Анклавга кеткен жол жөнүндө жоромолдор

Кыргыз президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча эң көп талкууланган маселе Өзбекстанга караштуу Сох анклавы жөнүндө болуп жатат. Кыргызстан бул анклавга жол ачып бермей болду деген кабар тарап кетип талкууланып аткан чакта, аны төгүндөгөн расмий билдирүү тарады.
Ташкенттеги сүйлөшүүлөрдү эки тарап эң жакшы маанайды аякташты. Көп маселе сүйлөшүлүп, анын жыйынтыгына эки тарап тең абдан канааттанганын билдиришкен.
Бирок чек ара боюнча алгач тараган расмий маалыматка социалдык медиада реакция курч болду. Кыргыз бийлигинин дарегине толтура сын жаады.
Анын себеби, өзбек тарап Үңкүр-Тоону талашпай турган болду, кыргыз тарап Сох анклавына авиа каттам жана транспорт жолун ачмай болду деген маалымат эң биринчи кыргыз президентинин басма сөз катчысынан тарады. Бирок көп өтпөй анын ордуна башка маалымат жарыяланды. Бирок биринчи маалымат боюнча божомол-жоромол коштогон талкуу күчөп кеткендей болду.
"Эч кандай коридор жок"
Кыргызстан Өзбекстандын Сох анклавына коридор бермей болду деген маалыматты Өкмөттүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Субаналиев расмий түрдө төгүнгө чыгарды:
"Мунун баары калп, эч кандай коридор жөнүндө сөз болгон эмес. Мурун Бакиевдин убагында ошондой сөз болгонун биз дагы билебиз. Бирок мамлекет ага эч кандай барбайт. Биз пандемия убагында жабылган постторду эле кайра ачып атабыз. Биз чынында эле шарт түзүп беришибиз керек. Фергана өрөөнүнө бараткан биздин жарандар үчүн дагы шарт түзүп атабыз. Транзиттик Сохко бараткандарга дагы шарт түзүп атабыз. Ошондой Лейлектеги постторду дагы ачып атабыз. Чек арадагы сооданы күчөтөлү деп атабыз".
Сох анклавына жол ачуу же коридор ачуу кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрүндө эң башкы маселе болуп келген. Өзбек тараптын коридор ачуу жөнүндөгү сунушуна кыргыз өкмөтү макул болгон эмес. Бирок 2001-жылы кандайдыр бир жолу каралып, тийиштүү меморандумга кол коюлуп, убагында бир топ чуу болгон эле. Кыргыз тарап коомчулуктун кысымынан улам берген сунушун дароо кайрып алган.

"Эч качан ишке ашпай турган документ"
Ал меморандумдун айланасында дагы толтура божомол-жоромол пикирлер токтобой келатканы белгилүү. Анын так чоо жайын Би-Би-Сиге убагында чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын башчысы Саламат Аламанов мындай айткан эле.
"Эгерде Сохко коридор бере турган болсок, биздин Баткен району менен Лейлек району анклав болуп калат. Меморандум деген маселени да азыр айрым учурда чайкоочулук кылып жүрүшөт. Бул меморандумду жазганда биз терең ойлонуп туруп, аткарылбагыдай кылып даярдаганбыз. Ага атайын ошондой мазмундагы сөздөр кошулган. Ал кандай сөз эле? Коридор үчүн бериле турган жердин ордуна сапаты жана аянты да бирдей жер берилсин деп жазылган. Мен географ катары айта алам андай дал келген жер дүйнөдө табылбайт. Андай болушу мүмкүн эмес. Мен барганымда кана таап бергилечи ошондой жерди деп айткам. Эч ким таап бере алган жок да. Меморандумга ушул сөз кошулуп жатканда Жураев деген вице-премьер-минстр түшүнөт экен. Ал ошондо, "Эй бул эч качан ишке ашпай турган документ болуп атат" деп секирип кеткен. Мен биздин талап ушул деп жооп бергем".
Кыргызстандын аймагында Өзбекстанга тийиштүү төрт анклав бар. Анын эң чоңу - Сох. Жыйырма жылдан ашык убакыттан бери Ташкент Сох анклавына коридор ачуу керек деп маселе коюп келатат.
Кыргыз тарап коңшусу жол ачтырып эле тим болбойт, коридор менен кошо андагы жер менен суу алардын ээлигине өтөт деп чочулайт.
Ошол эле убакта Өзбекстандын аймагында Кыргызстанга тийиштүү Барак деп аталган анклав бар. Эки тарап анклавдардын тагдырын чечүү жөнүндө алигиче мунасалуу бүтүмгө келе элек сыяктуу. Россиялык эксперттер бул татаал маселени Россия, АКШ, Казакстан кошулган беш тараптуу комиссия карасын деген сунуш бергендери белгилүү, бирок аны Кыргызстан четке каккан.
Бул темада соңку жолу Ташкентте эки президенттин ортосунда сөз болду, алар анын жыйынтыгында чек арадагы талаштуу жерлерди тактоону үч айдан кеч калбай бүтүрүү жөнүндө бүтүм болгону расмий айтылууда. Бул чечим көп жылдардан бери чечилбеген анклавдарга канчалык тийиштүү, анын жообу дагы эле так болбой турат. (КC)










