Журналисттик иликтөө: "Президент тиешем жок деген жооп менен чектелди"

Сүрөттүн булагы, kloop.kg
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
"Азаттык", Kloop жана OCCRP (Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө долбоору) биргелешип жасаган Кыргызстандан чыгарылган миллиондор, мыйзамсыз соода схемалары боюнча иликтөөгө президенттик аппараттан жооп беришти. Күч органдары үн ката элек.
Депутаттар күч органдарын чара көрүүгө чакырууда.
Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева тараткан билдирүүсүндө "Президент Сооронбай Жээнбековдун Х.Абдукадыр менен чогуу бизнес-долбоорлору болгон эмес жана жок экендигин расмий билдиребиз" деди.
Стамалиева мындай деп кошумчалады: "өлкөнүн шайланган Президенти С.Жээнбековдун инаугурациясын уюштуруу иштери, анын ичинде чакырылгандардын тизмесин түзүү жана отургузуп, жайгаштыруу маселелерин толугу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин, тактап айтканда А.Атамбаевдин Аппараты тескеген. С.Жээнбековго бөлүнүп берилген орундар чектелүү болгондуктан, ал туугандарын гана чакырган".
Журналисттик иликтөөдө Кыргызстандан өткөн мыйзамсыз соода схемасы, акчаларды чыгарып кетүүдө негизги киши болгон Х.Абдукадырдын Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясында отурган сүрөтү көрсөтүлгөн.

Сүрөттүн булагы, president.kg
Президенттин расмий сайтына илинген маалыматтын аягында материалда келтирилген жагдайларга көңүл бурулары, укук коргоо органдары андагы жүйөлөрдү эске алары кошумчаланган.
"Коомдук иликтөө институтунун" жетекчиси Рита Карасартова президенттик аппарат президенттин өзүнө тиешелүү учурлар боюнча гана жооп берип, актангандай билдирүү таратуу менен чектелгенин сынга алды.
"Биздин тиешебиз жок деп гана жооп беришти. Тиешеси болгонбу же жокпу - ал азыр тарых. Атамбаевдин учурунда эмне болгону мага маанилүү эмес. Ал эми бүгүн кадрлардын ким менен байланышы бар, алар кайдан келгени маанилүү. Мамлекетибиздин эртең эмне болоору мени абдан ойго салды. Бүгүн прокуратуранын 95 жылдыгында президент сүйлөй турган эң ылайыктуу жер болчу. Укуктук бааны берчү негизги орган ошолор. "Эй, силер эмнени карап жатасыңар? Бул жагдай иликтенет" деп койсо сүйүнүп калмакпыз", - деди Карасартова Би-Би-Сиге.
Иликтөөдө айтылган маселелер боюнча күч органдары үн ката элек.
Жогорку Кеңеште "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев Башкы прокуратурага кат менен кайрылып, журналисттик иликтөөдө айтылган жагдайларга укуктук баа берүүнү сурады.
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов кечиктирилбестен чоң иликтөө жүрүш керек, керек болсо аны президент жетектеш керек деди Би-Би-Сиге:

Сүрөттүн булагы, kloop.kg
"Президент шайлоо алдында да, азыр да приоритеттеринин бири - коррупция менен аёсуз күрөшүү экенин айтып келатат. Коом ошону күтүп жатат. Бүгүнкү окуядан кийин президент, өкмөт, парламент унчукпай койсо, анда эл бийлик коррупцияга белчесинен батыптыр деген бүтүмгө келет. Бул жолу президент демилгени өзү көтөрүп, иликтөөнүн башында туруш керек деп ойлойм. Массалык маалымат каражаттары, жарандык коом, саясий топтор муну көзөмөлгө алыш керек. Ал эми президент башында турса объективдүү иликтенет".
Стамбулда өлтүрүлгөн аты Кыргызстандагы мыйзамсыз акча жүгүртүүлөргө байланыштырылган Айэркен Саймаитинин өлүмүн изилдөө боюнча депутаттык топ түзүлдү. Шыкмаматов ал топтон депутат Искендер Матраимов чыгарылыш керек деди.
Ал эми депутат Жанарбек Акаев депутаттык топко ишеним жок экенин белгилеп, бажыга тиешеси жок, түрдүү тараптарды кошкон көз карандысыз комиссия түзүлүп, иликтөө жүрсө, бул мыйзамсыз каналдар буулат деп эсептейт.
"Бул иликтөө өз ара тирешкен саясий топтордун чырагына май тамызышы мүмкүн", - деп жазды ал Фейсбуктагы баракчасына.
Ал эми КСДП фракциясынан депутат Абдывахап Нурбаев Жогорку Кеңешке бардык жоопкерчиликтүү органдар чакырылыш керек деди.
"Күч органдарын чогултуп, мамлекеттик деңгээлде иликтөө жүргүзүш керек. Коомчулук талап кылып жатат. Демек, майнап чыгарыш керек. Өкмөттүн реакциясы кандай болорун карап туралы. Парламент да жалпы жыйында сөзсүз талкуулайт", - деди Нурбаев Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн булагы, kloop.kg
Президенттин басма сөз катчысы бүгүнкү билдирүүсүндө ал кытай ишкери Хабибула Абдукадыр менен 2012-жылы Ошто инвестициялык форумда таанышканын, кийин анын Атамбаев менен мамилеси кандай өнүккөнүн президент билбей турганын айткан.
Ал эми мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 2019-жылы июнда түрмөдөн билдирүү таратып, Хабибула Абдукадырды 2017-жылы декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун өтүнүчү менен кабыл алганын, ал президенттин күзөт кызматкерлери менен келгенин жазган.
Ал тапта маалымат каражаттары жазгандай, депутат Искендер Матраимов журналисттердин акыркы иликтөөсү да фактысы жок экенин, издөөдө жүргөн шылуунга негизги булак катары таянганын айткан. Депутат иликтөөдө аты аталган Бажы кызматынын мурдагы жетекчи орун басары Раимбек Матраимовдун бир тууган агасы.
"Азаттык", Kloop жана OCCRP 21-ноябрда тараткан иликтөөдө Кыргызстандан бир нече жыл ичинде мыйзамсыз жол менен 750 млн доллар чыгарылганы, күңүрт соода схемалары түзүлгөнү, бажыдан каражаттар кымырлганы тууралуу баяндалат.








