УКМК: Райым Матраимов 2 миллиард сом чыгымды төлөгөнгө даяр

Сүрөттүн булагы, official
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти "Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кылмыштуу иш аракеттеринин жыйынтыгында республикалык бюджетке алдын ала 2 миллиард сомго жакын чыгым келтирилгендиги аныкталганын" билдирди.
"Р.Матраимовдун күнөөсүн аныктаган далилдердин негизинде, ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (коррупция) боюнча кылмышка шектүү экендиги тууралуу билдирме берилген. Белгилей кетсек, Р.Матраимов тергөө менен кызматташа тургандыгын айтып, Кыргыз Республикасынын бюджетине келтирген, жогоруда айтылган сумманы толугу менен атайын түзүлгөн графиктин негизинде 2020-жылдын ноябрь айынын аягына чейин төлөп берүүгө даяр экендигин билдирди. Аны менен катар алгачкы 80 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын УКМК депозиттик эсебине которду. Бүгүн Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан Р.Матраимовдун тергөө менен кызматташтыкка барганы жана келтирилген чыгымдын бөлүгүн төлөгөндүгүн эске алуу менен анын баш коргоо чарасы каралат. УКМК Бажы органдарындагы коррупциялык схемалардын башка катышуучуларын аныктап, мамлекетке келтирилген чыгымдарды кайтаруу чаралары менен бирге жоопкерчиликке тартуу багытындагы иш аракеттерин улантат",-деп айтылды мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.
Бүгүн түшкө жуук Райымбек Матраимов коррупция фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү ишинин алкагында кармалып, УКМК имаратына алып келингени айтылган. Анын УКМК имаратына жакын жердеги май куючу жайдан кармалганы, коопсуздук кызматына өзү келгенби деген күмөнсүнгөн пикирлерди да жаратты.
Атайын кызмат "Мамлекеттик бажы кызматында 2016-жылдан тарта азыркы күнгө чейин төраганын мурдагы орун басары Р.Матраимов тарабынан, жана бир катар кызмат адамдары тарабынан коррупциялык схема иштеп турганы" айтты. Анын эсебинен "мамлекеттик казына ири өлчөмдөгү зыянга учураганы" белгиленген эле.
"Райым миллион" деп элге кеңири таанылган Райымбек Матраимов бажы кызматында көп жыл иштеген. Ал 2017-жылдын ноябрь соңунда кызматынан алынган. Анын ысымы коррупция боюнча бир нече журналисттик иликтөөлөрдө аталган. Бирок бул дооматтарды четке кагып келүүдө. Аны жоопкерчиликке тартуу талабы менен Бишкекте митингдер өткөн эле.
Буга чейин Улуттук коопсуздук кызматы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жанында жүргөн жана бул тармактагы коррупциялык схемаларга аралашкан 40 киши аныкталганын билдирген.

"Учурда КР УКМК тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Р.Матраимов жана башка кызматтык адамдар тарабынан түзүлгөн коррупция фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.Тергөө органдары тарабынан Р.Матраимовдун жакын айланасына кирген жана жогоруда айтылган коррупциялык схемага тиешеси бар 40ка жакын адам аныкталды. Азыркы тапта алардын жүргөн жери аныкталды. Ошол эле учурда алардын коррупциялык схемага канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендигин тактоо боюнча активдүү иш аракеттер жүрүп жатат",-деп айтылган УКМК тараткан билдирүүдө.(AbA)









