей турат. Анткени кабминдин башчысы башка бирөө болсо, анда ошол эле киши кайра айыптарга жоопкерчиликтүү болуп калат. Башкача айтканда мактоо болсо өзүнө ыйгарат, жаман жерлерине ошол кишини күнөөлөп эл алдына чыгарат".

Ал тапта буга чейин иштеп келген өкмөттүн отчету болобу деген да суроолор көтөрүлүүдө. Себеби, Улукбек Марипов жетектеп, техникалык эсептелген мурунку өкмөт, жаңы Баш мыйзам күчүнө кирери менен автоматтуу түрдө отставкага кетти.

Жаңы министрлер кабинети өзүнүн мындан аркы негизги багытын экономикалык стабилдүүлүктү камсыздоо, инвестицияларды тартуу жана коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү деп аныктады. (EK)