Садыр Жапаровдун инаугурацияга камылгасы жана санаасы

Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, Social media

Кыргызстанда жаңы шайланган президенттин ант берүү салтанаты 28-январда болот деген расмий кабар жарыяланды. Садыр Жапаров премьер-министр кызматын тапшырды, өкмөт отставкага кетти.

Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү салтанатын Улуттук филармонияда өткөрүү чечилген маселе. Азыркы убакта бул маданий имаратта инаугурацияга даярдык иштери жүрүп жатат. Кире бериштен тартып ичине салына турган килемдерди тандап, бир сыйрасын салып көрүп жаратпай кайра алып кетишти. Ошондой эле күнүгө Улуттук гвардиянын жоокерлери келип, бир-эки сааттан машыгуу өткөрүп кетип жатышат.

Азыр Кыргызстанда эле эмес, бүт дүйнөдө бапырап көп мейман чакыра турган убак эмес. Ковид коркунучу жакадан алып турганда чоң салтанат өткөрүү оңой болбойт. Тыштан келе турган меймандар үчүн тийиштүү деңгээлде санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталган шарттар түзүлүүгө тийиш. Кирген-чыккан баарын вируска текшербесе болбойт. Ошондуктан келе турган меймандар деле чектелүү санда болот деп жатышат.

Президенттик жарышта он жети талапкердин ичинен Садыр Жапаров добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын дээрлик 80% колдоосуна ээ болду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президенттик жарышта он жети талапкердин ичинен Садыр Жапаров добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын дээрлик 80% колдоосуна ээ болду.

Мурдараак бир коңшу өлкөнүн мурунку президенти менен боордош өлкөнүн президенти келиши мүмкүн деп агенттиктер жазып чыккан. Бирок анын расмий такталган маалыматы жок. Алардын келишине тоскоолдук жарата турган себептер бир эле пандемия менен байланыштуу эмес.

Президенттердин бирин чакырып, экинчисин чакырбай койгон саясий жактан туура эмес болуп калат. Ошондуктан сырттан бир да өлкөнүн башчысы чакырылган жок.

Ошондо да келе тургандарын коштогон, кайтарган кишилери менен баарын тосуп алыш үчүн өзгөчө коопсуздук чараларын көрүш керек, ошончо көп каражат кетет.

Азыр экономикасы эңшерилип турган бул өлкөнүн казынасында каражат каат болуп турганда күтүрөп мейман тосуу оңой болбойт. Инаугурацияга 15 миллион сом жумшаларын бүгүн президенттик аппараттын башчысы Сүйүнтбек Касмамбетов билдирди.

10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо он жети талапкердин ичинен дээрлик 80% добуш менен Садыр Жапаров жеңишке жетти. БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын 20-январда жарыялады.